Дыйкандар үчүн күйүүчү май маселеси чечилүүдө

Жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшү жана дыйкандар кездешип жаткан бир катар маселелер тууралуу айыл чарба министри Төрөгул Беков “Азаттыкка” маек курду.
“Азаттык”: Сиз өткөндө парламентте күйүүчү, майлоочу май менен айыл чарбасынын 46 пайызы жабдылганын айткансыз. Калганы качан келет?

Төрөгул Беков: Бизге жазгы талаа жумуштарына 40 миң тонна дизелдик отун керек. Азыркы күндө бизде 18 миң тонна бар. Бул май келүү токтоп калса деле, алдыңкы он-он эки күнгө май бар дегенди түшүндүрөт.

Биз нефтетрейдерлер менен сүйлөштүк. Бажы төлөмү алынгандан кийин бизге азыр интенсивдүү түрдө дизелдик отундар кирип жатат. “Газпром нефть Азия” деген жеке ишкана апрель-май ичинде 18 миң тонна дизел отун алып кирерин айтты. 50 миң тонна бензин алып келишет экен. Мунун дизел отуну 30-32 сомдон болот. Бензин болсо 33 сомдун тегерегинде болот.

Мындан тышкары калган жеке нефтетрейдерлери бар. Алар апрель-май ичинде 90 миң тонна дизелдик отун, 200 миң тонна бензин алып келебиз дейт.

Чын эле ушул аптада күйүүчү май маселеси болуп калды. Себеби эл бажы төлөмү алынабы, алынбайбы деп күтүп жаткан эле. Кайсы баа менен алып келебиз деген суроо туруп калды. Ошондуктан бир жума бир аз тартыш болуп калды. Бирок жети-сегиз күйүүчү май ташуучу ишканалар бүгүнкү күндө тынымсыз алып келип жатышат.

“Азаттык”: Демек, тартыштык болбойт деп ишендиресизби?

Беков: Тартыштык болбойт.

“Азаттык”: Эл ичинде күйүүчү-майлоочу майлар жең ичинен сатылып жатат деген күдүң сөз аябай эле көп жүрөт. Ким көзөмөлдөйт?

Беков: Ооба, биринчиден сөздөр бардык жерде болот. Ушак ар жакта болот. Өкмөт мурдагы жылдан баштап жети жарым миң литр дизелдик отунду 25 сомдон берип жатат. Ал эми дыйканга келгиче 26 сом, алыскы райондордо 27 сомго чейин чыгышы мүмкүн. Бирок мындан өйдө чыкпайт. Учурда жети жарым мин литрдин сексен пайызын бердик. Калганын бир аптанын ичинде алыш керек.

“Азаттык”: 27 сомдон сатылат деп айтып жатасыз. Бул бааны ким тескеп, ким көзөмөлдөп жатат?

Беков: Өкмөт жактан бизде мамлекеттик резерв бар. Алар 25 сомдон берип жатат. Ал жактан айыл өкмөт, аким, губернаторлор көзөмөлдөйт.

“Азаттык”: Дыйкандарга кредит берүү тууралуу кеп кылалы. 9 пайыздык кредит берүү иштери уланып жатабы? Канча дыйкан алды?

Беков: 7-апрелге карата бизде 194 миллион сом берилди. Күндөн күнгө көбөйүп жатат. Бир-эки күндө он-он эки миллион сомдон берилип жатат. Ойлоп жатабыз. Бул бир миллиарддын ичинен жазгы талаа жумуштарына 50 пайызга чейин берилсе, 25 пайызын муну өстүргөнгө, 25 пайызын дүңдү топтоп алганга жумшалат. Ошондуктан ойлоп жатабыз, жазгы талаа жумуштарына 400-450 миллион сомго чейин берилет.
Чын эле ушул жумада күйүүчү май маселеси болуп калды. Эмне дегенде, элдер бажы төлөмү алынабы, алынбайбы деп күтүп жаткан эле да. ...

“Азаттык”:
Дыйкандар толгон-токой кагаз топтогуча айдоо-себүү маалы өтүп баратат деп жатышат. Кредитти эртелеп, кыш оогон кезде эле берип баштаганга эмне үчүн болбойт? Документ топтоону жеңилдетүүгө мүмкүн беле?

Беков: Абдан туура суроо болуп жатат. Биз банктар менен сүйлөштүк. Бардык документтерди алып салып, азыр паспорт, нике тууралуу күбөлүк жана күрөөгө койгон буюмунун документ эле керек. Бирок канча жолу кыскартса, ошончолук сөз болуп жатат да. Бир топ эле азайтып ийбейби деп. Бирок 94-96-жылдары канча бир миллиард сом берилди, кайра кайтарылган жок.

“Азаттык”: Бир айылдагы орточо дыйкан канчадан насыя ала алат?

Беков: Насыя үчүн берилген бир миллиард сомдон, 50 миңден 200 миңге чейин ала алат. “Айыл Банк” менен “Эсеп-сактык Банк” банкка кайрылса алат.

“Азаттык”: Кредиттин көлөмү ал дыйкандын канча жери бар экенине көз каранды болбойбу?

Беков: “Айыл” менен “Эсеп-сактык Банк” беришет. Күрөө коюп, үйүн коюп, малын, техникасын коюшат. Анан кийин эки-үч күн ичинде ала алат.

“Азаттык”: Рахмат.