Тепшиге байланган тагдыр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда майып балдарын коомго аралаштыруу ата-энелер үчүн оор маселе. Майып балдар дарыланууга, өкмөттөн каржылык колдоо жана билим алууга укуктуу экендигин бардык эле ата-эне биле бербейт. Ушундай үй-бүлөлөрдүн бири Ысык-Ата районунун Эпкин айылында жашайт. Алты жаштагы Нуржигит эс тарткан сайын майып болуп калганына өзүн күнөөкөр сезип, чүнчүй баштады.