97 жаштагы Катча энеден Нооруздун таржымалы

Катча Аманова

97 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну Катча Аманова Нооруз майрамынын мындан токсон, сексен жыл мурдагы маанисине токтолду.
Маекти толугу менен бул жерден угуңуз.



- Катча эне саламатсызбы? Нооруз майрамыңыз менен! Сиз ушул жылды эсептегенде канчанчы Ноорузду өткөрүп жатасыз?


- Токсон жетиге чыктым. Канча Ноорузду өткөргөнүм эсимде жок, балам.

- Мындан кеминде эле токсон жыл мурда, сиз секелек кезде Ноорузду кандай майрамдачу элеңиздер?

- Эл топтолуп, мал союп, кудайы кылчу эле. Үйлөрдү көтөрүп, жаңылап, кыргыз үйдө жашайт элек. Ошол үйгө элдер келип, мына жаз болду, жаңы жылдын кириши эски жылдын чыгышы деп, жыл ажыратабыз деп, топтолуп, топтолуп, кудайы кылат эле да. Келин-кызды топтоп, күчү жеткендери сүмөлөк кылат эле. Күчү жетпегендери жөн эле өткөрөт эле.

- Сүмөлөктөн башка да тамактар даярдалчу беле?

Сүмөлөк

- Мал союлуп, тапкан ташыганына аш жасап, дасторкон түзөйт эле. Колунан келгенин жасачу. Каттама кылабы, башка оокаттарды кылабы, беш бармак кылабы, айтор тапканын кылат эле да.

- Токсон жыл мурда Нооруздун мааниси кандай эле? Азыркы менен айырма барбы?

- Азыр башкача кылып жатат. Азыр мурункудан өзгөчөлөнүп сүмөлүктү үй-жайынан эле кылып жатышат. Көпчүлүк болуп алып да жасап жатышат. Мурун анда-санда эле сүмөлөк кылат эле.

Мурда кыргыз үйдө жашайт элек, короолорду, үйдүн ичин тазалачу элек. Бар-жоктун баары таза болсун деп, кир-куштарын жууп жаңылайт эле да. Азыр эми ошондой шарак-шурак оюн жок. Ал убакта жаш-жалаңдар ойношот эле.

- Оюн демекчи, жаш кезиңизде Нооруз күнү кандай оюндар ойнолчу эле?

- Жаш-жалаңдар өзүнчө отуруп, келин-кесек, жаш жигиттер болуп отуруп, кур таштамай деген оюн ойнолчу. Чарчыны эшип-эшип алып, секин уурулукча аркасына кур таштап коюп, ана тегеренчү элек. Билбей калганда алып алып урчу эле. Ошондой ойночу эле да. Анан селкинчек тебишчү. Иши кылып үйлөрүн кагыштырып жакшы болоор эле.

- Ак чөлмөк ойночу белеңиздер?

Кыз куумай

- Ошо, ак чөлмөк, анан дагы бир балээ дечү эле. Эсимден чыгып калды, балам.

- Жаштар ойноп жатканда аксакалдар эмне кылчу эле?

- Аксакалдар бир үйдү жасап алып, аш жеп, гөш жеп отурат эле да. Комузду черткени болот эле. Анан кийин жаш келиндер көбүнчө ооз комуз кагат эле.

- Совет мезгилинде эмне болуп Ноорузду белгилебей калдыңыздар? Тыюу салганына карабастан тымызын майрамдасаңыздар керек?

- Анда-санда уурулукча бир үйдө кылбаса эле, андай эч нерсе жасалбай калган. Анан уруш башталып кетти (авт. 2-дүйнөлүк согуш). Эч нерсе болбой эле калган. Анан мобу Кыргызстан өзүнчө болуп калгандан бери, ушундай кайра башталып калды.

Ал убакта жаман тыюу салат эле. Орозону да туттурбай койгон го. Эскиче дин болду деп, орусчасына айланып кеткен. Эми бара-бара эл динге келип, ынсап болуп калды окшойт.

- Жылдын башаты, жаңы күн делген бүгүнкү Ноорузда элге кандай каалооңуз бар? Батаңызды берип кетпейсизби?

- Жакшы каалоом бар. Элиңер тынч болсун. Бала-чаканын өмүрлөрү узун болсун. Асманы ачык болсун. Эл ичинде ынтымак болсун. Уруш көрбөсүн. Жакшылык заман болсун. Балдар өнүгүп, өссүн. Жамандык көрбөсүн. Менин батам ушул.

- Рахмат, ден-соолукта болуңуз!

P.S.
Маектештин сүйлөө ыкмасы сакталды.