Быйылкы Нооруз Ош шаарында бир күн мурда “Кадыр түн” аттуу салтанат менен башталды.
20-мартта мэрия борбордук аянтта концерт уюштуруп, андан ары “Сүйүү багы” комплексинде сүмөлөк бышырылды. Майрам Нооруз күнү да уланды.
Ноорузга карата Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык, спорттук иш-чаралар өттү. Ал эми "Ак-Кула" ат майданында республикалык көкбөрү таймашы болду.
Финалдык оюнда Оштун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары беттешип, жеңишти таластык оюнчулар алып кетти.
Мелдештин байге фонду 800 миң сомду түзду. Баш байгеге 400 миң сом берилди. Ал эми 2-орунга 200 миң, 3-орунга 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
3-орунду Сокулуктун "Биримдик Аю" командасы алды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сыйлык тапшыруу аземине өкмөт башчы Сапар Исаков, президенттик аппараттын башчысы Мухамметкалый Абылгазиев баштаган бир катар жетекчилер катышты. “Мыкты чабуулчу” наамы Манас Ниязовго (“Достук”), “мыкты оюнчу” наамы Мелисбек уулу Нуржанга (“Ынтымак”), "мыкты ат” наамы “Арашан” командасынан “Күрөңгө” берилди.
21-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянты элге толду. Мэрия быйыл Ноорузду белгилөөгө 1 миллион 100 миң сомдой акча коротконун расмий маалымдады.
Бирок майрам жыл сайын эл көрүп жүргөндөй сценарийде эле даярдалды. Адаттагыдай эле улуттук кийимчен секелектер аянтты толтуруп бийлеп, ыр-күүлөр жаңырып, актерлор каада-салттарды сахнага алып чыгышты.
Бийлик өкүлдөрүнөн Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин төрагасы элди барып, сахнада куттуктады. Ошондой эле майрам көргөнү келген элге сүмөлөк таратылды.
Андан тышкары, Бишкекте элчиликтердин майрамдык жармаңкеси уюштурулду.
Борбордук аянтка жакын, Курманжан Датка сейил багынын алдына 20дай чатыр тигилип, түрдүү улуттардын тамак-аштары, буюмдары коюлду. Ар кайсыл элге таандык ыр-күүлөр жаңырып жатты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында кайрымдуулук иш-чарасы ар бир улуттун маданий өзгөчөлүктөрүн гана тартуулабастан, социалдык максатты да көздөйт. Себеби, жармаңке учурунда түшкөн каражат Кыргызстандагы социалдык мекемелерге жардам иретинде өткөрүлүп берилет.
Ушундай эле майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бүт аймактарында белгиленди.
Баткен шаарынын борбордук стадионунда да тамак-аш, кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү уюштурулду. Ага Тажикстан менен Өзбекстандан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишти.
Интернет булактарында майрамдык шаң коштогон сүрөттөр, видеолор жарыяланууда.
Оштогу Нооруз
Жалал-Абаддагы Нооруз
Таластагы Нооруз
Ысык-Көлдөгү Нооруз
Баткендеги Нооруз
Нарындагы Нооруз
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков майрамдык салтанаттарга катышкан жок. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Жээнбековдун куттуктоосун таратты. Анда өлкө жетекчиси жумурай журтту ынтымактуу болууга үндөп, көп улутту элди биримдикте жакшы келечекти курууга чакырган.
Кыргызстандыктарды куттуктап, башка мамлекеттердин президенттеринен мамлекет башчынын атына телеграммалар да келип жатат. Сооронбай Жээнбеков да аларга ушундай каттарды жөнөттү.
Парламент спикери да, өкмөт башчы да куттуктоо каттарын жазышып, алар расмий сайттарга жарыяланды.
Премьер-министр Сапар Исаков өз куттуктоосунда өкмөт илгери сүрөп жаткан “Таза коом”, “Таза жашоо” сыяктуу долбоорлорду дагы бир ирет элдин эсине салды.
Нооруздун дагы бир аты "тазаруу" экенин белгилеген Исаков өкмөттүн бул багыттагы кадамына майрамдын аталышы төп келип турганын билдирди. Өзү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жармаңкесине барып, эл аралап иш-чара менен таанышты.
Нооруздун урматына Бишкектин четиндеги “Кыргыз айылы” улуттук-этнографиялык комплексинде активисттер жарым тоннадан көп боорсок бышырышты. Уюштуруучулар аны муктаждарга таратышарын билдиришти.
“Кыргыз айылы” улуттук-этнографиялык комплексинин аймагында уюштурулган иш-чарада он топко бөлүнгөн кыз-келиндер жарышты.
Жалпысынан 500 килограмм ундан камыр ачытылып, 700 килограмм боорсок жасалды. Мелдеште "Алтын келиндер" командасы жеңүүчү болуп табылды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Перс жана түрк тектүү элдердин негизги майрамдарынын бири болуп саналган Нооруз 21-мартта белгиленет. 2009-жылы ал ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген.
Нооруз жылдын башаты, табияттын жаңыланышы катары сыпатталып, ушул майрамдан соң дыйкандар талаага үрөн себишет.
Соңку жылдары кыргыз коомунда шарият амалдарын кармангандар бул күндү белгилөө мусулманчылыкка туура келбей турганын айтып жүрүшөт. Быйыл да белгилүү диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун ушул өңүттөгү пикири коомдо талкууга түшүп, эки ача ойлорду жараткан.