Ошто токойчулар мрамор казууга каршы

Акарт, Ош.

Ноокат токой чарбасынын кызматкерлери Акарт мрамор кенин казууга каршы болуп жатышат. Мрамор ташты алууга 2017-жылдын июнь айында уруксат берилгени айтылууда.

Ноокат районундагы Акарт мрамор кенинин жалпы аянты 14 700 гектар. Анын 13 миң 500 гектары Ош токой чарбасына карайт. Калганы Ноокат токой чарбасынын карамагында турат.

Ноокат токой чарбасынын токойду коргоо жана сактоо инженери Кылычбек Балтабаевдин айтымында, 14 700 гектар аянтта кеминде 6 500 түп арча өсөт. Анын арасында адам кучагы жетпеген төрт кылым жашаган 53 түп арча бар.

Токойчу Кылычбек Балтабаев эгер мрамор ташты алуу иши башталса, өсүп турган арчалар толугу менен кыйыларын айтты:

Кылычбек Балтабаев

- Бул жерде төрт кылымга жакын өсүп турган арчалар бар. Аларды кыйып, кайра ордуна отургузуу, аны чоңойтуу үчүн бир кишинин өмүрү жетпейт. Мындагы арчалар таштын үстүндө өсүп турат. 100 арча бир чоң шаардын абасын тазалайт. Бул жерде 14 700 гектар жердеги арчанын кыйылып кетүү коркунучу бар. Бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн мамлекет келечек муунга талкаланган жаратылышты тартуулаганы жатат деп ойлойм.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Элеонора Сыдыкова «Алдаяр-Уголь Лимитед» ЖЧКсына Ноокат районундагы Акарт кенин иштетүүгө 2017-жылдын 7-июнунда 2036-жылга чейин уруксат берилгенин билдирди.

- Бардык талаптар аткарылып, мыйзамдуу лицензия берилген. 2036-жылдын июнь айына чейин берилиптир. Уруксат аларда бардык кызматтардан өкүлдөр катышкан.


Акарт кениндеги мраморду иштетүүгө уруксат алган «Алдаяр-Уголь Лимитед» жоопкерчилиги чектелген коомунун Ноокат районундагы өкүлү Таалай Бердикулов ушу тапта ташты алууга байланышкан бардык жумуш токтотулганын билдирди.

Таалай Бердикулов кенди иштетүүгө уруксат аларда ал жердеги арча токою жөнүндө айтылбаганын кошумчалады. «Алдаяр-Уголь Лимитед» компаниясы учурда Акарт кениндеги арча өспөгөн беш гектардай аймакты иштетүүгө уруксат сурап жатканын айтты.

- Азырынча жумуш токтоп турат. Биз уруксат аларда арча тууралуу кеп болгон эмес. Ошол учурда токойчулар макул болушкан экен. Эми арча кыйылбасын деп жатышат. Мыйзамда бир арча кыйылса, анын ордуна 100 арча отургузуу керек деп айтылган. Бул өтө кымбатка түшөт экен. Биз СССР мезгилинде ачылган карьерди, арча жок жерди иштетүүнү суранып жатабыз.

Жергиликтүү тургундар арасында жаратылыш жабыркайт деп кенди иштетүүгө каршы болгондор арбын.

Кен казган компания айылдын турмушун оңдоого көмөк көрсөтүшү керек дегендер да бар. Кайрагач айылынын тургуну Камал Сейитов буларды айтты:

Камал Сейитов

- Эгерде бул ташты иштетсе, бизге жолду оңдоп бериши керек. Көпүрөлөр да бар. Көпүрөдөн өтөм деп машинасы менен кулагандар көп болуп жатат. Мен билгенден эле ушу күнгө чейин 15 адам ушул жолдо каза тапты. Акарт айылына ФАП куруп бериши керек. Жайында бул Акарт айылына 200дөй адам чыгып жашайт. Аларга оорукана керек.

«Алдаяр-Уголь Лимитед» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Таалай Бердикулов мрамор ташты иштетүү башталса, Акарт айылына барчу 35 чакырым жол оңдолуп, беш көпүрө куруларын айтты.

Бирок Ноокат токой чарбасынын кызматкерлери кен иштетүүгө уруксат берилсе, арча токоюна залакасы тиет деген пикирин айтышууда. Кыргызстанда 2030-жылга чейин жаңгак жана арчаны кыюуга тыюу салынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.