Прокурорлор милдетин унуттубу?

Бүгүн "Алиби", "Общественный рейтинг", "Азия ньюс" гезиттери чыкты.

"Алиби" гезити Эдил Байсалов менен Нарын Айыптын "Шоопуруңуздун байлыгынан баштабайлыбы..?" деген маегин жарыялады. Маекти "Сентябрь" телеканалы алган.

Гезитте белгилүү юрист Бабырбек Жээнбековдун "Прокурорлорго сурак болобу?" деген кайрылуусу да жарыяланган. Катта Бабырбек Жээнбеков "И. Жолдубаева айым "Башкы прокуратуранын бирден-бир милдети - эркин маалымат каражаттары менен күрөшүү, аларга олчойгон айыптарды салуу" деп эсептеп калганбы? Бүгүн Жолдубаева баш болгон Башкы прокуратура сөз эркиндиги менен, оппозиция өкүлдөрү менен күрөшүүдөн да маанилүү "өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу" деген башкы милдетин эмне үчүн унутуп отурат?" деген суроо коёт.

"Алибиде" белгилүү коомдук ишмер Турсунбек Чыңгышовдун "Кыргыздар калыс бийликти эңсеп турат" деген маеги жарыяланган. Чыңгышов президенттик шайлоодо жалпы эл калыстыкты алдыга коюп, калыстыкты туу туткан адамдын башчы болушун күтүп жатканын билдирген.

Басылманын жаңы санында академик Апас Бакировдун "Мунай, газыбыз жок" деп эле оозубузду куу чөп менен аарчый бербейли" деген маегине да орун берилген. Академиктин ырасташынча, нефть менен газдын кору Кыргызстанда аз болгону менен, сапаты жагынан эн мыкты графит, волостанит кендери бар, бирок иштетилбей турат. Фарфор таш бар, жездин кобальттын, урандын кени толтура.

Дагы бир окумуштуу Теңдик Аскаровдун ушул эле гезиттеги маеги "Кыргызстанды коррупция жеп жатат" деп аталат. Гезитте Нооманжан Аркабаевдин "Отуз жылдан кийин орногон акыйкаттык" деген макаласы да жарыялданды. Анда милициянын лейтенанты Мелисбек Турсуниязовдун мыйзамсыздыктан көргөн азап-тозоктору, акыры акыйкатка жетиши тууралуу сөз болот.

"Азия ньюс" гезити да Эдил Байсалов менен болгон маегин жарыялады. Маек "Эгер 7-апрелге чейин Максим Бакиев менен жүргөнүмдө, азыр Атамбаевдин оң колу болуп отурмакмын" деп аталат. Гезитте Эмил Узакбаевдин "Бийлик партииясынан президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбеков чыкса деле биз колдойбуз", Азимбек Бекназаровдун "Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаевага окшоп, жоопкерчилиги жок депутат болгондорду жокко чыгарабыз" деген маектери басылган.

Маегинде Азимбек Бекназаров быйыл 17-майда өтчү курултайда Конституцияга Элдик курултай институтун киргизүү маселеси талкуулана турганын билдирген. "Илгери, 1993-жылкы жана андан кийинки Конституцияларда: "Депутаттарды кайра чакырып алуу, президент жыл сайын элге кайрылуу жасап, отчет берип турсун" деген бар эле. Акыркы учурда ошол институт таптакыр жоголду. Биз ошондуктан эл алдында мамлекеттик бийликтин отчеттуулугун камсыздоо максатында аракетибизди кылып атабыз. Чындап эле Конституцияга кирип калса анда Элдик курултай институту абдан чоң саясий коомдук күчкө ээ болуп калганы турат. Мамлекеттик бийлик ошол эл шайлаган президент, эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары жыл сайын эл алдына чыгып, иштери боюнча отчет берип калат. Эгер Курултайда эл аларды "канааттандырарлык эмес" деп тапса, анда автоматтуу түрдө, Конституцияда көрсөтүлгөн тартип боюнча кызматынан четтетилет", - дейт Бекназаров.

"Общественный рейтинг" гезити азыркы өкмөттүн иши тууралуу, жемкорлуктун көрүнүшү жайында белгилүү ишмерлерге суроо узаткан. Суроого жооп берген Болот Шамшиевдин айтуусунда, утурумдук кызматка келген аткаруу бийлик башчысынан кайсы бир жыйынтыкты күтүшү мүмкүн эмес. Саясатчы Бакыт Бакетаев азыркы премьер көп сөз кылбай катуу иштегенин, ишти унчукпай бүткөрүп келатканын белгилеген. Жарандык активист Тимур Саралаевдин пикиринде, өкмөт экономикалык секирик жасай алган жок. Анын залакасы Евразия экономикалык биримдигине киргенде ачык көрүнүп калды, - дейт Саралаев. Ал эми жемкорлук бекем байырлаган тармак катары суроого жооп узаткандар МАИ менен Мамлекеттик мүлк фондун көрсөтүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.