Жер күндү 365 күн ичинде шашпай айланып, сааты келген экен минтип Маймыл жылды узатып отурабыз. Жыл ичинде ар кыл окуялар болду, баарынан да чоң ишеним артып баш баккан Евразиялык экономикалык биримдиктин пайдасына караганда тоскоолу, ийгилигине караганда көйгөйү арбын болду окшойт. Айтса, бул жылы "кол тийгис" деген Баш мыйзамды жаңылап ийдик. Эмдиги жылы шымаланып президенттик шайлоону күтүп турган чагыбыз.
Жалгыз Кыргызстан эмес, жаамы дүйнөнүн болгон жаңылыктарын “Азаттык” эрикпей айтып, колу талбай жазып, анан видеосун тартып көрсөтүп, сайттын барагын ачкандын баарын кабардар кылып келатат. Маймыл жылы “Азаттыктын” сайтына киргендер дагы арбыды, эмдиги жылы деле ушундай байланыш дагы уланмакчы. Жаңы технология доорунун заманбап байланыш каражаттары канатын кенен жайып, угарман менен көрөрмандын, окурмандын талабын эске алган байланышыбыз Тоок жылында "балапанын" арбын чыгарып, тапкан жаңылыктарыбызды тең бөлүшүп, угарман деген улуу журтту баарынан кабардар кылып турмакчыбыз. Ар тараптуу кызыктуу сайт эмдиги жылы деле ушул басыгынан жазбайт деп ишенебиз.
Карааны калың көрүүчүлөр журту, баарыңыздарды "Азаттыктын" жамааты Жаңы жыл майрамыңар менен чын дилден куттуктайт!