Аптаптан кийинки сел айланы кетирди

Араван, Кичи-Алай айылы

Акыркы үч-төрт күн ичинде Кыргызстанда удаа-удаа сел жүрүп, бороон-чапкын орун алды. Кадамжай, Араван, Ноокат, Жумгал, Кочкор райондорунда суу үйлөрдү, жолду, көпүрөлөрдү жана машинелерди алып кетсе, Аксы районунда корголдой мөндүр жаап, талаадагы эгинге зыяны тийди. Бийликтер алдын ала эскертүү берилгенин айтууда.

Араван районундагы Кичик-Алай айылынын тургуну Гүлчехра Жайчыбекованын үйүн кум-шагыл аралаш суу каптаган. Өздөрү араң качып кутулган:

- Жамгыр басылганда сыртка чыксак, дарыя күргүштөп кирип жаткан экен. Уюмду аркандап коюп карасам жогору жактан сел агып келаткан экен. “Качкыла, качкыла” деп кыйкырып калышты. Күйөөм экөөбүз балабызды алдык да, качып чыктык. Уюбузду агызып кетти, үйдү толук каптады. Чоң-чоң таштарды агызган сел экен, жер-суунун баары астында калды.

Аравандын Кичи-Алай айылындагы үйлөр

Ош облусунун Араван районундагы 11-июлда селден беш үй бузулуп, төрт машинаны суу агызып кетти. Кырсык болгон жерде адамдар жабыркаган жок. Үй-жайы бузулгандар үчүн төрт чатыр тигилип, 31 куткаруучу иштеп жатат.

Араван

Буга удаа эле Кадамжайда Охна, Орозбеков айылдарында да ушундай эле сел жүрүп, ондогон үйдү, жол жана көпүрөлөрдү алып кеткен. Райондун акими Жаныбек Исаков аларды тазалоо иштери жүрүп жатканын айтты:

- 13 млн сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Бул азырынча болжолдуу жыйынтык. Он үйдү сел каптаган. Булар толугу менен тазаланды. 77 турак жайдын чарбагына суу кирген, анын 46сы тазаланды, калганы эми тазаланып жатат. Жети километр ички чарбалык жолдорду басып калды эле, анын беш чакырымын тазалап бүттүк. Жети көпүрөбүздүн бетон шакекчелерин агызып кеткен эле, төртөөнү толук алмаштырдык.

Сел алган айылдардын бири

Буга улай эле Ноокаттын Кара-Кой зонасында дарыялардан суу ташып, жолду каптап, жайлоого эс алууга чыккандар кайта албай жатканы кабарланды.

Нарындын Жумгал районунун Кабак, Кызыл-Коргон, Куйручук айылдарында жыйырмадай үйдү суу каптап, бир нече жолду, көпүрөнү ылай-таш басып калган. Андан сырткары айдоо аянттарындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн жана көп жылдык чөбү суу астында калган. Ушундай эле көрүнүш Ак-Талаа жана Кочкор районунда да орун алып, бир нече турак жайларга залал келтирилген.

Соң-Көлгө бараткан жолдо дамбалар керектүү деңгээлде курулбаганы үчүн, суу жолду бузуп, үйлөрдү каптады дейт кочкорлуктардын бири Аязбек Касымов:

- Жолду ДЭУ курмак, көпүрө салып бермек, бирок анын бири да аткарылган жок. Ушу күнгө чейин иш жасала элек. Тосмолор да жараксыз болуп калды. Ошонун айынан каналдан суу ашып, үйлөрдү каптап жатат.

Аксыга түшкөн мөндүр

Ал арада аксылыктар корголдой мөндүр кечип, эки күн бороон-чапкынга кабылды.

ӨКМдин маалыматында, Кызыл-Суу, Авлетим жана Кара-Суу айыл аймактарында нөшөрлөгөн жаан күчөп сел жүргөн. Кара-Суу айыл аймагынын Кожо-Ата, Жүзүмжан жана Чалдыбар айылдарында мөндүр катуу жааганы айтылууда. Талаадагы эгин зыянга учурап, бак-дарактар сынып, ондогон үйлөрдүн чатырлары талкаланган. 20га чукул үйлөргө сел кирген. Бул кырсыктардан улам жүздөгөн үй-бүлөлөр жарыксыз отурууга аргасыз. Көбүнө таза суу берүү да токтотулган.

Бактыга жараша жайкы аптаптагы кырсыктардан адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда кырсыктар орун алган аймактарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтер тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Керектүү техникалар тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Эрнис Дыйканбаев буларга токтолду:

- Быйыл кыш өтө оор болду, кар көп жаады. Күн ысыганда алар эрип, дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, сел коркунучтары көп болорун мурда эле болжолдогонбуз. Биз жарандарды телефон, СМС аркылуу сел коркунучу бар, этият болгула деп эскертип турабыз. Экинчиден, кооптуу участоктордо даяр турууга, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга даяр болууга бардык облустук администрация, район жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алдын ала эскертилген. Азыр деле коркунучтар бар экенин эскертип коюш керек. Эми табият деген табият экен, адам дайыма эле кырсыкты болтурбай кое албайт экен. Колдон келген ишти жасап жатабыз.

Жыл башында кыргызстандыктар ондогон жер силкинүүлөрдү баштан кечирген. Андан бир нече үйлөр жер астында калып, адам курмандыктары орун алган. Эми жайда өлкөнү жаан-чачын сынап жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кадамжайда үйдү кыйраткан сел жүрдү

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.