«Ак шумкардын» маанилүү беттеши

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы «Азаттыктын» студиясында, 16-ноябрь, 2019-жыл.

19-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков стадионунда саат 20:00дө башталат.

Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары беш турдан кийин F тайпасында алтыдан упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн ат салышып келатат.

Эки өлкөнүн футбол боюнча курама командалары өз тарыхында 10 жолу беттешип, үч жолу Кыргызстан жеңишке жетсе, бир жолу тең чыгышкан. Калган оюндарда жеңиш тажик футболчулары тарапта болгон. Бирок ага карабай Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин эртеңки оюнда жеңишке жетүүнү көздөп жатат.

Александр Крестинин.

- Биздин башкы каршылашыбыз - бул биз өзүбүз, - деди ал. - 5-сентябрда Тажикстанда өтө начар оюн көрсөткөнбүз. Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Аябай начар оюн. Эң башкысы - биз ал оюнду талдап көрдүк. Биз башка андай начар оюн ойнобойбуз. Тажикстан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу. Андан бери канча оюн өткөрдүк? Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз. Команда чогуу болгондо техникалык жана физикалык жактан да алдыга жылып жатабыз. Жапония менен болгон оюнга жакшы даярдандык. Баарын оюндан көрдүңүздөр. Азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Биз эң башкысы - упай жоготпошубуз керек. Тажикстандан жеңилгенде нааразылык көп болду. Эртеңки оюнда мунун баарын чечип, жөнгө салыш керек.

Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде жеңилген.

Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев Мьянма менен болгон оюнда упай жоготконуна кейип, ошол эле учурда Тажикстандын тайпадан суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин да билдирди.

Усмон Тошев.

- Тайпадан экинчи орун менен чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Аягына чейин ойнош керек. Биз азырынча башка тайпаларда кандай болорун билбейбиз. Эки командада тең алтыдан упай бар. Тажикстандын да, Кыргызстандын да тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, голдорун саны боюнча Кыргызстандан арттабыз. Бирок мүмкүнчүлүк бар, ойнойбуз, - деди Усмон Тошев.

Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген.

Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.

Спорт журналисти Бакыт Шүкүралиев эки команда үчүн татаал жана маанилүү беттеш болот деп эсептейт. F тайпасындагы экинчи орунга ким чыгаары ушул оюнда билинет.

Бакыт Шүкүралиев.

- Эртең өтө кыйын оюн болот. Айрыкча Кыргызстан үчүн кыйын оюн болот. Анткени, Азия кубогуна чыгуу үчүн болгон тандоо оюндарында тажик футболчулары Кыргызстанга жеңилип, ыза болуп калган. Алар үчүн эң маанилүүсү - ушул тандоо оюндарында тайпадан чыгуу. Өз үйүндө өткөн оюнда да жеңишти камсыздашты. Алар бул беттеште Кыргызстанды сөзсүз жеңүүнү көздөйт. Тажикстан менен Кыргызстан деңгээли жагынан да бирдей командалар. Ошондуктан оюн өтө курч өтөт.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Монголия менен Мьянмада үчтөн упай бар.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. 5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын 2-баскычы 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Ак шумкарлар»: Биздин максат - дүйнө чемпионаты

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.