Нарындагы күзгү жарыш
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Нарын шаарында “Дени сак улут - күз деми” деп аталган марафон эл арасына спортту жайылтуу жана ага ар бир адамдын көңүлүн буруу үчүн уюштурулду. Ага 200дөй адам катышып, жөө күлүктөр жети чакырым чуркашты. Шаардыктар мындай марафонду жыл сайын өткөрүү керек деген демилге көтөрүштү. Демөөрчүлөр колдосо кийинки жылы жаз мезгилинде уюштуруу ниети да айтылды.