Жоголуп табылган Азим, жети жылдык санаа

Нарын (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Нарын шаарынан жоголгон Азим аттуу бала жети жылдан кийин Жалал-Абад облусунан табылды.

Милиция кызматкерлеринин жардамы менен 19-мартта Азим Нарынга келип, ата-энесине жолукту. Жети жылдан бери жоголгон баласын унута албай келген ата-эненин кубанычында бүгүн чек жок. Түлөө өткөрүшүп, үйгө келген кишинин аягы үзүлө элек.

Азимдин апасы Сайкал Курманакунова баласын кайра төрөп алгандай сезимге бөлөнүп, жанынан эч кайда чыгаргысы келбей жатканын айтты:

- Ушул убакка чейин үмүттү үзгөн жокмун. Издебеген жерибиз калган жок. Далай төлгөчүгө бардым. Айрымдары "балаң өлүп калган" дешти. Эненин жүрөгү сезет деген чын экен, аларга ишенген жокмун. Бир күнү болбосо, бир күнү табам деп жүрдүм. Кудайга үнүм жетти окшойт, минтип сүйүнүп турам. Азыр бир карыш да жанымдан чыгаргым келбейт. Эми баламды окутам, үйлөнтөм.

Турмушка эрте бышкан балдар

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

Азим ата-энесинен алыс, чоочун адамдардын колунда жүргөнү үчүнбү түнт, көп сүйлөбөгөн жигит болуп чоңойгон экен. Ошентсе да үйүнө келгенде кичинесинде кармаган буюмдарды, баскан жерлерин көрүп ыйлаган. Биз менен маектешип жатканда да жашып кетти.

- Ата-энемди көрүп жетине албай турам. Бир туугандарымды, үйүмдү аябай сагынган экем. Эми эч жакка кетпейм.

Азим 2011-жылы 8-класста окуп жүргөндө жоголгон. Бирок ал Нарындан Жалал-Абадга кантип барып калганын эстей албайт. Милиция болсо Азим кандайдыр бир кырсыкка кабылып, эсин жоготуп коюшу ыктымал деп божомолдоп жатат.

Азимдин табылып калышына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылынын тургуну Актилек Өсөркулов себепкер болгон. Өсөркулов Азимди Таш-Көмүр шаарынан жолуктурган кезде ал өзүн Эрмек деп тааныштырганын айтты. Ал бейтааныш баланы бир жыл бою карап, ата-энесин издештирип жүрүп, акыры таап бердим деди.

- Бишкектен Базар-Коргонго келе жаткам. Жолдон дөңгөлөгүм жарылып калды. Алмаштырып жатсам бир бала келип жардам бере баштады. Иш бүткөндөн кийин акча сурады. Акчаны эмне кыласың десем, Бишкекке барам деди. Бул жерде бирөөнүн үйүндө мал багып жүргөнүн, кожоюну кордук көрсөтүп качып чыкканын айтты. Бишкекке кимдикине барасың десем "билбейм, жакындарым жок" деп айтты. Анда мен сени асырап алайын, ата-энеңди таап берейин десем макул болду. Ошентип үйгө алып келип жуунтуп, тамак берип бир жылдай бактым. Аты-жөнүң ким, канчадасың десем эч нерсе билбейт экен. Болгону атым Эрмек деп айтты. Менин 1997-жылкы инилерим бар, сен ошолор курдуу экенсиң дедим. Бир жыл бою сураштырып, ата-энесин таап бергенге аракет кылдым. 111 деген балдарды коргоо уюму бар экен. Аларга кайрылсам, биз жаш өспүрүмдөрдү гана карайбыз деп койду. Милицияга кайрылдым. Алар биздин иш эмес, сотко кайрыл дешти, сотко барсам бизге документ керек дешти. Колубузда бир дагы кагаз жок. Анан бир күнү менин чыныгы атым Азим, мени багып жүргөн кишилер Эрмек деп чакырышчу деди. Интернетти казып олтуруп, жети жыл мурда Нарындан жоголгон баланы таптым. Дароо Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө чалдым. Алар ата-энесине билдиришиптир. Сүйүнгөнүнөн Нарындан дароо эле келип алып кетишти. Ата-энесин тапканына мен дагы кубанып, үйүмөн узатып койдум.

ИИМдин маалыматы боюнча 2017-жылы 39 бала дайынсыз жоголгон.

Ошентип Азим боорукер адамдын жардамы менен туулган жерине келди. Анын ата-энеси да учурда Актилек Өсөркуловго ыраазы болуп, алкап бүтө албай жатат.

- Азим үйлөнсө, Актилекти өкүл ата кылам. Байланышты үзбөйм. Төрт баласы бар экен. Балдарынын сыйын көрсүн, кем болбосун, - деди Азимдин апасы Сайкал Курманакунова.

Азим дайынсыз кеткен учур 2011-жылдын февраль айына барып такалат. Ошол убакта Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө "1995-жылы туулган Азим Асанкул уулу кечинде үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат" деген арыз түшкөн. Бирок милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзгөнү менен ушул убакка чейин ал эч кандай жыйынтык берген эмес.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Азамат Жупкаевдин айтымында, Азимдин жети жыл кайда жүргөнү акырындык менен иликтенет:

- Азим азыр көп нерсени эстей албай атат. Ал азыр ата-энесин жаңы таап, өзүнө келе албай турган кези. Акырындык менен бардыгы белгилүү болот.

Кыргызстанда бир адам жоголсо, тез эле таап кое тургандай система жок. Мындай учурда милиция, чек ара кызматы, жол коопсуздугун тейлөө кызматтары чогуу иш алып барышы керек. Бизде тилекке каршы андай эмес.
Бакыт Эгембердиев

Дайынсыз жоголгон балдарды издөө коомдук кыймылын негиздеген Бакыт Эгембердиев мамлекет жоголгон адамдарды издөөгө келгенде чабал экенин айтты.

- Кыргызстанда бир адам жоголсо, тез эле таап кое тургандай система жок. Мындай учурда милиция, чек ара кызматы, жол коопсуздугун тейлөө кызматтары чогуу иш алып барышы керек. Бизде тилекке каршы андай эмес. Мисалы, бир бала Нарын шаарынан жоголсо, аны шаардык ички иштер бөлүмү гана издейт. Ал башка райондун аймагына чыгып кетсе издей алышпайт. Балким ал чек арадан деле өтүп кетиши ыктымал. Мындан сырткары бала жоголуп табылса да, табылбай калса да милиция эч кандай реакция кылбайт. Эгер жоголгон баланы бир милиция кызматкери тапса, аны мамлекет сыйлап, эмгегин баалашы керек. Бизде күнүмдүк аткарган иши катары карашат. Мындайча айтканда мотивация жок.

Бакыт Эгембердиев 2010-жылы эки баласын бирдей жоготкон. Ушу күнгө чейин же тирүүсүн, же өлүүсүн билбей балдарын издеп келет.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча өткөн жылы Нарын облусу боюнча отуз өспүрүм дайынсыз жоголуп, баары кайра табылган. Бирок ошол эле убакта баласынын дайынын билбей, күйүткө баткан ата-энелер да жок эмес.

"Азаттыктын" архиви: Дайынсыз жоголгон балдар. 2-июнь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.