"Күнболот ишин сүйгөн кызматкер эле..."

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кант шаарында жол боюнда сөөгү табылган кызматкери, полковник Күнболот Касмалиевдин сөөгү бүгүн 12-январда Нарын шаарында жерге берилди. Жакындары милиция кызматкери киши колдуу болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Расмий маалыматтарга караганда милиция кызматкерин 10-январда түн жарымынан оогон маалда автоунаа коюп кеткен. Учурда бул окуяга шектүү бир адам кармалып сурак берип жатат.