Нарын: таштандынын түтүнүнөн тажадык

Нарындагы таштанды талаасы. 30-сентябрь, 2015-жыл.

Нарын шаарынан эки чакырымдай жерде жайгашкан жүз гектардай аянттагы таштанды талаасынан күн сайын өрт чыгат. Бул аймакка жакын жашагандар болсо шаарды каптаган таштандынын түтүнүнө чакап жатканын билдиришүүдө. Бул көрүнүш шаардын тазалыгын көзөмөл кылган мекеменин дарегине нааразылыкты күчөттү.

Карга жайлоо аймагындагы шаардыктардын таштанды жайынан чыккан кара түтүн кайра эле шаарды каптап, каңырсыган жыт каңылжаарды жарып, адамдардын жашоосуна да, саламаттыгына да терс таасирин тийгизип жатат.

Таштанды талаасына жакыныраак жашагандардын бири Адилет Болотбеков акыр-чикир өрттөп жаткандарга нааразы болду:

- Бул жердеги болгон таштандыны күн сайын өрттөшөт. Түтүн коктуну өрдөп келип шаарды каптайт, көпкө чейин тарабай уюлгуп турат. Ал жакта жашаган элдин баары ошол түтүн менен дем алат. Нарындан эмне таштанды чыкса, баары ушул жерден күйүп жатпайбы. Ушуларды өрттөбөй эле, түртүп топурак менен көөмп же бир башка жолун карашса болот беле? Жөтөлөбүз. Тамагыбыз ачышат.

Таштанды талаасы. Нарын.

Жергиликтүүлөр "төгүлгөн таштандыны Нарын шаарындагы "Таза Нарын" ишканасынын жумушчулары атайын келип өрттөп кетишет экен" деп угушкан. Бирок ишкананын таштанды талаасына күнүгө каттаган айдоочусу Кудайберген Бекматов таштанды шаардын ичине коюлган челектерден эле күйүп келерин айтты:

- Мен өткөндө бир келин менен айтыша кеттим. Таштанды челекти өрттөп жатыптыр. Айтсам, "мен эски кийимдерди өрттөп жатам" дейт. Жагымсыз жыт чыгып жатканын айтсам, "Сиздин ишиңиз эмне? Машинеңизди айдаңыз да кетиңиз" деди. Аял кишиге теңеле албайт экенсиң. Кечке таштанды жыттап жүргөнүбүз аз келгенсип, бул жерге келип кайра түтүн жыттап, өрттөп бизге эмне азап дейм да.

Нарын шаары.

Нарын аймактык экологиялык жана техникалык инспекциясынын инспектору Рудбек Абдраев бул көрүнүштү көзөмөлгө албаган "Таза Нарын" ишканасынын жетекчилигин сынга алды.

Абдраев Экотехинспекция бул ишканага бир нече жолу эскертүү бергенин, бир-эки жолу айыппул салганын айтты. Бирок Абдраевдин айтымында "Таза Нарын" ишканасы экологияны таза сактоого көңүлкош мамиле кылып жатат:

- Күн сайын өрттөлүп атат. Биз ошол жерге барып машинесин көрдүк. Бизде сүрөтү бар. Алар айтып атат, "бизге "өрттөгүлө" деген буйрук берилген" деп. Кандай болгон күндө да бир абабызды булгап атпайбызбы. Абаны сактоо боюнча өзүнчө мыйзам бар. Буларда болсо "Жергиликтүү бийликти өнүктүрүү" деген гана мыйзам бар экен, "калганы эмне болсо ошо болсун" дешет экен. "Мага демектен талкаланып калсын" дешет экен. Айтып жатып тажап бүттүм. Эскертүү берилип, айыппул салынган. Бирок болбой эле өрттөп, шаарды түтүнгө каптатканын токтотпой атышат.

Тасмада: Москва-Бишкек: абаны ууландырган акыр-чикир

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москва-Бишкек: абаны ууландырган акыр-чикир

Абдраевдин айтымында, таштанды талаасынын өрттөлүп жатканына Экотехинспекция бир айдан бери мониторинг кылып жатат.

Ал жерде ооруканадан чыккан дары-дармектердин калдыктарынан баштап желим, кагаз, малдын тарпына чейин күйүп жатат. Абдраев таштандыны жок кылуунун жолу аны өрттөп коюу эмес экенин эске салды:

- Таштандыны дароо эле өрттөп жибербей, айрымдарын көмүш керек, айрымдарын ошол жерден хлор чачып, зыянсыздандыруу керек. Анын өзүнүн жолдору бар. Ага деле акча бөлүнөт да. Бизде болсо "эптеп кутулуш керек" деген бир эле жолу болуп жатпайбы.

Ал эми "Таза Нарын" ишканасынын башкы инженери Акылбек Турдубек уулуу таштанды талаасында кагаз эле өрттөлүп атканын айтты:

- Эми өрттөнсө ашып кетсе, биртике майда-чүйдө кагаздар өрттөнгөндүр. Калганы болсо Нарында курулуш таштандылары, кык дегендер көп чыгат да. "Желим өрттөнүп жатат" деген жөн эле куру сөз. Биз баарын көзөмөлгө алганбыз. Биздин жумушчулар жумасына бир жолудан түртүп, түздөп турушат.

Нарын шаарынан бир күндө 200-250 тоннага чейин таштанды чыгарылат. Аларды тазалаш үчүн "Таза Нарын" ишканасынын ондон ашык техникасы иш алып барат.

Нарын шаарында 40 миңге жакын эл жашайт. Анын ар бири таштанды үчүн 12 сомдон төлөйт.

Нарын: жайлоого төгүлгөн таштанды

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.