Алар буга чейин ушул банкта иштеп, бирок убагында бийик тоолуу аймак үчүн төлөнүүчү кошумча төлөм берилбей келгенин билдирип жатышат. Алардын алды банктан өндүрчү аласасы бир миллион сомго чейин жеткенин билдирүүдө.
ФИНКА банкынын мурдагы кызматкери Гүлмира Сейитказиева банк менен эки жылдан бери соттошуп жатканын айтты. Ал ФИНКА банкы бийик тоолуу аймак үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдү бербей койгонун ырастайт. Маселен, эмгек өргүүсү бийик тоолуу аймакта бир жылга кырк күн болсо, алар Нарын шаарында иштеп туруп эле 28 күн гана пайдаланышкан экен. "Ушундан улам укугубузду коргош үчүн кайрылбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калган жок" дейт Сейитказиева:
- ФИНКА эмнеге такап атат? Убагында биз менен түзгөн эмгек келишиминде айлык маянабыз жазылган жерге "болгон коэффициенттер, кошумча төлөнүүчү төлөмдөрдүн баары ичинде" деп коюптур да. Бирок соттор деле айтып атат, “бул келишимиңер жарабайт” деп. "Так жазышыңар керек болчу, "мынчасы негизги айлык, мынчасы бийик тоолуу аймакта иштегендер үчүн элүү пайыз райондук коэффициенттер" деп өз-өзүнчө кетиши керек" деп жатышат. Ал эми ФИНКАнын өкүлдөрү бир сумманы көрсөтүп коюп эле "баары ушунун ичинде" деп атышат. Анан биз кайрылган соттун өкүлдөрү Соцфонддон маалымат суратышкан. "Айлык тууралуу төлөмдөр кандай кеткен?" деп. Ошол маалымат менен ФИНКА бизге берген маалымат таптакыр бири-бирине дал келбейт. Ал жерде аябай чоң айырма бар. Ушундан улам ушул убакытка чейин түшүнбөй атабыз - ФИНКАга биз алдаттыкпы же мамлекет ФИНКАга алдаттыбы? Кимибиз жедирдик, билбейбиз. Менин жеке оюмда ФИНКА Кыргызстанда өз ишин жүргүзүп, пайда таап аткандан кийин мамлекеттин мыйзамын сыйлап, адамдардын укугун тепселебеши керек.
Банкка нааразы болуп жаткандардын айтымында, убагында ФИНКАда он жылга чукул иштеген кызматкерлердин алды мыйзам боюнча бир миллион сомго чейин аласасы бар экенин алардын адвокаттары айтышкан. Алар беш жылдан ашык убакыттан бери банк менен соттошуп, натыйжа чыкпай жатканын "сот бир тараптуу ФИНКАнын пайдасына чечип жатат" деп билдиришти.
Бирок ФИНКА банкынын PR адиси Нуриля Чекирова банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактап, анын чегинде иш алып барып жатканын, эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдирди:
- Биз кызматкерлерибизди барктайбыз жана Эмгек кодексиндеги бардык беренелерди так аткарабыз. Кызматкерлерге толук жана убагында эмгек акы төлөп берип турабыз. Ал эми нааразы болуп жаткан адамдар болсо 2007-2012-жылдары ФИНКАнын Нарын шаарындагы филиалынан өз каалоосу менен бошоп кеткендер. Бирок алар 2014-жылы тийиштүү жерлерге "биздин айлык акыбызды ФИНКА толук төлөп бербей койду" деп кайрылышкан экен. Биздин банк ар дайым ким менен болбосун ачык сүйлөшүүгө барат. Нааразы тарап болсо Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган экен. Бул инстанциялар алардын арызын канааттандырган эмес. Азыркы учурда банк соттун бардык чечимдерин так аткарып жатат.
Ошентип жыйырмадай киши банкта иштеген айлыгын толук төлөтө албай, маселеси соттон сотко өтүп отуруп Жогорку сотко чейин жеткен. Жогорку сот да ишти ФИНКАнын пайдасына чечкен. Бул чечим мыйзам боюнча даттанууга жатпаса да нааразы тарап Конституциялык палатага арыз жазган экен.
Насыя дүрбөлөңү
Кыргызстанда банк менен кредиттик компаниялардан насыя алып, аны төлөгөнү келгенде кайтара албай калдык деп дооматын өкмөткө артып, карызын кечүүнү талап кылган жарандар жана алардын башын кошкон кыймылдар көбөйдү.
Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын инспектору Чолпонбек Мадьяров нааразы тараптын ишин караган соттор Эмгек кодексиндеги мыйзамга ылайык эмес чечим чыгарып койгон деген пикирде:
- Эмгек кодексинин 404-беренесинде "жумушта болгон маселе үч айдын ичинде каралышы керек" деп турат. Район аралык сот ушуга таяп туруп, ФИНКАнын пайдасына чечип койгон. Бирок ал 404-беренеде "эгер жумушчу сөгүш алса же тартип бузса" деп турат. Ал эми ошол эле Эмгек кодексинин 194-беренесинде "айлык тууралуу маселелерди кароодо мөөнөтү жок" деп жазылган. Ошондон улам менин билдирүүмдү район аралык жана Бишкек шаардык коллегиялык соту туура деп тапкан. Жогорку сот болсо менин билдирүүмдү караган жок. “Силер үч айлык мөөнөттү өткөрүп жибергенсиңер” деп эки соттун чечимин жокко чыгарып коюп жатышат. Бирок бул жерде "ФИНКА эч кимге эч кандай карызы жок" деген чечим жок. ФИНКА карыз, ошол кызматкерлерине ошол иштеген убакта төлөп берген эмес.
Бул нааразы болуп жаткан жыйырмадай киши былтыр банктын имаратынын астына тынч митинг өткөргөн. Бирок алардын талабын уккандар болгон эмес.
Нарында бийик тоолуу аймакка төлөнчү жеңилдиктер буга чейин медицина кызматкерлеринде да бар болчу. Бир ставкадан ашык иштегендер үчүн жеңилдикти алып салган өкмөткө нааразы болгон дарыгерлер да кайра-кайра нааразылыгын айтып жыйын куруп жатып, ушул жылдын башында жеңилдиктер кайтарылган.