Ал кезинде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен деп, өткөн жылы имаратты айыл өкмөтүнүн карамагына өткөргөн. Бирок райондук прокуратура "башканын менчигин мыйзамсыз алды" деп айыл өкмөт башчысына иш козгогон. Андан бери өзүнүн актыгын Жогорку Сотто далилдеген жетекчи кайра келип, бала бакчаны кайтаруу ишин улантууда.
Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылындагы бала бакча учурда мектептин бир бурчунда. Анда токсондон ашык бала тарбияланат. Мектептин биринчи кабатында жайгашып, тар, шарты жок төрт бөлмөдө тыгылган балдарды ойнотуу, уктатуу жана тамактантануу кыйын болууда дейт бала бакчанын тарбиячысы Саадабүбү Токобаева:
- Мен мурунку бала бакчада да иштегем. Ал имарат атайын бала бакчага ылайык курулган. Ашканасы, балдарды ойнотуучу аянты бар эле да. Ал эми бул бала бакчанын имараты аябай тар. Мектептин биринчи кабатында болгондуктан, түштө балдарды уктатканда экинчи кабаттан мектептин окуучулары тапылдап чуркашат, балдардын тынчын алат.
Токобаева айтып жаткан мурунку имарат 1986-жылы Тоголок-Молдо колхозу тарабынан атайын бала бакчага ылайык салынган. Бирок союз тараган убакта айылдын тургуну Сананбай Боронбаев айылдагы кооперативдин чечими менен имаратты он миң сомго сатып алган. Бул чечимдин мыйзамдуулугунан шек санаган айыл өкмөт башчы Талапбай Искендеров ушул күнгө чейин бала бакчанын эски имаратын айыл өкмөткө кайра кайтара албай жүрөт.
- Мен бул бала бакчаны кайтарыш үчүн соттун болгон инстанциясына кайрылдым. Имаратты мыйзамсыз менчиктештирип алган Боронбаевди Ак-Талаанын акими калкалап жатат. Мен бул бала бакча тууралуу өткөн жылы президент Атамбаев Нарынга келгенде да айткам. Ошондо президент үч күндүн ичинде кайтаргыла деп облустук прокуратурага тапшырган. Бирок ошондон бери мени "Сананбайдын атасы салып берген тамды талашасың" деп куугунтукка алышты. Райондук прокуратура үстүмөн иш козгоду. Акыры жүрүп актыгымды Жогорку Сотто далилдедим.
Бала бакчаны мыйзамсыз менчикке чыгарып алды деп жаткан Сананбай Боронбаев учурда Тоголок-Молдо айыл өкмөтүндө жоопту катчы болуп иштейт. Ал колунда тийиштүү документтердин баары бар экенин белгилеп, айыл өкмөт башчысынын бул аракетин ич ара эрегишүү, көрө албастык катары баалады
- Искендеров президентке кайрылганда президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппараттары, Башкы прокуратура бүт текшерген, бардык кагаздар жайында экенин көрүшкөн. Мен эбак эле мыйзамдуу түрдө документ алып жашап атам. Анан айыл өкмөттүн карамагына алынсын деп жасалма документ менен алып алганда үстүнөн иш козголду. Эми Жогорку Сотто жакын таанышы бар экен. Аны күчтөп туруп акталып алды. Бул иш 2006-жылы башталган. Ошол кезде Искендеров айыл өкмөт башчысы болуп шайланганда мен айылдык кеңештин депутаты элем. Бул киши ишин алып бара албай жатканда биз жумуштан кетирип салганбыз. Анан эле мен сенин түбүңө жетем, андай - мындай кылам деп эле өчөшүп жасап жаткан иштери.
Кезинде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайра мамлекетке кайтаруу боюнча өкмөт токтом кабыл алган. Бул иштер тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева буларды айтты.
- Облус боюнча жалпы 27 бала бакча менчикке өтүп кеткен. Анын он бири кайтарууга мүмкүн экени аныкталган. Азыркы күндө тогуз бала бакча мамлекетке кайтарылды. Калганын дагы кайтаруу үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Булар соттун чечимине көз каранды экен. Сот болсо өзүнчө көз карандысыз бийлик бутагы экенин баарыбыз билебиз.
Облуста бүгүнкү күндө 122 бала бакча бар. Ал эми бакчага барган балдардын саны 9617. Бул көрсөткүч облуста мектеп жашына чейинки балдардын 27,9 пайызы гана бала бакчага барат дегенди түшүндүрөт.