Сапарбек жашаган Өлөң-Булак айылы Аксы районунун борбору Кербен шаарынан он чакырымдай алыста. Каарманыбызды быйыл жайдын башында айылдаштары кыштакка жетекчи кылып алышкан. Атасы айыл турмушунун күнгөй-тескейин билген, айрым маселелерди чечүүдө эрктүү киши болгону үчүн элеттегилер Сапарбекти да “ата жолун улайт” деген үмүттө башчылыкка татыктуу деп санашыптыр. Жашы отузга жете элек болгондуктан, ал мындай сунушка алгач макул болгон эмес:
- "Атасы кеңеш берип турат" деп мага ушул жоопкерчиликтүү милдетти сунушташты. Башында каршы болдум. Жаштар иштей турган башка толтура жумуш, көйгөйлөр бар эмеспи. “Эл сага ишеним көрсөтүп жатса, андан баш тартып, назардан калба” деген сөздөр болду. Анан макулдугумду бердим.
Сапарбек жашынан эле айыл турмушуна активдүү аралашкан, көйгөйлөрдү чечүүдө жан үрөп иштеген жигиттердин бири экенин айылдаштары белгилешет. Адамдардын ага ишеним артышына да ушул сапаттары негиз болгон.
Ошентип айыл башчылык милдетти аркалаган алгачкы күндөн тарта эле Сапарбек кыштак элине маселе жаратып келаткан көпүрө куруу ишин колго алат. Айыл эли үчүн Өлөң-Булак суусуна көпүрө куруу аябай зарыл болчу. Мурдагыларын сел агызып кеткен. Башка кыштактар, район борбору менен байланышуу үчүн чоң суудан өтүш керек.
- Төрт айдын ичинде үч көпүрөнү куруп бүтүргөнү турабыз. Экөө бүттү. Ушул күндөрү пайдаланууга берилет. Бир көпүрө Ак жар деп аталат. Экинчисин Төшкө жатар деп коюшат. Мурда бул жерде көпүрө болуп, бирок сел агызып кеткен. Ордуна труба коюлган. Ошону оңдодук. Үчүнчү жаңы көпүрөнүн курулушун баштадык. Ал деле тез арада бүтөт.
Алгачкы эки көпүрөнү курууга айыл өкмөт башчы менен чогуу долбоор жазып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен арматура жана цемент алдык. Ал эми үчүнкү көпүрөнү өз салымым менен бүтүрүүнү көздөп турам.
Өлөң-Булак айылы эки тоонун ортосунда жайгашкан. Кышында кар калың болот. Жазында сел көп жүрөт. Телефон байланыш барганына 2-3 жылдай болду. Бул жердеги 291 кожолукта миңден ашуун адам жашайт.
Сапарбек буга чейин айыл башкарбагандыктан, айрым кыйынчылыктарга да туш болгонун жашырбайт:
- Ар түрдүү адам болот. Ар бирине мүнөзүнө жараша мамиле кылууга туура келет. Айрым кишилердин пейилине чыдамкайлык талап кылынат. Негизи кыйын эле экен. Ошентсе да, мен жасап жаткан ишиме сыймыктанам. Баарына чыдайм.
Айылыбызда мурда чакан мечит бар эле. Эл батпай калчу. Ошондуктан, бир туугандар чогулуп 50-60 кишилик мечит тургуздук.
Кыргызстанда айыл башчылык кызмат үчүн эч кандай акы төлөнбөйт. Сапарбек да кичи Мекени үчүн маянасы жок эле иштеп жатат:
- Өзүмдүн бизнесим бар. Ошондон тапканым тиричиликке жетет. Андан ашырып, элге жумшайм. Калк арасында сыйлуу болуу өзүм үчүн да сыймык.
Адатта айыл башчылык милдет тажрыйбалуу жана улуу кишилерге жүктөлөт. Себеби, айыл башчыга үй-бүлөлүк маселелерин айтып, казан-аягы кагышкан жубайлар да келип турушат. Сапарбекке да кээде өзүнөн жашы улуу кишилер үй-бүлөлүк көйгөйүн айтып кайрылышат экен:
- Андай учурда аксакалдар менен кеңешем. Улгайган кишилерди жетелеп барып, маселени карайбыз. Өзүмчө барып үй-бүлөлүк иштерге кийлигишпейм...
Айыл башчылыктын эң түйшүгү – эл менен өкмөт арасында көпүрө болуу. Мисалы, айылдан айтылган көйгөйдү айыл өкмөткө барып чечип коюу оңой эмес. Ал эми айыл өкмөттөн айтылган кээ бир талаптар элге жакпайт. Ушул жагы бир аз оор.
Негизи кыйын эле экен. Ошентсе да, мен жасап жаткан ишиме сыймыктанам. Баарына чыдайм.
Каарманыбыз журналист болууну кыялданып, Ош мамлекеттик университетинин журналист адистигин бүтүргөн. Бирок үйдө кенже уул экенине байланыштуу шаарда калып иштөөгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес:
- Айылда жашап туруп журналистиканы эптеп кетүү кыйын экен. Кыргыздарда кенже уул ата-энесин багып, чогуу жашашы керек деген түшүнүк бар эмеспи. Ошондуктан, мен айылга кайра келип, ата-энем менен бирге жашап жүрөм. Эгер шаарда болсом, балким журналист болуп иштеп кетмекмин.
Сапарбек Бекилов бир уулдун атасы. Айылга бала бакча жана спорт зал курууну көздөп жатат. Аны кантип ишке ашыруу жагын ойлонуп жүргөн кези.