Апрелдин аягынан бери Кыргызстандын бардык аймактарында шамал аралаш нөшөрлүү жаан басылбай, ал айыл чарбасына, тиричиликке кедергисин тийгизип, чыгымдарга кирептер кылууда. Жаратылыш түзгөн күтүүсүз кырдаал жана анын кесепеттери тууралуу "Азаттыктын" апта темасында сөз болот.

9-май күнү Баткенде секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал жүрүп, он миң даанадан ашык шиферди учуруп кетти. Мөмө байлап калган өрүктөрдү да тамыры менен омкоруп, бир топ айылда электр зымдары үзүлдү. Баткенден Жеңиш Айдаров толугураак айтып берет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендеги үрөй учурган шамал

Жаздын акыркы айындагы нөшөрлүү жамгыр Жалал-Абаддын бир топ айыл тургундарынын шаштысын алууда. 10-майда Базар-Коргондун Ооган-Талаа айылында сел жүрүп, 50 турак жайды каптап, эки үй жараксыз болуп калды. Табигат кырсыгы каптаган айылга кабарчыбыз Руслан Калматов барып келди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад: селдин азабы

Таласта Өзгөрүш айылынын тургуну Рахат Арыкбаева 2014-жылы селден жабыркаган үйү үчүн өкмөттөн тийиштүү каражат алалбай жатат. Анын турак үйүн 9-майдагы нөшөрдө сел каптап кеткен. Табигый кырсыктан жабыркаган турак-үйлөргө, айдоо жерлерге өкмөт кандай жардамдарды бере алат? Таластан кабарчыбыз Салика Сариева баяндайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талас: өкмөткө үмүт арткандар

Бир аптадан бери тынбай жааган жамгыр Бишкек шаарын тегерете жайгашкан жаңы конуштарда плансыз жана сапатсыз курулуштардын көптүгүн далилдеди. Ондогон турак үйлөрдү жарым-жартылай суу каптап, айрымдарынын жертөлөлөрү сууга толду. Нөшөрлүү жаандын Бишкек шаарынын тегерегиндеги турак үйлөргө келтирген кесепеттери тууралуу кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жамгыр менен кошо ыйлаган жаңы конуштар

Акыркы күндөрү өлкө аймагында байма-бай катталып жаткан бороон-чапкын аралаш нөшөрлүү жаан турак үйлөрдү камсыздандыруу маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы февралда күчүнө кирип, бирок 2019-жылга чейин убактылуу токтотулушуна байланыштуу жабыркаган турак жайларга мамлекет баштагыдай эле тиешелүү документтердин негизинде компенсация төлөп берүү милдетин өзүндө калтырууда. Адистердин айтымына караганда, мыйзам күчүнө киргенден кийин кенемте төлөө токтотулат. Ошондуктан, тиешелүү адистер түшүндүрүү иштерин айрыкча ушундай жаратылыш кырсыктарына байланыштуу байма-бай жүргүзүлүүдө. Теманы Бактыгүл Чыныбаева улантат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кырсык камсыздандыруу мыйзамын эске салды