Тоолор - Кыргызстандын чеби

Тоо Жер планетасынын үстүңкү катмарынын төрттөн бир бөлүгүнө жакынын ээлейт жана дүйнө калкынын дээрлик 10% үйү катары эсептелинет.

Ал ошондой эле жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көптөгөн уникалдуу түрлөрү үчүн корук катары да саналат. 

Тоо - Жердеги негизги дарыялардын баары үчүн суунун булагы. Маселен, бүгүн адамзаттын жарымы тоонун жаратылыш ресурстары, биринчи кезекте суу ресурстарына көз каранды.

Тоо коюнундагы Ак-Шыйрак айылы. Ысык-Көл. 

Аксай жайлоосу. 

Көк-Жайык. Жети-Өгүз. 

Кашка-Суу. Чүй. 

Кыргыз Республикасынын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери. Аксай. 

Кайберендер. Ак-Шыйрак. 

Кыргыз Республикасынын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт. Ала-Арча. 

Адырдагы жылкылар. 

Тоонун үстүндө жайгашкан көрүстөн. Кыргыздар илгери мүрзөнү мал-жандын буту баспасын, сел алып кетпесин деп тоонун үстүнөн казышкан. 

Кыргызстандын тоолорунда Кызыл китепке кирген бир катар жаныбарлар байырлайт. 

Булут чулгаган тоо. Ак-Шыйрак. 

Күн нуру өпкөн чокулар. Ысык-Ата. 

Кашка-Суудагы кыш. 

Ысык-Ата. 

Ак-Шыйрактагы тоо кыркасы. 

Ак-Шыйрак. 

Ак-Шыйрак. 

Ак-Шыйрак. 

Тоо жана жылкы көчмөн кыргыздын кан-жаны менен барабар. 

Кийиктердин мекени. 

Терезеден көрүнгөн пейзаж. Ысык-Ата. 

Апшыр-Сай. Ноокат. 

Ат-Башы ГЭСи турган жер да тоого жакын жайгашкан. 

Аксай. 

Ала-Арчадагы күүгүм. 

11-декабрь Эл аралык тоо күнү. Кезинде Кыргызстан Улуттар Уюму тарабынан 2002-жылдын Эл аралык тоо жылы деп жарыяланышына демилгечи болгон.