«КТ Мобайлга» которулган акча кайда?

Иллюстрациялык сүрөт.

«Мегаком» компаниясы түзүлгөн келишим боюнча «КТ Мобайл» ишканасына ушуга чейин 168 миллион сом которгон. Аталган каражаттын бир бөлүгү «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин айлык акысына жумшалса, калганы бир нече банкта сакталып турганы белгилүү болду.

Бул тууралуу сөз болуп жаткан компаниянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында айтылды. Эл өкүлдөрү «КТ Мобайлдын» мамлекетке олчойгон карызы туруп акчаны аны төлөөгө эмес, айлык акыга жумшаганын сындашты.

«КТ Мобайл» менен иштешүү укугу үчүн тендерди утуп алган «Мегаком» компаниясы келишим боюнча өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек.

Дагы караңыз «Мегаком» менен «КТ Мобайлдын» талашы

«Мегаком» брендине ээлик кылган «Альфа Телеком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов «КТ Мобайлга» буга чейин 168 миллион сом которулганын депутаттык комиссиянын экинчи отурумунда билдирди. Келишим боюнча быйыл дагы 75 миллион сом, калганы 2020-жылы которулушу керек.

Депутаттык комиссиянын жыйынында «КТ Мобайлга» ушуга чейин түшкөн каражат толук кандуу иштей элек ишкананын кызматкерлерине айлык катары төлөнүп келгени көтөрүлдү.

Депутат Мирлан Жеенчороев ишкананын мамлекетке миллиондогон карызы барын да эске салды.

Мирлан Жеенчороев.

«Бул каражат биринчи кезекте карызды төлөй турган жана мамлекеттин бюджетин толуктай турган акча болчу. Бирок алар ишти биринчи маяна берүүдөн баштады».

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун жаңы дайындалган директору Эшмамбет Аматовдун маалыматына караганда, «КТ Мобайл» мамлекеттик органдарга 111 миллион сом карыз. Анын ичинен Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине 31 миллион сом, «Кыргызтелекомго» 40 миллион сом, «Билайн» уюк операторуна 40 миллион сом карыз.

Мирлан Жеенчороев «Мегакомдон» которулган 186 миллион сом ушул карызды төлөөгө жумшалбай эле айлыкка коротулуп, калган акча банктарда сакталып турганын сынга алды.

«Кыргызтелекомдун» башчысы Эшмамбет Аматов азыр канча акча, кайсы банкта экени тууралуу маалымат берди.

«36 миллион сом «Орусия инвестициялык» банкында жатат. Андан сырткары 1 миллион 132 миң доллар ошол эле Орусия банкында. «Бакай банкында» орто эсеп менен 10 миллион сом бар. «Кыргыз коммерциялык» банкта 8900 сом бар экен».

Депутаттык комиссиянын жыйыны. 31.05.2019

​Депутаттык комиссиянын жыйынында маяна маселесине байланыштуу күмөндүү жагдайлар ачыкка чыкты. Маселен, «КТ Мобайлдын» учурдагы техникалык директору Николай Дмитриенко ишкана менен 2018-жылдын 26-27-декабрында келишим түзүп, 31-декабрда эле 105 миң сом айлык алган.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайлдын» директорунун орун басары катары 2019-жылдын январынан май айына чейин жалпы 972 миң сом айлык алган.

Салык жана Социалдык фондго кармалган каражаттан кийин колуна 787 620 сом тийген. Ал ишкананын айланасындагы чуудан кийин кызматтан кетип, алган маянасын кайра мамлекетке кайтарып берди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бажасынын баласы кызматка дайындалганын кеч билгенин айтууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев.

«2-майда бардык компаниялардын, анын ичинде «Мегаком» жана «КТ Мобайлдын» жетекчилерин чогулттук. Ошондо Эрназар менин чогулушума келип калганын көрдүм. Чогулуш бүткөндөн кийин «сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң?» деп сурадым. Ал «"Мегакомдо" иштеп жатам» деп айтты. Ким болуп иштеп жатканын сураган деле жокмун».

«КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы чырдан улам «Ачык өкмөт» улуттук форумунун катчысы Иманкадыр Рысалиев, «КТ Мобайлдын» директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев кызматтан кеткен.

«КТ Мобайлдын» ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев компаниянын айланасындагы ишти убагында жөнгө салбаганы үчүн өкмөт башчыны сындады.

Курманкул Зулушев

«Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, комиссиянын түзүлүшүнө сиздин шалаакылыгыңыз себеп болду. Ушул маалымат чыкканда эле сиз өкмөттү жыйнап туруп азыр кызматтан кетирген жетекчилерди, бажаңызды кубалап, баласына баа берсеңиз комиссия түзүлүп, маселе бул деңгээлге чыкмак эмес».

Комиссиянын биринчи отурумунда Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиев аны коркутуп жатканын айтып чыккан. Бул факт боюнча Башкы прокуратура сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганы белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев комиссия «КТ Мобайлдын» айланасындагы ишти ачыкка чыгарган Жамангуловго күнөөнү оодаруу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Жанар Акаев.

«Комиссия ишти катуу баштаганбыз. Бирок мен маанайды байкасам, аягы келип күнөөнү проблеманы айтып чыккан Акылбек Жамангуловго оодаруу аракети болуп жатат. Мындай болбошу керек. Биз мындайга жол бербейбиз. Бакиев убагында «Ак Жол» партиясы үстөмдүк кылган парламентке бараткандай кейпибиз бар. Бул абдан өкүнүчтүү. Биз ага жол бербейбиз. «Журналисттер абайлап жазгыла, мындай кылып жазгыла. Депутаттар биринчи болуп айтканга аракет кылып жатасыңар» деген сөз болбошу керек. Биз бирөөнүн арак заводунда же бирөөнүн терек базарында чогулуш кылып жаткан жокпуз. Бул жер - парламент. Ким кааласа сүйлөйт, каалабаса сүйлөбөйт»

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коому 2018-жылдын 2-ноябрында өзүнө караштуу «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялап, аны «Альфа Телеком» жеңип алган.

Дагы караңыз Абылгазиев "КТ Мобайлды" сүрөгөнүн танбайт

Жыйынтыгында «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компаниялары келишим түзгөн. Ага ылайык, «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болгон.

Келишимге ылайык «Salam» виртуалдык оператору түзүлмөк. Бирок «КТ Мобайл» кийин виртуалдык эмес толук кандуу уюк оператор түзүүнү көздөп чыккандыктан «Мегаком» менен келишпестик чыккан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«КТ Мобайл»: депутаттардын сыны, өкмөттүн жообу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.