Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

«КТ Мобайл»: ачыкка чыккан араздашуу


Иманкадыр Рысалиев (солдо) жана Акылбек Жамангулов.
Иманкадыр Рысалиев (солдо) жана Акылбек Жамангулов.

Премьер-министрдин бажасы кийлигишкен деген доомат боюнча "КТ Мобайл" компаниясынын айланасындагы чатак ырбады.

Парламенттеги депутаттык комиссиянын алгачкы жыйынында "КТ Мобайлды" каржылоону тездетүү чечимин кабыл алууга мажбурлоого байланышкан жагдайлар ачыкка чыкты.

"Альфа-Телеком" мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Акылбек Жаманкулов "Ачык өкмөт" уюмунун жетекчиси, премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тиешелүү мамлекеттик органдарда жыйындарды өткөрүп, анын талабына көнбөгөнү үчүн коркутуп-үркүтүүгө чейин барганы тууралуу айтып чыкты.

Иманкадыр Рысалиев муну жалган жалаа катары баалап, каралоо аркылуу аталган долбоорду ишке киргизүүнү үзгүлтүккө учуратуу максаты турат деп эсептейт.

18-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Азаттык” радиосуна “КТ Мобайл” компаниясы кандай болгон күндө да ишке кириши керек деген пикирин билдирди.

"Бул мамлекеттик долбоор. Аны аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес", - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул долбоорду өзү колдогонун, маселени иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын тыянагын күтүү керектигин жана туугандары аралашканы жөнүндө маалыматтарды тастыктоо зарылдыгын айтты.

"Бажасы, уулу деп жатышат. Туугандарым аралашканы туура эмес деп ойлойм. Бирок ошонун баарын тастыктайлы",- деди ал.

Абылгазиев: "КТ Мобайл" долбоорун колдогом
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Жаманкуловдун жарыясы

"Альфа-Телеком" уюлдук компаниясынын жетекчиси Акылбек Жаманкулов "КТ Мобайл" компаниясы менен анын карамагындагы жыштыктарды биргеликте иштетүү боюнча келишим түзүлүп, бирок кийин анын шарттары өзгөргөнүн билдирди.

Акылбек Жаманкулов өзү жетектеген мамлекеттик компаниянын кызыкчылыгын коргогону үчүн коркутуп-үркүтүүгө дуушар болгонун жарыялады:

«​Иманкадыр Рысалиев бизди өкмөткө 3-4 жолу чогултту. Анда аталган долбоорду тездетүүнү тапшырды. Ал бизди өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарынын иш бөлмөсүндө үч жолу кабыл алган. Мындан тышкары Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетте да бардык тиешелүү жетекчилерди кошуп чакырып, 3-4 сааттык жыйын өткөргөн. Анда коркутуп-үркүткөнгө чейин барган. Мен жетекчи болуп келген соң "Альфа-Телекомдун" кызыкчылыгын коргошум керек. Ошондуктан ага каршы чыккандыктан үй-бүлөмө чейин асылып, "түбүңө жетем, текшертем, каматам, тиешелүү укук коргоо органдарды буга кошом" деп, премьер-министрдин атын айтып, коркутуп-үркүттү».

Бул ишти иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Жанарбек Акаев "Ачык өкмөт" уюмун жетектеген премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тескерисинче, шектүү чечимдерди кабыл алууга аракет кылганын айтты. Ошондуктан депутат Жанарбек Акаев парламентте бийликтеги үй-бүлөлүк-кландык башкарууну ооздуктоо милдети турганын айтты:

«​Азыр коомчулук "бажагейт", "кудагейт" деген нерселерди кыжырдануу менен кабыл алып жатат. Парламент муну өз убагында токтотуп калышы керек. Иманкадыр Рысалиев "Кыргызстанга эмгеги сиңген бажа" болуп калды. Ал эмне үчүн бажалык макамын колдонуп, өкмөттүн аппаратында мамлекеттик органдардын жетекчилерин топтоп алып, жыйындарды өткөрөт? Ошондуктан биз ЕККУга кат жазып, аны "Ачык өкмөт" уюмундагы кызматынан кетирүү боюнча кайрылышыбыз зарыл. Ал эмне үчүн бирөөнү коркутуп-үркүтүшү керек? Биз мындайга чекит коюшубуз зарыл. Керек болсо бул иштин арты өкмөткө ишеним көргөзбөө боюнча маселеге чейин жетиши мүмкүн».

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси, депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Иманкадыр Рысалиев мамлекеттик расмий кызматта жок туруп, бирок тиешелүү жетекчилерге тапшырма берген "көмүскө укукту" ага ким берди деген маселени көтөрдү:

«Иманкадыр Рысалиев өкмөттүн аппаратында бир нече ирет тиешелүү жетекчилерди чакырып алып, жыйналыш өткөргөнүн кантип түшүнсөк болот? Биз мурда Сапар Исаков президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп туруп, Бишкек ЖЭБ долбоору боюнча ыйгарым укугунан аша чаап, башка мамлекеттик жетекчилерге буйрук бердиң деп аны кызматтан алууну көтөрүп чыктык. Ошонун негизинде ал камакка алынып, ага мамлекет тарабынан айып коюлуп жатат».

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси Алмазбек Баатырбеков тиешелүү жетекчилер эмне себептен Иманкадыр Рысалиевдин расмий жыйындарды алып баруусуна жол бергенин иликтеп чыгууну талап кылды. Ал бул маселе боюнча Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасына суроо узатты:

«​Бакыт Нуржанович, Иманкадыр Рысалиевге сиздин иш бөлмөңүздө жыйын өткөргөнгө кантип жол бердиңиз? Ал эмненин негизинде бул жыйынга келип, аны алып барган? Азыр бул тууралуу расмий түрдө "Мегакомдун" жетекчиси "ал киши баарыбызды чогултчу" деп билдирүү жасады. Сиз өзүңүз жыйын өткөнү жатсаңыз, анан "келип калдым" деп эле көрүнгөн киши ага кире береби? Ал кишини ошол жыйынга ким чакырды?»

Ошол эле кезде депутаттык комиссиянын жыйынына катышкан аталган мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев Иманкадыр Рысалиевдин расмий ыйгарым укук болбогонун ырастап, анын жыйындарга катышып калган жагдайын төмөндөгүчө чечмелеп берди:

«​Биз ал жыйынга эки компаниянын жетекчилерин чакырганбыз. Анткени алар келишим боюнча өз ара келише албай жатканын айтып кайрылышкан. Ошол үчүн ушуга байланышкан жетекчилерди чакырганбыз. Иманкадыр Зарлыкович бул жыйынга өзү эле келген. Биз аны чакырган эмеспиз. Анын уулу иштеп жаткан соң ал киши келди да. Жыйынды ал киши эмес, биз өзүбүз эле уюштурганбыз».

Анткен менен "Ачык өкмөт" уюмунун баш катчысы Иманкадыр Рысалиев коюлган дооматтарды жокко чыгарып, жеке кызыкчылыктан улам эмес, санариптештирүү боюнча президентке караштуу эксперттик топтун жетекчиси катары гана бул маселеге кызыкканын билдирди:

«​Мени өкмөттүн жыйынына эч ким чакырган жок. Ага катышкан эмесмин. Бирок мен президентке караштуу санариптештирүү боюнча эксперттик топтун мүчөсүмүн. Биз ошонун алкагында атайын жол картаны иштеп чыкканбыз. Ошондо "КТ Мобайл" улуттук уюлдук оператору түзүлүшү керек деп көрсөтүлгөн. Мен Акылбек Жаманкуловго ошонун негизинде иш кантип жатканы боюнча эле сурап кайрылгам. Анткени келишим түзүлгөнү менен, иш үзгүлтүккө учурап жаткан. Айтылып жаткан дооматы мени атайылап "ошол иштин артында турат" деп каралап, долбоорду үзгүлтүккө учуратууга жасалган аракет. Мен эксперттик топтун мүчөсү катары бул жагдайдан кабар алууга укугум бар».

Мурдагы вице-премьер-министр, "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров "Мегакомдун" жетекчисине Иманкадыр Рысалиевдин расмий мандатын сурабай туруп, эмнеге анын алып барган жыйындарына катышкан жагдай боюнча суроо берди:

«​Акылбек Жекшенович, сиз бул ири компанияны жетектөөгө көчөдөн барып калган жоксуз, мурда депутат болгонсуз. Анан Иманкадыр Рысалиев сизди өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басарынын иш бөлмөсүнө 3-4 жолу чакырганын айтып жатасыз. Бирок ошол эле кезде ага эмненин негизинде чакырып жатканда, анан күпүлдөп, коркутуп-үркүтүп жатканда анын кандай расмий мандаты бар экенин сурап койбойсузбу? Ал киши жыйынга чакырса эле бара бересиңерби? Ошол жыйындын расмий протоколу барбы?»

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев депутаттык комиссия иликтеп бүткөнгө чейин бул маселе боюнча Башкы прокуратурага кайрылууну сунуштады. Анткени мында коркутуп-үркүтүү жана өзүнө туура келбеген ыйгарым укуктарды энчилеп алууга байланышкан кылмыш белгилери бар деген жүйөнү келтирди. "КТ Мобайл" боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын он күн аралыгында чыгаруу чечими кабыл алынды.

"Мегакомдун" башчысы премьердин бажасын айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:25 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG