Лейлек: футболго убакыт табылат
Келгендердин катарында Лейлектеги айылдардын эле эмес, Сүлүктү шаарынын да жаштары көп.
Ачык асман астындагы аянтчаны жергиликтүү ишкерлер эле өз каражатына курушкан.
Аянтчаны каалоочуларга саатына 500 сомдон ижарага беришет.
Эч ким утулгусу жок. Утулган команда чыгашаны төлөп, оюнда жеңгендерди чайканада сыйлайт.
Лейлек кичи футбол аянтчасындагы оюндун жүрүшү
Аянтчаны иштеткендер анын курулушуна 2 млн.сомдой акча сарпталганын айтышты.
Жергиликтүү эл жаштарга бош убактысында алек болгонго жакшы эрмек табылды дейт
Курулушу былтыр кеч күздө башталган аянтча быйыл кыш бүтпөй жатып ишке берилген.
Оюндун жүрүшү
Оюнга келип жаткан командалардын арасында жергиликтүү ишкана, мамлекеттик органдардын жамааттары да көп