Кыргыз мигранттарынын абалы оор бойдон калууда. Миграция министрлигинин жоюлуп кетиши кырдаалды ого бетер начарлатканы айтылып жатат.
Эмгек мигранттары абалды жакшыртуу талабы менен Бишкекте митингге чыгууга камданууда. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мигранттар темасына арналды.
Талкууга мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, “Замандаш” бирикмесинин аткаруучу төрагасы Майрамбек Жапанов, Казакстандагы эмгек мигранттарынын өкүлдөрү Алтынбек Сыдыков, Турат Аманбаев катышат.
“Азаттык”: 12-мартта Казакстандагы мигранттар митинг өткөрүүнү белгилешкен эле. Бирок ал болбой калды. Митингге чыгуунун себеби эмне?
Турат Аманбаев: Алматы, Астана жана башка Казакстандын ири шаарларында кыргыз мигранттары өтө эле көп. Кыргызстанда экинчи ыңкылап болуп, Бакиев кеткенден кийин Казакстандагы биздин мигранттарга болгон көз караштын өзгөрүшү бир топ проблемаларды жаратты.
2005-жылга чейин чек арадан өткөн убакта миграциялык карточкага эки мөөр басылып, ошонун негизинде 3 айга чейин каттоосуз жүрө турган болгонбуз. Революциядан кийин 5 күндүк каттоого түшүп, жолдо жүрүү өтө кыйын болуп калды.
Экинчиден, Казакстандын мыйзамы боюнча алардын аймагында чет мамлекеттен келген мигранттар соода-сатыкка уруксат жок деген жүйөнүн негизинде кыйынчылыктар өтө көп болуп кетти.
“Азаттык”: Азыркы кезде чек арадан өтүү кандай болуп жатат?
Алтынбек Сыдыков: Азыр кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө Кыргызстандан товар алып өтүш кыйын болуп жатат. Жөнөкөй 2-3 жүгү барларды да өткөрбөстөн, жаап коюп атат.
“Азаттык”: Казакстан ички базарын коргоп, ушундай кадамга барып жатабы? Же саясий себептер барбы?
Аликбек Жекшенкулов: Биринчиден, жаңы өкмөт структураны аныктап атканда Миграция министрлигин жойгону чоң катачылык болду. Биздин эң мыкты улан-кыздарыбыз ата-энебизди, үй-бүлөбүздү багалы деп ошол жакка чыгып атат. Анткени бизде жумушсуздук маселеси өтө оор. 2-2,5 млрд. доллар акча которуп, элибизди багып атат.
Экинчиден, тышкы саясат деген өтө кылдат нерсе. Бизде президент, же премьер-министр барып сүйлөшөт, чечет деген ыкмага өтүп алдык. Ал эми министрликтер, департаменттер, облустар эмне кылып атат? Негизинен тышкы саясат аябай эле чабалдап баратат.
Үчүнчүдөн, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий маселелер бар, аны жашырбаш керек. Мигранттар маселеси боюнча сураса, алар ачык эле айтты, Борбор Азия, СНГ мамлекеттер жетекчилердин көз карашы кандай болсо, ошого жараша мамиле кылат баары. Атамбаевдин Орусиядан кийинки экинчи сапар Казакстанга болуш керек, дипломаттар ушул маселени чечиш керек.
“Азаттык”: Миграция министрлигинин жоюлушу менен сиздер эмнени сездиңиздер?
Майрамбек Жапанов: “Замандаш” ассоциациясы азыркы күндө Орусияда 43 шаардан ашык жана Казакстан боюнча 11 шаарда диаспоралардын башын бириктирип турат. Өткөндө өкмөттүн курамын түзүүдө Миграция министрлигин жоюунун кажети жоктугун айтканбыз, анын жоктугун азыр да сезип келатабыз.
ТИМге өттү, алар дипломатиялык маселелер менен бул маселени чечсе болот деп айтып атышат. Эки айдан ашып калды, бирок кандайдыр бир жылыштар сезиле элек, мигранттардын проблемасы ордунда токтоп калды деп айтсак болот. Биз миграция агымын системалаштырмайын Миграция боюнча атайын министрликтин болушу учурдун талабына ылайык.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: