Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Мигранттар өз таламын талашууда


Акыйкатчы институту менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги алдамчылардын торуна илинген мигранттардын тагдырын иликтөөдө.

Өткөн аптада Орусиянын Лукоянов шаарына иштегини барып, убада кылынган маяналарын ала албай келген кыз-келиндер акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылышкан. Алар аталган шаарда дагы отузга чукул кыргызстандыктардын укугу бузулуп, оор шартта жашап жатышканын билдиришүүдө.

Тамара Жумакадырова жергиликтүү телеканалдардын биринен “Орусиядан жумуш таап берем, айлык 1000 доллар” деген жарнаманы окуп калат.

- Жарнамада Изатулло деген кишинин телефон номуру чыккан. Аны менен байланышып, Ош базарындагы “Берекет гранд” соода борборунун жанынан жолукканбыз. Ал "кайсы күнү учаарыңар азырынча белгисиз, балким бир айдын ичинде жөнөп каласыңар" деп айткан болчу. Бирок үч күндөн кийин эле “саат төрттө учак бар, кетесиңер” деп калды.

Ошентип Тамара ушул жылдын 21-ноябрында Орусиянын Лукоянов шаарына иштегени кетет. Тамаранын айтымында, ал айына миң доллар алып тигүүчү цехте иштемек. Акысыз жатакана, эки маал бекер ысык тамак да убада кылынган. Орусияга учуп барган жол киресин да жумуш берген тарап төлөп бермек.

Ушундай жомоктогудай кыялга муюп барган Тамара бир ай иштеген соң миң доллар айлык эмес, тескерисинче 20 миң рубль карыз болуп, Кыргызстанга кайтып келди. Иш берген фирманын директору бул каражат Кыргызстандан Лукоянов шаарына чейинки жол киреси, каттоого турушу жана башка документтерине коротулган деп түшүндүргөн.

- 27 күнгө мага 2 миң 955 рубль айлык чыкты. Анын 30% салык үчүн деп кармап калды. "Бизге 1000 доллар айлык деп айтпады беле" десек, “мен билбейм, антип убада берген эмесмин” деп койду. Ал эми Изатуллого чалсак ал “мен керек деген 50 кызды алып келип бердим, калганын өзүң чечишип ал” деп коюптур. Мен ооруканага да жатып калдым. Дары-дармекке эмес, нанга 20 рубль таба албай калдым. Анан үйдөгүлөр акча салып, Кыргызстанга келе бердим. Ал жакта айылдан барган, орусча сүйлөй албаган кыздар калган болчу. Бир кыздын 72 жаштагы апасы бар экен. Ал "биздин моюнга илген 20 миң рублди качан төлөп бүтөм" деп өз жанын кыйганга аракет кылып, ызы-чуу болуптур.

Ошентип өткөн аптада Лукоянов шаарынан кайтып келген үч мигрант аял Нуржамал Акимбаева, Тамара Жумакадырова, Гүлбайра Шадыбекова туугандары менен акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылышат. Акыйкатчы маселени иликтей турганын билдирип, Орусиядагы тигүүчү цехтин жетекчиси Татьяна Рыжкина менен телефон аркылуу байланышкан.

- Мен Татьяна Рыжкинанын өзү менен сүйлөштүм. Анан Орусиядагы консулдукка чалып, Лукоянов шаарына жибердим. Менимче кыздарды алып барган фирма алдаган. Туура эмес маалыматтарды берип, биздин жарандардын укугун тебелеген. Эгер алдын ала айтканда мындай нааразы болушпайт эле. Анан биздин кыздар да сүйлөшкөндө, келишим түзгөндө жакшылап карап, окуп кол коюш керек болчу. Келишимде өздөрүнүн колдору бар, мына Тамара Жумакадырова деп турат. Төлөй турган акчага да кол коюп койгон.

Ал эми Орусиядагы элчиликтин юристи Алмаз Абдысияев Лукоянов шаарынан барып, кыргызстандык мигранттардын абалы менен таанышып келди. Анын айтымында, салык жана кыргызстандыктардын эмгек акысына байланыштуу маселелер жеринде сүйлөшүлдү.

- Шарттары начар экен деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Биз көрүп келдик. Биздин мекендештерди нааразы кылып, түшүнбөй жаткан дагы бир нерсе - салыктын өлчөмүнүн 30% болушу экен. Муну да юридикалык жактан түшүндүрдүк. Бардыгы кийин бир ооздон "калып, иштей берели" деп айтышты. Ал эми "миң доллар аласыңар" деп кагаз жүзүндө эч ким көрсөткөн эмес. Муну “Интерес” фирмасынын өкүлдөрү айтышы мүмкүн экен. Ал жерде жасаган эмгегиңе жараша, канча кийим тиксең ошончо тыйын ала турган жумуш экен. Ошонун бардыгы менен таанышып чыктык.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги
Абдысияевдин айтымында, “Атайын кийимдер” деген аталыштагы тигүүчү цех менен “Интерес” аттуу фирманын ортосунда жумушчуларды таап берүү боюнча атайын келишим бар. Бул келишим боюнча деле мыйзам бузуулар табылган эмес. Ал эми Кыргызстандан барган 30дан ашуун мигрант кыз-келиндердин көбү "Интерес" фирмасынын Изатулло Анарабев деген өкүлү аркылуу барышыптыр.

Анткен менен аталган шаарда иштеп калган кыргызстандык мигранттар маселенин толук чечилбегенин “Азаттыкка” билдиришүүдө. Өзүн Гүлжан Арапова деп тааныштырган мигрант жумуштун оордугуна, айлык акынын аздыгына даттанууда. Учурда Кыргызстандан барган кыз-келиндердин көбү мойнуна илинген карызды төлөөр замат мекендерине кайтууга шашып турушат.

- Азыр Кыргызстандан келген 27 кыз калды, мурда 30дан ашуун болчу.

"Азаттык": Элчиликтен өкүлдөр барган экен. Алар иштеген, жашаган шартыңыздарды жакшы деп айтып жатышат.

- Жабдуулар жаңы, жатакана бекер. Бирок жумуш абдан оор болуп жатпайбы. Эртеден кечке турбай иштейбиз, айлык акыбыз эмгегибизди актабай жатат. Мен да үй-бүлөм менен сүйлөштүм. Кайын сиңдилерим Москва шаарында иштейт. Акча салып, 20 миң 500 рублди төлөсөк эле кетебиз деген кыздар көп. Акча сала албай, жардам бере албагандар эле бул жакта калып калбаса, баары эле кетебиз деп жатышат. Мынча акча карыз болорубузду биз келгенде билдик. Биринчи 15 миң деп айтышкан эле. Ал эми Кыргызстанда келишимди бер, окуйлу десек Изатулло деген аны-муну айтып шылтоолоп бербей койгон.
Мен ооруканага да жатып калдым. Дары-дармекке эмес, нанга 20 рубль таба албай калдым.

"Азаттык": Барганда паспортуңуздарды алып койгону чынбы?

- Ооба, паспортту эмдигиче бере элек. Паспортубуз өздөрүндө.

Изатулло Анарбаев деген адам менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми биз башында сөз кылган Тамара Жумакадырова тигүүчү цехтин жетекчилиги акыйкатчыга да, элчиликтин өкүлдөрүнө да туура эмес маалымат берди деп эсептейт.

- Татьяна Рыжкина абдан жакшы сүйлөйт. Турсунбек Акунга жана элчиликтен барган өкүлдөргө да башка нерсени айтып койду. Негизи анын 40 адам иштеген жакшы бир уюму бар. Элчиликтен барса, ошону көрсөтүп коюптур. Бизди болсо урайын деген имаратка алып барган.

Акыйкатчы институту менен Орусиядагы элчилик бул маселени өз көзөмөлүнө алганын билдиришүүдө.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, жылына орто эсеп менен 200-300дөй кыргызстандык жаран кулчулуктан куткарылса, быйыл мындай кишилердин саны 400дөн ашып кеткен. Эксперттер эркинен тыш кара жумушка салынгандар негизинен Орусия менен Казакстанда экенин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG