Апаке, Орусиядан кайтып келчи...

Чоң апасынын колунда калган балдар. Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков айылы.

"Азаттык" мигрант балдар тууралуу баянды сунуштайт.

"Азаттык" чек арадагы мигрант балдарынын сүрөтүн алардын ата-энесинин жана жакындарынын кагаз жүзүндө берген уруксаты менен гана жарыялап жатат. Башка басылмаларга көчүрүп басууга болбойт!

Баткен облусу боюнча ата-энеси чет өлкөгө жумуштап кетип, жакындарынын кароосунда калган 15 миңден ашык бала бар экени айтылып жүрөт. Алар эки-үч жылдап чет жерге иштөө үчүн кеткен ата-энесин көрө элек.​

Курбанбек, Рахатай, Данагүл...

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш айылдарындагы миграцияга кеткендердин балдары көбүнчө жакындарынын колунда калат.

Алардын бири - тогуз жаштагы Курбанбек. Ал атактуу футбол жылдызы Роналдунун күйөрманы. Бала миграцияга кеткен атасын бир жылдан бери көрө элек. Курбанбек атасы футбол ойногондо кие турган бут кийим анан топ алып келип беришин күтүп жүрөт.

Тогуз жаштагы Курбанбек.

Беш жаштагы Рахатай Москвада иштеп жүргөн атасынын атын бир күндө жүз жолу кайталайт.

Рахатай

Рахатай жана анын иниси Алинур бала бакчага барышат.

Рахатайдын иниси менен сиңдиси.

​Рахатайдын сиңдиси Раяна момпосуйду жакшы көрөт.

Оозуна момпосуйду толтуруп алган Раяна.

Бул - Эламан. Беш жашында селкинчектен кулап, омурткасынан мертинип баспай калган. Атасы Орусияда иштеп, уулун дарылаткан.

Эламан жана анын карындашы Анара.

Эламан азыр балдактын жардамы менен мектепке барып келет. Келечекте ырчы болууну самайт.

Эламан апасы менен короодо.

Эламандын алты жаштагы карындашы Анара “атам эрте келсин, көп акча тапсын” деп тилек кылат. Ал беш бир туугандын кичүүсү.

Анара.

Төрт жаштагы Таттыбүбү чоң апасынын колунда чоңоюп жатат. Апасы эки жыл мурда Орусияга кеткен. Секелек учурда энесин сагынып, куса болуп жүрөт.

Небересин сооротуп жаткан эне.

Таттыбүбүнүн эжеси Феруза 12 жашта. Ал чоң апасынын жардамчысы, сиңдисинин тиреги. Апасынын Орусиядан кайтып келишин чыдамсыздык менен күтөт.

Таттыбүбүн чоң апасы менен эжекеси.

Алты жаштагы Абдували тубаса майып. Ал кара түстөгү оюнчук автоунаасын жакшы көрөт. Аны атасы бир жыл мурда Орусиядан алып келип берген.

Абдуали сүйүктүү оюнчугу менен.

Абдуалинин карындашы Данагүл Москвада иштеп жүргөн атасын аябай сагынды. Күн сайын дүрбү салып атасы кайтып келчү жолду карайт.

Данагүл.

Албина, Уулкан, Алихан аттуу бөбөктөр жана алардын 12 жаштагы эжеси Айтурган коңшу Тажикстан менен чектеш айылдардын биринде 82 жашка чыккан чоң апасынын колунда чоңоюп жатышат. ​Балдардын ата-энеси алган насыясын төлөй албай калганда Орусияга кетүүгө мажбур болушкан.

Алихан эки жашка жаңы чыкканда апасы миграцияга аттанган.

Алихан.

Беш жаштагы Уулкан келечекте дарыгер болгусу келет.

Апасын сагынган Уулкан.

Социалдык коргоо кызматтарынын өкүлдөрүнүн маалыматында Кыргызстанда ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 277 миң бала бар. Алардын ичинен 119 миңдей баланын ата-энесинин экөө тең эмгек миграциясында жүрөт.

Чоң энеден таалим сабак.

Мигранттардын балдары ата-энени сагынды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Миграция жана балдардын сагынычы

Ырайымсыз миграция, ташталган балдар

27-майда Бишкекке Москвадагы ымыркайлар үйүнөн 6 айдан 1,5 жашка чыга элек алты наристе алынып келди. Алардын бирөө туугандарына берилген.

Төрт баланын энеси Лора Умарова - Бишкектеги балдардын реабилитациялык борборунун ыктыярчысы. Бош убактысында балдарды караганга жардам берген эне аларга мээримин төгүп, жылуулук бергиси келет.

Анын колунда сүт куюлган идиштин упчусун чопулдатып соруп жаткан 3,5 айлык Асел бул борборго бир апта мурда Москвадан алып келинген:

Лора Умарова Аселге сүт берип жатат.

​«Башында бул балдарды көрүп аябай ыйлагам. Аларга боорум ооруган. Азыр өз балдарымдай көрөм, алар да мени таанып калышты. Кээде тамак берип отурганда "Ушул наристени кантип ата-энеси таштап кетти?" деп ойлой берем».

27-майда Москвадан Кыргызстанга Аселден башка дагы беш ымыркай алып келинген. Алардын кичүүсү үч жарым айлык Асел болсо, улуусу араң бир жаш, эки айга толду.

Балдардын бирин туугандары алып кеткен. Калган бешөө жакындары табылганча борбордо болот. 4,5 айлык Улар - балдардын эң активдүүсү, башын көтөрүп, күлүп, жакшы тамак ичет. Ал эми тогуз айлык Тимур тубаса жүрөк кемтиги оорусу менен төрөлгөн.

Бишкектеги төрт жашка чейинки балдардын реабилитациялык борборунун педиатры Гүлжан Ашымова Орусиядан алып келинген балдардын көбүнүн саламаттыгы начар экенин айтты:​

Гүлжан Ашымова

«​Балдардын көбү ара төрөлгөн. Биринин жүрөгүндө кемтиги бар. Салмагы, өсүп-өрчүүсү жай. Биз энелери курсактагы түйүлдүккө кантип кам көргөнүн билбейбиз да. Мүмкүн ошондо эле баланы төрөсөм кайда алып барам деп кабатыр болгондур же боюнан алдыргысы келгендир. Ар бир бала аны сезет. Балдарга медициналык, социалдык кызмат көрсөтөбүз. Туугандары табылганча, биздин көзөмөлдө болот».

Бишкектеги балдардын реабилитациялык борборунда ушул тапта 69 бала бар. Алардын ичинен сегизин Орусиядан алып келишкен. Былтыр ушул эле борборго Орусиянын шаарларынан мигранттардын кароосуз калган 15 баласы жеткирилген. Алардын 12син туугандары жана башка үй-бүлөлөр асырап алган.

Баласын унуткан келиндер

Кыргыз өкмөтү 2011-жылдан бери Орусияда төрөлүп, ата-энеси баш тарткан 98 баланы алып келген, арасынан бир ымыркай ооруп чарчап калган. Балдардын көбү Москва, Красноярск, Новосибирск шаарларында ташталган. Эмгек мигранттары көп барган Орусиянын башка булуң-бурчтарында да наристелерден баш тартуу фактылары катталганы менен алар тууралуу статистикалык так маалымат жок.

Ал эми өкмөттүн 2014-жылы ишке кирген токтомуна ылайык, мигранттардын балдарын алып келүү үчүн жылына 1,5 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Каражат наристелердин ата-энесин издөөгө же аларды асырап ала турган башка үй-бүлөлөрдү табуу иштерине да жумшалат.

Дагы караңыз Миграция: өлүп кутулган "өгөй" балдар

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өкмөттүн башкы милдети ал балдарды туугандарына өткөрүп, үй-бүлө шартында жашаганга шарт түзүп берүү деп билдирди:

​«​Жарандарыбыздын балдары Кыргызстанга келгенге чейин эле алардын жакындарын издөө башталат. Кээ бири дароо терс жообун берет. Бирок балдар алып келингенден кийин деле алар менен кайра байланышып чыгабыз. Анткени канча бир убакыт өткөндөн кийин баламды алып кетет элем деп кайрылгандар чыгат. Биздин башкы милдет балдарды өзүнүн туугандарына өткөрүп берүү. Эгер тууганы алып кетпесе гана асыроого берилет. Ушул убакытка чейин алып келинген балдардын көбү үй-бүлөлүк шартта жашайт».

Ализа Солтонбекова ушул тапта өкмөт балдарды Бишкекке гана эмес, алардын туугандары жашаган башка аймактарга да жеткирип берүү чараларын көрүп жатканын кошумчалады. Кыргызстанда ар кандай багыттагы 127 балдар мекемесинде 11 миңден ашуун кароосуз бала тарбияланып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.