"Миграция биздин балалыкты томсортту..."

Иллюстрация

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын 800 миңден ашык жаран чет өлкөдө иштеп жатат. Кыргыз бийлиги көп жылдардан бери чет өлкөлөрдө иштеген мигранттар жиберген каражатты санап, "казына толуп жатат" деп ыраазы. Ошол эле учурда алардын үйүндө кароосуз калган балдарынын келечеги коомчулукта олуттуу маселе катары айтылып келет.

Балалык күндөрүн, андагы уйгу-туйгу сезимдерин кейип эскерген Анара азыр 28 жашта. Ал мигрант үй-бүлөнүн кызы. Жети айлык кезинен Кочкордогу таенесинин колунда чоңойгон:

- Эртең менен туруп "чай ичип кет" деген адам жок болчу. Эненин мээрими башкача го? Азыр башка үй-бүлөлөрдү көргөндө андай жылуулукту көрбөгөнүмдү сезем. Таенем ишке эртең менен кетет, кечинде келет. Мен өзүм менен өзүм эле жүрө берчүмүн. Апам менен атам мен жети айлык кезимде ажырашып кетип, апам иштегени кетет. Акча салып турчу, жаңы жыл сыяктуу майрамдарда белек-бечкегин көтөрүп келчү. Мүмкүн иштебесе болбойт эле, мүмкүн бул аргасыздык эле. Бирок менден эмнегедир таякелерим: "Апаңды сагындыңбы?" деп сурашса: "Сагындым" деп айта алчу эмесмин.

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москвада кыргызстандык мигранттар батирлерде бала бакча ачып же бөбөктөрдү өз алдынча окутуп келишет. Быйыл ачылган Kids club борбору мигранттардын балдарын окутуп, тарбиялап жаткан учуру.

Анаранын апасы Казакстандан ал он жашка чыкканда келген. Ага чейин экинчи жолу турмуш куруп, топтогон акчасына Бишкектен үй алышкан.

Энеси жана өгөй атасы менен чогуу жашап калган кезде Анара энесинин энелик жылуулугун сезе албай калган:

- Апамды барып кучактап, бетинен өбө алчу эмесмин. Энемдин койнуна жата алчу эмесмин. Апамдын туулган күнү болуп калса да аны куттуктап, кучактап коюш кыйын эле. Апам да мени суз эле "рахмат" деп кабыл алып койчу. Ал апам, мен анын баласы болсом да ортодо муздактык бар болчу. Кийин өспүрүм куракта бири-бирибизди түшүнчү эмеспиз. Мен эне катары аны сыйлап, ага сырларымды да айтып берчү эмесмин.

Анаранын энеси экинчи турмушунан да ажырашып, ушул тапта Орусияда иштеп жатат. Анара өзү турмуш куруп, эки баланын энеси болгон. Бирок ал өзү албаган мээримди балдарына бере албай жатканына кейийт:

- Апам дагы эле башка өлкөдө, дагы эле андан алысмын. Азыр турмуш куруп, балалуу болуп, эне эмне экенин билип калдым. Кайненем мага "сенин балдарыңа мээримиң жок" деп көп айтат. Ал муну "кесарево" жолу менен төрөгөнүмдөн көрөт. Мен энелик милдетимди толук аткарам. Кийинтип, курсагын тойгузуп, ден соолугуна кам көрөм, бирок үзүлүп түшүп, мээрим төгүп, эркелетпейм. Бир аз мерезмин. Мен убагында албаган же менде жок сезимди кантип аларга берем?

Анара ушул тапта психолог менен иштешип, балдарына жылуулукту сактап калууга аракет кылат. Ал убагында мээримге зар болуп чоңойгон мигранттын жалгыз кызы эмес.

- Бизди өздөрү бакпаганы үчүн аларга таарынычым бар. Ортодо келишпестиктер көп, - дейт ал.

Дагы бир мигрант бүлөнүн ушинтип сөз баштаган кызы Замира жыйырма жашта. Анын жана бир туугандарынын балалыгы Жалал-Абаддагы туугандарынын үйүндө көчүп-конуп жүрүп өткөн:

- Биз айылда иним, сиңдим болуп чоңойдук. Мен энемдин колумда, сиңдим менен иним таенемдин колунда жүрүштү. Бизди багыш үчүн ата-энем Казакстанга иштегени кетишкен. Эч нерседен кем кылышкан жок. Акча менен кийим-кечени байма-бай салып турушчу. Биз мектепте элдин алды болуп жүрчүбүз.

Замиранын ата-энеси чет жерге иш издеп, миграция күчөй баштаган 90-жылдары кеткен. Алар Казакстандын базарында кийим-кече сатып иштечү. Он жыл ичинде Замиранын үй-бүлөсү топтогон акчасына Бишкектен заңгыраган үй алган:

- Бир туугандарым менен Бишкекке көчүп келип жашап калдык. Андан бери мен эрте эле турмуш куруп, күйөөгө чыктым. Бирок жолдошум менен пикир келишпей ажырашып, кайра үйгө келдим. Үйүбүз абдан чоң, жашообуз абдан жакшы, бирок баары бир муздак. Сырдашуу, бири-бирибиз менен сүйлөшүү жок. Ортодо таарыныч бар. Кээде "мүмкүн ушундай жашоо үчүн ажырашып, турмушум бузулду" деп ойлоп кейийм.

Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан жакшы жашоо издеп чет мамлекеттерге чыгып кеткен жарандардын саны миллиондон ашып кеткени айтылып жүрөт. Адатта чет жерге чыккан мигранттар балдарын чоң ата, чон энелерине же жакын туугандарына таштап кетүүгө аргасыз. Айрым учурларда мигранттардын балдарын "ата-энелүү жетимдер" деп да коюшат.

Адистердин баамында мигранттардын балдары социалдык кыйынчылыктарга көп туш болушат. Өз жанын кыюуга барган балдардын басымдуу бөлүгү да ошолор. Жатак үйлөрдө жашаган балдардын 10 пайыздан 40 пайызга чейинкисинин ата-энелери - сыртка иштегени кеткендер.

Эки жума мурун Чүй облусунда миграциядан келген энесин баласы досу экөө бычактап өлтүргөн окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Мигрант келин баласынын бүтүрүү кечесине келгени, ал эми бала чоң энесинин колунда тарбияланганы тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Коомчулукта бул кылмышты баланын энеге мерез болуп калганынан көргөндөр болду.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ушу тапта бир жарым жаштагы небересин багып жатат. Анын уулу менен келини жумушсуздуктан улам чет өлкөгө иштегени кеткенге аргасыз болушкан:

Азиза Абдирасулова

- Экөөнүн тең билими бар, бир эмес, бир нече чет тилди билишет. Бирок Кыргызстанда жакшы жумуш табылган жок. Тапкан айлыгын да убагында бербей кыйнашты. Арга жок кетишти. Анан эмне кылабыз? Бул укук коргоочунун үй-бүлөсүндөгү жагдай болуп жатат. Башкалардыкын айтпай эле коеюн. Неберем кичинекей, курсагын тойгузуп, кийинтип, карап койсом жүрө берет. Бирок ал да чоңоёт. Мектепке барат, өткөөл курагы келет, ошол убакта ата-эне мээримине муктаждык сөзсүз жаралат.

Укук коргоочу мигрант ата-энелердин балдары өздөрүнөн алыс өсүп жатышынын эки жагдайын белгилеп, мамлекеттин кийлигишүүсү керек деп эсептейт:

- Бул маселенин эки жагы бар. Ата-эне мээрими менен баласынын курсагын тойгузуп, кийинте албайт, ал эми кийими бар, ток бала баары бир ата-эне мээримине муктаж болуп чоңоёт. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Анткени ата-эненин тарбиясы таптакыр башка. Биз мисал - "ушул неберемдин ата-энеси алыста" деп, оюндагысын кылып, жумасына жок дегенде бир жолу ойнотуп, дүкөндөн каалаганын алып беребиз. Мындай тарбия да туура эмес экенин жакшы билем. Бирок арга жок.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2017-жылы жүргүзгөн иликтөөдө Кыргызстанда ата-энеси ички же тышкы миграцияга кетип, кароосуз калган 24 миң бала бар экени аныкталган. Башкача айтканда, Кыргызстандагы ар бир беш баланын төртөөнүн ата-энеси чет жакта иштеген эмгек мигранты.

Балдар менен иштеген эл аралык уюмдар алардын саны алда канча көп экенин айтып жүрүшөт. Министрликтин үй-бүлө жана балдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Чолумова балдарын туугандарына таштап кеткен мигранттарга мыйзамдуу түрдө камкордук көрүү маселесин чечүүгө чакырат:

- Ата-эне балдарын туугандарына же тааныштарына таштап жатканда мыйзамдуу түрдө камкордукка өткөрбөйт. Эгер мунун баары мыйзам чегинде болгондо, баланы алып калган тарапта жоопкерчилик болмок. Анткени жашыруун эмес, көбүнчө зордук-зомбулукка кабылган балдардын арасында туугандарынан запкы көргөн мигранттардын балдары бар. Адатта бул балдар менен райондук социалдык башкармалыктардын адистери тыгыз иш алып барат. Алардын жашоосун көзөмөлгө алып, түшүндүрмө иштерин жүргүзүп турушат.

Кыргызстанда эки миллион 200 миңден ашык бала бар.

"Азаттыктын" архиви: Мигрант эне

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.