Эмдөө көп ооруга бөгөт

Ушул аптада Кыргызстанда эмдөө жумалыгы башталды. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен Европа жана КМШ мамлекеттеринде жылына өтүүчү бул иш-чарага Кыргызстан 2007-жылдан бери катышат.

Эмделбеген адам жугуштуу кандай ооруларга туруштук бере албайт? Эмдөө үчүн дары-дармектер кайда жасалат? Өлкөдө жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда каттоосу жок тургундар эмделүүгө укуктуубу?

“Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” талкуусуна Республикалык иммунопрофилактика борборунун дарыгери Жолдош Калилов жана Бишкек шаардык иммунопрофилактика бөлүмүнүн дарыгери Нарынкүл Орозакунова катышты.

“Азаттык”: Жолдош мырза, Кыргызстанда ушул апта ичинде канча жаштагы канча бала эмделет? Алар кандай ооруларга каршы жасалат? Эмдөө бекер болобу же вакцина сатылабы?

Жолдош Калилов: Эмдөө апталыгынын негизги максаты калктын өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жугуштуу ооруларды алдын алуу маданиятын калыптандыруу жана анын өтө зарыл экендигин түшүндүрүү, балдар менен убагында эмделбей калган чоң адамдардын эмделишине шарт түзүү.

Талас: баласын эмдетпегендер көбөйдү

Талас: баласын эмдетпегендер көбөйдү

Талас облусунда 250дөн ашык ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартты. Бул кадамга алар диний көз караштан улам барышууда.

Эмдөө Саламаттык сактоо министрлиги түзгөн календарга ылайык бардык аймакта бекер жүргүзүлөт. Бул иш бала төрөлгөндөн баштап 56 жаш куракка чейинки адамдарга жасалат. Ал кызамык, кептөөр, кургак учук, шал, В формасындагы сарык, көк жөтөл, сенек ооруларына каршы жүргүзүлөт.

Эмдеткиси келген бардык адамдар медициналык жайларга кайрылып, календарга ылайык дары куйдуруп алса болот. Бирок эмдөө дени сак адамдарга гана жасалат. Эгер эмдөөдөн мурун бала болобу, чоң адам болобу бир аз сыркоолоп турса эмдетпеш керек. Жакшы болгондон кийин гана жасатуу зарыл жана ата-эне балдарды тыкыр көзөмөлгө алып турушу керек.

2010-жылдан бери эмдөөгө бюджеттен каражат жакшы эле каралып жатат. Мисалы, 2015-жылы 91,6 миллион сом берилди, анын ичинен 34,4 миллион сому кызылчаны эмдөөгө кетти. Ал эми 2016-жылы 66 миллион сом берилип, ага алынган вакцинанын көлөмү 1 миллион 850 дозага жетти.

“Азаттык”: Нарынкүл айым, ал эми Бишкек шаарында эмдөө кандай жүргүзүлөт? Бишкектеги жаңы конуштарда каттоосу жок миңдеген үй-бүлөлөр бар эмеспи, алардын балдары дагы эмделеби?

Нарынкүл Орозакунова: Албетте Бишкекте расмий катталган 48 жаңы конуш бар. Расмий макамын ала элек андан башка дагы бир топ конуштар бар. Алардын көбүндө каттоосу жок адамдар турушат. Ага карабастан ата-энелер балдарын жакын жердеги медициналык жайга кайрылып эмдетишсе болот. Бул жерда мамлекеттик каттоонун зарылдыгы жок. Себеби бул жумалыктын алдына эмделбей калган адамдардын эмделишине шарт түзүү милдети коюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.