Памир Асанов менен Матраимовдордун кудалыгы

Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жаңыдан дайындалган министрдин орун басары Памир Асановдун буга чейин талкууга түшкөн Райымбек Матраимов менен туугандык байланышы бар экенин расмий ырастады.

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда милициянын кызыкчылыгын сатты» деп иштен бошотулган ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ордун ошол эле күнү Памирбек Асанов ээлеген. Бул кызматка дайындалары менен анын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен туугандык байланышы талкууга түштү. Министрлик туугандык байланышты 26-августта расмий түрдө ырастады. Маалыматка ылайык, Памирбек Асановдун уулу экс-бажычынын эжеси Фарида Матраимованын кызына үйлөнгөн.

ИИМ.

«Балдар баш кошуп жатышкан соң карым-катыш деген болот, мурда балдар бири-бирин таап баш кошконго чейин куда-сөөктөр бирин-бири таанышкан эмес. Экинчиден алардын куда-сөөк болгонуна бир топ жыл болгон. Эми бул маселени атайылап Асанов министрдин орун басары болуп иштеген кезде көтөрүп жатышат. Мурда ал маселе айтылган эмес», - деп жазылган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында.

Памирбек Асанов болсо бул маалымат боюнча комментарий берген жери жок. Негизи Асанов укук коргоо тармагында 30 жылга жакын убактан бери иштеп келет. Ал буга чейин Ош жана Бишкек шаардык милициясынын жетекчи орун басары болуп эмгектенген.

Быйыл июнь айында анын 30 жаштагы уулу Эрнест Асанов Жайыл райондук милициясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Айрым маалыматтар боюнча Асановдун дал ушул уулу Матраимовдун эжесинин кызына үйлөнгөн.

Министрлик бул туугандык байланыштан саясат издебөөгө чакырганы менен коомчулукта ал абдан көп талкууларды жаратууда. Бир тууган Матраимовдор жана алардын жек-жаат, туугандары боюнча маселе буга чейин да элдин назарын бурган жайы бар.

Гүламжан Анарбаев жана Райымбек Матраимов.

Маселен, буга чейин өлкөгө кирген-чыккан финансылык булактарды көзөмөлдөгөн Финансылык чалгын кызматынын азыркы төрагасы Гуламжан Анарбаев Матраимовдор менен куда экени аныкталган. Ал кезде «Матраимовдордун мүлкүн жана каражат которушун текшерүүгө милдеттүү органды тууганы башкарышы туура эмес» деген пикирлер айтылган. Бирок өкмөттүн жетекчилиги бул жагдайга көңүл буруп, чара көргөн эмес.

Эми ИИМдин жетекчилигине Матраимовдун дагы бир кудасынын кызматка дайындалышы бийлик өкүлдөрү бул маселеге көңүл бурбайбы деген суроону жаратты.

«Марал» радиосунун директору, эксперт Руслан Акматбек артынан көп сөз ээрчип, өлкө башчысы баш болуп мүлкүн текшерүүнү талап кылган адамдардын жакынынын күч органдарынын жетекчилигине дайындалышы коомчулукта кандай болсо да шектенүүлөрдү жаратпай койбойт деген оюн айтты:

Руслан Акматбек.

«Бүгүн коомчулук канчалык кыжырданса деле, каршы чыгып, нааразылыгын билдирсе деле «коррупцияга аралашты» деген адамдын жакындарынын кызматка дайындалышы мамлекетте бийликти бекемдөө же ресурсту бөлүштүрүү деген гана баалуулуктар маанилүүбү деген суроо жаратат. Башка мунун аныктамасы жок. «Мына бул жерде коррупция болушу мүмкүн» деп айтса деле аны көрмөксөнгө салып уланта берүү бул абдан чоң суроо жаратат».

Ал эми Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өлкөдө кадрдык маселелер курчуп турган учурда бул жагдайга өзгөчө көңүл буруш керек экенин айтууда.

Анткен менен Памирбек Асановду кесипкөй милиция кызматкери катары сыпаттап, анын министрдин орун басарлыгына өз күчү менен жеткенин айткандар да бар. Маселен, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даудов:

«Памирбек Асановду мен жакшы тааныйм. Ал ИИМде бардык тепкичтерди басып өтүп, азыр орун басарлыкка дайындалды. Ага чейин Тергөө кызматын жана башка кызматтарды ээледи. Анан ал кимдир-бирөөнүн колдоосу менен же башка себептен улам кызматка көтөрүлгөн жок. Асанов министрликтин борбордук аппаратында абдан чоң сый-урматка ээ», - деди.

Кыргызстанда Райымбек Матраимов менен анын жакындарынын мүлкүнө байланыштуу кептер акыркы эки жылдан бери кыйла талкууларга жем таштап келет. Бир топ жыл бою Мамлекеттик бажы кызматында жетекчилик кызматтарды ээлеген Матраимовду «бажы тармагында коррупциялык схема түзгөн» деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыптап чыккан. Матраимовдор айтылган сөздөрдү негизсиз деп, жалган каралоо катары сыпаттап келет. Кызык жери, Матраимов бул мекемедеги эң жогорку кызматтарда Атамбаев бийликте турган жылдары иштеген.

Дагы караңыз Кыргызстандан изи сууган миллиондор

Коомчулукта тараган сөздөрдөн кийин президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Матраимовдордун мүлкү текшериле баштаган. Текшерүүнү жүргүзүп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) буга чейин алгачкы жыйынтыкты жарыялап, Матраимовдор 24 миллион сомдук салыкты жашырганын кабарлаган эле. Финполиция чет өлкөдө бул үй-бүлөгө катталган мүлк объектилери боюнча текшерүү аяктай элек экенин билдирди.

«Азаттык» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө чыгарып, Ысмайыл Матраимов атындагы фондго келген каражаттар жөнүндө жаңы маалыматтарды жарыялаган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу Кытай жараны аркылуу бир нече жолу күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан бул фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу сөз болгон. Бул иликтөөнү Матраимовдор курулай доомат катары баалашкан.

Райымбек Матраимовдун бир туугандары жогорку кызматтарды ээлеп келишет. Маселен, мурдагы бажычынын агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болсо, дагы бир агасы өлкөдөгү эң ири Кара-Суу районунун акими. Иниси Ислам Матраимов анын мүлкүн текшере турган Финполициянын ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгын жетектеп келген. Ал акыркы текшерүү маалында өз арызы менен кызматтан кеткени белгилүү болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.