Макмалдын алтыны дээрлик түгөндү. Комбинатта болсо план аткарылбай, чыгаша көбөйдү жана кенчилер алтын уурдоо чектен ашканын айтып чыгышты.
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жайгашкан "Макмал" алтын комбинатынын тегирмендери 1986-жылдан тарта иштейт. Ошондон бери техника дээрлик жаңыра элек. Комбинаттын ичи да бир топ жылдан бери оңдоп-түзөтүлгөн эмес. Темир түркүктөр, шыптар, түтүктөр жана дубалдар жедеп эскирип, чирип бүткөн. Урай баштагандыктан ичинде жүрүү опурталдуу.
Комбинатта жүздөгөн адам иштейт. Алардын бири Бакытбек Акунов шарттын начардыгын, маяна акынын аздыгын, көңүл бурулбай калганын айтып даттанууда:
- Айлыгыбыз 6-7 миң сом. Алтын өндүрүлгөн жерде айлык мындай болбош керек. Жумушубуз оор эле. Бул жерде цианид деген уулуу заттар менен иштейбиз. Өкмөттүн көңүлү түз болсо, көңүл буруп маселебизди чечип берсе, карапайым элге жакшы болмок.
Алтын өндүргөн фабриканын башкы технологу Элдияр Керимакуновдун билдиришинче, эскилиги жеткен техникаларды оңдогонго каражат жок, мунун айынан иш үзгүлтүккө учурашы ыктымал:
- Бүгүнкү күндө тегирмендердин абалы өтө оор. Негизги тетиктери өз убагында камсыз болбой жатканына байланыштуу токтоп калуу коркунучунда турат.
Макмал түгөнсө, Кылдоо бар
"Макмал" алтын комбинатын кен менен камсыздоо да чоң маселеге айланган. Негизги запас түгөнгөн. Кенди жер алдынан казып алуу ыкмасы 2001-жылы башталган. Башкы адис Марат Сырымбековдун айтымында, ушул тушта жантайма жолдордо (штольня) да запас түгөнүп, болгону 1,5 тонна гана алтын калды. Ал ашып кетсе үч жылга гана жетет:
- Кендеги алтынчы жантайма жолдогу алтын иштелип бүттү. Азыр акыркы калдыктарын чыгарып жатабыз. Мындан кийин он жана он биринчи жантайма жолдор бар. "Макмал" алтын комбинатын негизинен 11-жантайма жолдон казылып алынган кен менен камсыздайбыз. Суткасына 540-560 тонна беребиз. Жакында 10-жантайма жолду ишке беребиз. Жантайма жолдорду казууга 2001-жылдан тарта өткөнбүз. Ага чейин бул жер карьер болгон. Кенди 2003-жылдан тарта бере баштаганбыз. Буга чейин 3 жана 7-жантайма жолдорду толугу менен казып бүткөнбүз. Азыр экөө эле калды. Андан кийин кен түгөнөт.
Макмалдын алтыны толук түгөнгөндөн кийин анын жанындагы Кылдоо кенин ачуу керектиги тууралуу бир топ жылдардан бери айтылып эле жүрөт. “Кыргызалтындын” жетекчиси Алмаз Алимбеков “Азаттыктагы” маегинде кенди иштетүү боюнча долбоор даярдалганын билдирди:
- 2011-жылы Кылдоо кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензия алганбыз. Ал жакта болжол менен 5 тонна алтын бар. Бирок Кылдоо Саймалуу-Таш улуттук паркына кирип калгандыктан биз чалгындоо иштерин жүргүзө албайбыз. Мыйзам боюнча улуттук парктын ичинде чалгындоо эле эмес, мал жаюуга да болбойт. Экономика министрлиги Кылдоо кенин иштетүү боюнча долбоор даярдаган. Азыр ал тиешелүү министрлик-мекемелерден макулдашуудан өтүп жатат. Кылдоону каза баштасак Макмал алтын комбинатынын өмүрү узарат.
Алмаз Алимбеков кыргыз өкмөтү Кылдоону өзү каза албай турганын, ошондуктан инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады. Ага ылайык, кенге Түштүк Корея, Швейцария жана Кытай кызыгууда.
"Мурда ыйманы менен уурдашчу..."
"Макмал" алтын комбинатындагы негизги маселе башкаруунун начардыгы экени коомчулукка жашыруун деле эмес. 6-июлда комбинаттын жана уурдоо боюнча чоң доомат айтылган алтын өндүрүү фабрикасынын башчылары күтүүсүз алмашты. “Кыргызалтындын” жетекчиси Алмаз Алимбеков Макмалда жумушчулар менен жолугушууда комбинаттын жетекчиси Жакшыбек Базаров үч айлык сыноо мөөнөттөн өтпөй калганын билдирди.
Комбинаттын башчысын алмаштыруу кен казгандар арасында бир топ нааразылык жаратты. Сыргак аттуу кенчи жетекчи дайындоодо жумушчулар менен эсептешпегенин, алар күткөн адам дайындалбаганын сынга алды:
- Мына, жаңы директорду алып келдиңиз. Биздин эл Батырбеков келсе экен деп, ошону колдоп жатканбыз. Ал иштеген киши эле. Биз ошону дайындап бериңиз деп сурандык эле. Мен кечээ бул боюнча сизге да чалгам. Эми жаңы директорго деле ишенип туралы. Буга бир ай убакыт берели. Иштесин, өзүн көрсөтсүн, бир айдын ичинде алтындын планын берсин. Эгер планды аткарса, дагы үч ай берили. Планды бир айда аткара албаса, өзү эле арызын жазып кетсин.
“Кыргызалтындын” башчысы менен жолугушууда кенчилер алтын өндүрүүчү фабрикада алтын уурдоону токтотууну талап кылышты. Уурдоо чектен ашканын бир ооздон билдиришти:
- Ай сайын 14 килограмм алтын жетпейт деген кандай шумдук! 10-15 килограмм алтын жөн эле уурдалат. Алтын уурдоого башкы геологдор да аралашууда. Алар да сатылып кетип жатат. Мурда да ыйман менен уурдашчу эле, планды толтуруп коюп, анан ашканын алышчу. Азыр болсо ыймансыз уурдап жатышат. Эмнеге буга жетекчилик жооп бербейт? Нөөмөт башчылар жооп бериши керек. Аларга үч ай мөөнөт берели. Планды үч айда аткарбаса кетирели.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дүйшөнбек Жусубалиев Макмал кенинде 90-жылдардан бери иштейт. Ал казылган кен менен өндүрүлгөн алтындын көлөмү тең болбой жаткан көрүнүш көптөн бери жоюлбай келгенине токтолду:
- Тоо цехинде берилген тапшырманы өз убагында аткарып, кенди ашыгы менен казып беребиз. Комбинатка кенди тиешелүү курамы менен жөнөтөбүз. Металл чыккан кезде анын салмагы менен кендин курамы такыр эле дал келбей калат. Бул ушул күнгө чейин келген көйгөй. Муну эч ким чече албай койду. Кай жактан кантип кетип атканы белгисиз. Жаңы технологияларды койгон менен дагы деле айырма чыгып келет. Эмнеден улам мындай болуп атканы белгисиз.
Толбогон план, эскирген жабдуулар
"Макмалда" алтын уурдалары, ага криминал аралашары айтылып эле жүрөт. Бирок “Кыргызалтындын” башчысы Алмаз Алимбековдун ынандырышынча, алтын эң ириде эски технологиянын айынан коромжу болуп жатат:
- Бул жерде себептери абдан көп. Биринчиден, жабдууларыбыз абдан эски. Жабдуулардын 60 пайызы жедеп эскирип бүткөн. Эгер муну биз өзгөртпөсөк алтын өндүрүүнүн көлөмү ушундай эле боло берет. Жабдууларды толугу менен жаңыртпасак чыгаша боло берет. Эми алтын уурдалат деп ар кандай эле сөздөр болуп жатат. Бирок колунан кармап албагандан кийин айта албайбыз да. Алтын жоготууда адам фактору бар деп айта албайм. Балким бардыр. Бирок негизинен объективдүү себептерден, жабдуулардын эскилигинен жоготуу болуп жатат. Дагы бир себеби жумушчулардын айлыгы аз. Бул маселе чечилбесе деле ушундай жоготуулар боло берет.
2012-жылы Башкы прокуратура "Макмалдан" 2010-2011-жылдары 160 килограммадан ашык алтын уурдалганы боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Бирок иш сотко жеткени, жоопко тартылгандар болгон-болбогону белгисиз бойдон калган.
Расмий маалымат боюнча "Макмал" алтын комбинаттын чыгашасы 90 миллион сомго жакындады. Соңку жылдары план аткарылбай келет. Маселен былтыр 375 килограмм алтын казылып алынсын деген тапшырма коюлган. Бул план 87 пайызга гана аткарылган. Быйыл беш айда 108 килограмм алтын өндүрүлүп, белгиленген пландын 65 пайызы гана аткарылды.
“Макмал” алтын комбинатынын жаңы дайындалган жетекчиси Каныбек Дыйканов абалды аздап жакшыртуу үчүн чукул арада жасалчу иштер тууралуу айтып берди. Комбинатты кайтаруу жакшырарын маалымдады:
Ай сайын 14 килограмм алтын жетпейт деген кандай шумдук! Алтын уурдоого башкы геологдор да аралашууда.
- Жантайма жолдордон казылган кендин көлөмүн тез арада көбөйткөнгө аракет кылабыз. Себеби комбинатка суткасына эң эле аз дегенде 700 тонна кен кириши керек. Биз бир күндө 700-800 тонна казганга аракет кылабыз. Ошондо айына биз 32 килограмм алтын чыгарсак, чыгашасы жок иштейбиз. Эгер андан да көп каза алсак биз анда пайда да көрө баштайбыз. Анан комбинатты кайтарууну жакшыртуу жолдорун да издеп жатабыз. Балким жеке күзөт агенттигин жалдайбызбы деп да ойлонуп жатабыз. Бирок жакында кайтарууну жакшыртуу боюнча чоң өзгөрүү болот.
“Макмал” алтын комбинатынын кирешелүү доору 1986-1996-жылдарга туура келет. 20 миңден ашык калк жашаган Тогуз-Торонун казынасынын 95 пайызы анын эсебинен толот. Бирок чаңы сапырылган, эзели асфальт түшпөгөн таштак жолдорду, анда ары-бери каттаган жолоочулар менен айдоочулардын тарткан азабын көрүп Тогуз-Торо Макмалдан маарып деле кетпептир деп тыянак чыгарууга болот...