Макмалдын абалы чатак
Макмал алтын комбинатынын тегирмендери 1986-жылдан тарта иштейт. Ошондон бери техника дээрлик жаңыра элек. Комбинаттын ичи да бир топ жылдан бери оңдолгон эмес. Темир түркүктөр, шыптар, түтүктөр жана дубалдар жедеп эскирип, чирип бүткөн. Урай баштагандыктан ичинде жүрүү өтө опурталдуу. Учурда “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы комбинаттын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жолун издеп жатат.