Ошто балбанды сый менен тосуп алышты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто балбан Акжол Махмудовду Ош Эл Аралык аэропортунан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун жакындары жана шаар жаштары салтанат менен тосуп алышты. Акжол Махмудов 19 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж). 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Жакында эле Словакиянын Трнава шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медал тагынды.