Мадумаров: БШК саясий чечим чыгарды

Адахан Мадумаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. «Азаттык» партиянын лидери Адахан Мадумаров менен бул чечимге байланыштуу маектешти.

- Боршайкомдун чечими сиздер үчүн канчалык күтүүсүз болду?

- Мен үчүн гана эмес, бүтүндөй кыргызстандыктар үчүн да бул күтүлбөгөн чечим болду.

Кечээ жумуш тобунун чечимине БШК мүчөлөрү өздөрү да «Биз ыйгарым укуктарыбызды мыйзамда көрсөтүлбөгөн жакка көтөрүп жибердик, туура эмес иш жасадык» деп айтышкан. Ошонун натыйжасында кечээ өтпөй калган.

Бүгүн да, менин маалыматым боюнча, «Бүтүн Кыргызстанды» каттоо тууралуу токтомдун долбоорун даярдашкан. Ошол таратылган. БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова «Бизге таратылган токтомдун долбоорунда катталсын деп турат, экинчи токтомду качан даярдадыңар? Эмне үчүн биз көргөн жокпуз?» деп бир нече жолу баса белгилеп айтса да, үнүн катуу чыгарып суроо берсе да эч ким жооп бере албай, жер карап отурду.

Демек, танапис учурунда, 40 мүнөт ичинде бир жактан телефон чалуу болгонбу, буйрук келгенби, заматта чечимди өзгөртүп жиберишти. Анын бир гана себеби бар – «Бүтүн Кыргызстан» бүгүнкү бийликке оппозицияда турган жападан жалгыз элдик партия. Бардык сурамжылоолордун жыйынтыктарын карап көрсөңөр, башка партиялардан бир ат чабым, 21% чейин алдыда кетип баратат. Булардын титиреп кеткендиги ошол болду.

Дагы караңыз БШК тизме чырын сотко түрттү


Экинчиден, БШК «Ар бир адамдын укугун коргошубуз керек» деп кечээ да сайрады. «Бүтүн Кыргызстандын» жүз миңдеген шайлоочуларынын укугу алар үчүн оюнчукпу?

Ушунчалык көк беттик, эки жүздүүлүк өлкөнүн соңку саясий тарыхында болгон эмес. Жасашкан, бирок кандайдыр бир эрежелердин чегинде жасашкан. Бүгүнкүдөй башаламандык, өзүм билемдик, күчкө салам же акча менен чечем деген болуп көргөн эмес.

«Процедура бузулган» деп жатышат. Өздөрү, түз эфирде, мына, «Азаттыкка» чоң рахмат, көрсөтүп жаттыңыздар, процедура бузулуп жатканын бир нече жолу айтышты. Чечимдин долбоору таратылган эмес. Ошол жумуш тобунун мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Мен көргөн жокмун, кол койгон жокмун» деп жатат. Кантип? Сокур түрдө добуш бериштиби? Бул өтө чоң маселе.

Сотто териштиребиз бул маселени. Бүгүнкү чечимди укуктук эмес, саясий деп баалайм.

Дагы караңыз Шайлоодогу тизмеден чыккан тиреш


- 4-сентябрда үгүт өнөктүгү башталат. Сот аркылуу кайрадан жарышка кошулуу мүмкүнчүлүгүңөр канчалык жогору, жетише аласыздарбы? Мыйзамда мындай жагдайдын мөөнөт жагы кандайча жазылган?

- Бүгүн Кыргызстанда «мындай болот же тигиндей болот» деп айтуу мүмкүн эмес, себеби мыйзам иштебейт. Бандиттик, каракчылык орун алды, маселелерди акча гана чечет. Бирок биз колубузду куушуруп олтуруп калбайбыз. Эртеңден баштап укуктук талаада күрөшүүгө даярбыз. Кудай буюрса, эртең менен басма сөз жыйынын өткөрөбүз, бардык суроолорго жооп беребиз.

Мен эми баягыдай кылып ынтымакка, тынчтыкка чакырып тура турган инсан эмесмин. Эл өз укугун өзү тандап алсын, өзү коргоп алсын.

Булардын максаты - бизди аксатуу. Бардык күлүктөрдү коё берди да, бир күлүктүн бутун тушап койду. Эртеңден баштап башкалар кетет, алар узап кеткенден кийин «Кокуй, кечирип койгула, мына, адилеттүүлүктү орнотуп жатабыз» деп коё беребиз деген арам ойлору болушу мүмкүн. Бирок, кандай жагдай болгон күндө да биз тараптан чечкиндүү күрөш болот.

- Сиз айткандай, тоскоолдукту ким жасап жатат деп эсептейсиз?

- Биздин мамлекет башчы бир нече күчтөрдүн алдында барымтада турган сыяктуу. Мына ошол күчтөр чечет. Ал кечээ Коопсуздук кеңешинде өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. Жапырт ташып келип, шайлоочуларды №2 форма менен каттап жатышканын, бир да реакция жок экенин айтты. Реакцияны ким жасашы керек? Конституциянын кепили ким? Мыйзамдардын аткарылышы кимдин көзөмөлүндө? Прокуратуранын түздөн-түз жетекчиси ким? Өзү.

Мен бүгүн да айттым, эки эле партияны тыйып койсо, Кыргызстанда башаламандык болбойт.

Мына, белгилүү Рахман Разыков "бир айылда паспортту кимдер чогултуп, эмне менен ташып жатканын билишет, аларды издеп да кереги жок" деп айтпадыбы.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттаган жок

- Эгер сот сиздерди колдобогон чечим чыгарса, кадамыңыздар кандай болот? Соттун кандай гана чечими болбосун кабыл аласыздарбы?

- Он жылдан бери «Бүтүн Кыргызстан» мыйзамдан кылдай да кыйшайбай келе жатат. 2010-жылы биз парламентке өткөн партиябыз. Бирок, өлкөдөгү тынчтык үчүн деп мыйзамсыз иш-аракеттерге барган жокпуз. Бул үчүн мени партиялаштарым да, шайлоочулар да көп жолу сынга алышты. 2015-жылы да ушундай көрүнүш болду.

Эми мен Кыргызстандын элине кайрылып ачык айтам: өз укугуң өзүңдүн колуңда, өз тагдырың өз колуңда. Эгерде укуктук талаада сен адамдык укугуңду коргой албасаң, бийлик мыйзамдарды ушинтип тебелеп жатса, анда өз укугуң үчүн күрөш.

Мен эми баягыдай кылып ынтымакка, тынчтыкка чакырып тура турган инсан эмесмин. Эл өз укугун өзү тандап алсын, өзү коргоп алсын. Кандай жолду тандаган болсо, мен эл тарапта болом.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​