Мамлекеттик сырды ачкандарга жаза күчөтүлөт

Жогорку Кеңеш мамлекеттик сырды сактоо боюнча мыйзамды күчөтүү демилгесин көтөрдү. Ага ылайык, мамлекеттик сыр деп эсептелген бардык маалыматтарды чет өлкөгө жана эл аралык уюмдарга берген адамдар 6 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Эгер парламент бул демилгени колдосо, мамлекеттик сырды сактоого байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси өзгөртүлөт.

Демилгечи депутаттардын бири Турсунбай Бакир уулунун айтымында, мамлекеттик чыккынчылык деген эмне, тыңчы деген ким дегенге тактоо киргизилет.

- Азыр биз так көрсөтүп жатабыз. Бул бир гана Кыргызстандын жараны эмес, чет өлкөлүк уюм же болбосо чет өлкөлүк уюмдун өкүлү деп. Кыргызстандын жараны болобу, башкабы, же жарандыгы жок адам болобу - бардыгын киргизип жатабыз. Мисалы, коммерциялык, банктык, каржылык жана жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын түзгөн сырларды киргизип жатабыз. Эгер алар чет өлкөгө же эл аралык уюмдарга ушундай маалыматтарды берсе күнөөлүү, кылмышкер деп табылат. Алар 6 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат, бул - эң оор жаза.

Ал эми акчаны четтен жашыруун түрдө алып, мамлекеттин саясатына кийлигишкен иш-чараларды жасаса да ушул берене боюнча күнөөлүү деп табылышы ыктымал. Азырынча муну Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети жактырып, депутаттардын жалпы талкуусуна жөнөттү.

Жашыруун сыр – бул мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу болгон бардык маалыматтар. Буга мамлекеттик, аскерий жана кызматтык сырлар кирет. Экономикалык, банктык, коммерциялык жана саясий жактан түзүлгөн келишимдер да эрежелерге карап кириши мүмкүн. Ал эми укук коргоо органдары, аскердик кызмат, президенттин администрациясы жана өкмөт айрым маалыматтарды тактап, өтө жашыруун сырлардын тизмесине киргизет.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев азыр Кыргызстанда жашыра турган сыр деле калган жок деген пикирде.

- Бүгүн биз бүт ачыкпыз. Нарында, иш бөлмөдө, резиденцияда эмне дегенин баары эле билет. Анын эмнесин биз мамлекеттик сыр деп айтып атабыз? Бюджетти, органдарды караганда жашыруун тартипте карагыла деп айтышат. Бирок парламентке киргизип алып эле талкалап жатпайлыбы. Төрага унчукпайт го, сырбы, сыр эмеспи деп. Бүгүнкү күндө сырттан келип, мигрант болуп жүргөндөр канча? 150 миңдин тегереги. Балким андан да көптүр, мен билбейм. Ким кепил болот, жалаң эле кездеме сатып жүрөбү же алып келип жумуртка сатып жүрүшөбү? Ушунун баарын карашыбыз керек, бул татаал маселе. Ушул маселени баарыбыз ушул жерде талкуулап жатканыбыздын өзү мамлекетте жашыруун сыр жок дегенди билдирет.

Абдылдаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти айрым депутаттарды тыңшап, алардын изин куубай, сырттан келген тыңчыларды карагыла деп, тамаша-чыны аралаш коопсуздук комитеттин кызматкерлерин “чымчып” өттү.

- Биз бири-бирибизди жакшы билебиз да, кармап коюш эки мүнөт. Тигилерди кармагыла. Биз баары бир мамлекетке чыккынчылык кылбайбыз.

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдарга маек куруп, Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары иштеп жатканын, кырдаалды курчутуш үчүн акча тараткан маалыматтар бар экенин айткан.

“Альфа” антитеррордук коомдук уюмдун жетекчиси, мурдагы коопсуздук кызматкери Артур Медетбеков азыр өтө жашыруун сырларга көп көңүл бурулбай жатат деп эсептейт. Анын белгилешинче, депутаттар баш болуп бир топ мамлекеттик кызматкерлер өздөрү мамлекеттик сырларды ачык айтып, ката кетирүүдө.

- Кээ бир сыр деген эмне экенин түшүнбөгөн, мамлекеттик иштин түзүмүн, деңгээлин билбеген адамдар кемчилик кетирип, туура-туура эмес болсо да сырлардын бардыгын өздөрү айтып жүргөн учурлар көп болууда. Чет өлкөнүн Орусия, Америка, Кытай жана жакынкы кошуна өлкөлөрдүн Кыргызстанга болгон кызыгуусу, бул аймакты пайдаланып, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө аракети чоң. Кыргызстандагы тыңчылардын санын эч ким билбейт. Бирок иштегени көп эле маалым болуп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, 2012-жылы жашыруун сыр сактоо эрежесин бузгандыгы үчүн 8 адам кызматтан бошотулуп, 26 кызматкер тартиптик жаза алган. Ал эми 2009-жылдан бери мамлекеттик сырды ачкандыгы үчүн төрт-беш кылмыш иши ачылган. Буларды ачыктоо да мамлекеттик сырга киргендиктен ачык айтылган жок.