Жер маселеси боюнча митинг өттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынан жер тилке алган элүүгө жакын адам нааразылык акциясына чыгышты. Алардын айтымында, убагында сатып алган жер тилкелерине үй салууга жергиликтүү бийлик уруксат бербей жатат. Расмий маалыматка караганда, Военно-Антоновка айылынан 3 миңден ашык адам жер тилкесин сатып алып, эки миңге жакын адамдын "кызыл китеби" бар.