Туризм: Көлгө түшкөндөр көбөйдү

Ысык-Көлдөгү туризм сезону. 2018-жыл.

Ысык-Көлдө жайкы эс алуу сезону эми кызыгандай. Буга чейин аба ырайы жакшы болбой, туристтердин агымы анча байкалбай жаткан. Учурда көл жээгинде ички жана тышкы туристтер болуп эс алышууда. Көлдөгү быйылкы эс алуучуларга болгон шарт кандай?

Күн ысыганы Ысык-Көл аймагына келип эс алып жүргөн чет өлкөлүк туристтердин карааны көбөйө баштады. Алардын бири Девид Риманд Чех Республикасынан келген. Ал Кыргызстандын кооздугуна суктанып бүтө албай жатканын айтты:

Дэвид Риманд.

- Бул жер мага абдан жакты. Эс алып жаткан жеримдин тейлөөсү жогорку деңгээлде экен. Кыргызстан аябай жакты, меймандос эл экен. Бул жердин өзгөчө жакканы - бир учурда эле көлгө түшүп, анан тоого чыгып да эс алсаң болот экен. Кыскасы түрдүү жерде эс алса болот.

Девид Борбор Азияга саякатын баштаарда жакындары өтө кооптонгонун айтат. Себеби жарнамалоо жакшы болбогондуктан көпчүлүк турист келе албай жатканын билдирди:

- Бул жакта пиар жакшы жетишпейт экен, эмне болуп атканын биз тарапта көпчүлүк билбейт. Мен Борбор Азияга саякатымды баштаарда жакындарыма айтсам, баары кабатыр болушту. Ал жакта: "Эми сен эмне болосуң, ал эмне болгон өлкө?" деп сарсанаа болушат. Чынында Кыргызстан кооз өлкө экенин көпчүлүгү билбейт. Кыскасы пиар жок.

Девид эс алуу жайындагы бааларга да ыраазы.

Ал эми кыргызстандыктар болсо эс алуучу жайлардын баасы алардын абалына жараша экенин, коопсуздук, тейлөө жана башка жактары да каржылык абалына такаларын билдиришет. Бишкек шаарынан келип эс алып жаткан Асеин Төрөгелдиев буларды айтты:

Асеин Төрөгелдиев.

- Биз келген пляжда кемчилигин көргөн жокмун. Бардык шарттар бар экен, тамак-ашы берилип атат. Кызматкерлери өздөрү келип, кызматтарын көрсөтүп жатышат. Ал эми көл жээгинде куткаруучулары келип сурап, балдарды карап, көз салып турууну эскертип кетишүүдө. Азыр эми сууга чөккөндөр көп болуп жатпайбы, ошондуктан катуу карап жатышат окшойт.

Өткөн аптада өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусундагы иш сапарында Чолпон-Атада жыйында көл жээгиндеги айрым пансионаттардын шарты эс алуунун баасына туура келбей жатканын белгилеген:

- Түркиядагы эс алуучу жайларга салыштырмалуу кымбат болгон учурлар бар. Эс алып келген туристтер бир эле келип кетпестен, жылына эс алып келишине шарт түзүшүбүз керек.

Премьер-министр андан сырткары жол коопсуздугунун маселесин көтөрүп, сырттан келген эс алуучулардын автоунааларын жөнү жок токтотууну тыюуну талап кылган болчу.

Негизинен жол кырсыктары адамдар көп эс алган Ысык-Көл районунда катталып келет. Сезон башталганы өткөн жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыгы аз катталып жатканын жана туристтерге сылык мамиле жасалып жатканын Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Тимур Кадыров билдирди:

Тимур Кадыров.

- Тенденция өзгөрүп жатат. Бардыгына бирдей чара көрүлөт. Бул жерде сырттан келгени, ичтен келгени айырмасы жок, жол эрежесин бузса ага карата мыйзам чегинде чара көрүлүүдө. Мисалы, ичип алып айдагандар көбүнчө жергиликтүү тургундар болуп жатат.

Андан тышкары сезон башталганы быйыл Ысык-Көлдө эле сууга чөккөндөр көбөйүп кетти. Мындай учурга өзгөчө кырдаал кызматы суучулдарды окутуп, ар бир эс алуу жайына окуудан өткөн куткаруучулар кызматка киргенин белгилешти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдар кызматынын башчысы Урматбек Шамырканов окутуу жөнүндө маалымат берди:

Урматбек Шамырканов.

- Азыркы учурда бардык пансионаттардын, эс алуучу жайлардын куткаруучулары бизден окуудан өтүшкөн. Азыр кошумча дагы адамдар окутулуп жатат, алар Жети-Өгүз жана Тоң районунун балдары. Булар жардамга келүүгө даяр.

Сезон учурунда ар бир пансионатта же эс алуу жайында куткаруу иштерин жүргүзүш үчүн 128 жеке адис даярдалып сертификат алган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Ысык-Көл аймагы боюнча 18 суучул куткаруучу иш алып барат.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.