“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр келишимдеринин мыйзамдуулугун кайра карап чыгууну Башкы прокуратурага тапшырды. Ага чейин “Кумтөрдүн” экс-жетекчиси Хоменюк мурда берген ири паралар тууралуу Кыргызстанга кат жөнөткөнү белгилүү болуп, “Кыргызалтындын” мурдагы президенти Дастан Сарыгулов камалган. Айтсаңыз, азыркы бийликтин бул демилгесинен майнап чыгышы мүмкүнбү?
Ибраев: Кеч болсо да ушундай чоң териштирүү болушу керек эле. Кумтөр боюнча кылмыш иш Аскар Акаев бийликтен кетээр замат Бакиевдер келгенден кийин козголгон болчу. Ошонун тегерегинде эле мына 10 жылдан ашык убакыт өтүп, аягына чыкпай келатат.
Азыр дагы менин оюмча, аягына чыгышы өтө оор болот. Себеби Хоменюк деген ким? Хоменюктун өзүнө карата жогоруда мен айткан кылмыш иш боюнча иш козголуп, ал дүйнөлүк издөөдө жүргөн адам. Эсиңиздерде болсо керек, бир жыл мурда ал Болгарияда биздин издөөнүн негизинде кармалып калып, бирок аны болгар бийлиги бизге бербестен чыгарып жиберген. Менин маалыматым боюнча Хоменюк азыр дүйнөнү кыдырып, жеке компанияда иш кылат. Биз ага ыңгайсыз акыбал түзүп койдук. Себеби Кыргызстан ага издөө жарыялаган. Эки жакка чыккан сайын ал проблема болот, камалып калат, кайра чыгарылат... Биз, тилекке каршы, аны өзүбүзгө ала албай жатабыз.
Эмнеге Хоменюк Кыргызстанга бир канча жыл мурун пара берген элем деп азыр жазып жатат? Бизге жакшылык каалап же ошол кездеги кылмыштын бети ачылып, күнөөкөрлөр жоопко тартылсын деген ой менен ушундай кылып жатат деп ойлобойм. Хоменюк менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болуп жатат окшойт, менин баамымда...
Бул иштин аягына чыгыш үчүн эмне кылыш керек? Хоменюк өзү тергөөгө келип, сурак берип, азыр камакта жаткан Дастан Сарыгуловдун маңдайына отуруп алып “Билесиңби, сен баягыда ушундай кылгансың, мен ошону жазып бердим, азыр да көзүңдү карап туруп айтып бере алам” деп күнөөсүн далилдегенге жардам бериши керек.
Таза юридикалык багыт ушундай болушу керек.
Бирок Хоменюк эч качан андайга барбайт да. Өзүңүздөр билесиздер, бул чет жактан келген компания. Келишимдердин баарына юридикалык баа берилиши керек деп азыр айтып жатабыз. Бирок ал жерде “баары сот аркылуу чечилет” деп жазылган.
Азыр издөөдө жүргөн Садыр Жапаров жана башкалар “Жогорку Кеңеш аркылуу денонсация кылып салыш керек, буга юридикалык баа берип кереги жок, жокко чыгарып салалы” деп маселе көтөрүлгөндө алардын айтылганы колдоого ээ болгон жок да. Ушундай нюанстар бар.
Ал келишимдерди биз эл аралык сотко беришибиз керек же болбосо Жогорку Кеңеш аркылуу денонсация кылышыбыз керек. Андан башка жол жок.
Азыркы тергөөчүлөр ал эл аралык келишимдерге юридикалык баа бере албайт.
“Азаттык”: Демек, кеч болсо да маселе көтөрүлгөнү жакшы, бирок майнап чыгышы оор деген пикирдесизби?
Ибраев: Убакыт көрсөтөт, албетте. Бирок жеке мен ынанбай турам.
“Азаттык”: Ушуга үндөш пикирлер да айтылууда – майнап чыкпайт, бул азыркы бийликтин президенттик шайлоо алдындагы саясий жүрүшү деген сыяктуу...
Ибраев: Шайлоого байланыштуу деп азыр айта албайм. Бирок кандайдыр бир деңгээлде саясат бар да. Себеби ишти кайра жандандыргандын өзү саясий багыт. Эмне үчүн Хоменюк ушунча жылдан бери унчукпай отуруп, эми жазып жатат? Эмне үчүн ал ушундай болду эле деп биздин бийликке кайрылып жатат? Бул жерде Хоменюк менен биздин азыркы бийликтин ортосунда лоббисттер пайда болгондой туюндуруп жатат. Мен ошондой кабыл алдым.
Хоменюк ошончолук эле патриот болуп “кыргыз бийлиги чыр-чатакты аныктасын, ошого жардам берейин” деген ою болсо, анда учуп келбейт беле?
Азыр “Кумтөр” компаниясы менен биздин бийликтин ортосунда түшүнбөстүк пайда болду. Бийлик экономикалык сотко берип, мыйзамдуу иш жасап жатат. Бул туура. Бирок ошол эле учурда “Кумтөр” компаниясынын жетекчилиги унчукпай отурган жок да. Балким алар мурдагы жетекчи Хоменюкту “Сен ушундай кылып кайрыл” деп соодалашуу жолуна барып жатабы? Ушул жагы түшүнүксүз. Бирок ал адамдын кыргыз бийлигине кайрылганы өзү саясатка жакын болууда.
“Азаттык”: Кыргызстандын эки мекемеси “Кумтөрдү” сотко берген. Экотехинспекциянын 7 млрд сомдук доосун Бишкектин соту канааттандырды. Бирок компания маселенин баары эл аралык арбитражда чечилиши керек деген позицияда болуп келатат. Кыргызстан сот аркылуу өндүрө алат бул акчаны деп ишенсек болобу?
Ибраев: Ишенсек болот. 2009-жылкы жана дагы айтылып жаткан башка келишимдер боюнча “калган маселелер, экология, жер кыртышынын бузулушу, калдык сактоо жайлары боюнча деген маселелерге келгенде Кыргызстандын ички мыйзамдары менен жөнгө салынат” деп жазылган. Ошондуктан биз өзүбүздүн сотко кайрылып, ал кандай чечим чыгарса, булар да аны аткарууга милдеттүү болот.
Суу маселеси да чечилбей келатат. Булар бекер суу пайдаланып жүрөт. Мына ушунун баары ички мыйзамдар менен чечилет.
Ал эми иш башталганда өкмөт менен түзүлгөн баштапкы келишимде анын шарттары эгер талаш-тартыш чыкса эл аралык соттор аркылуу чечилиши керек деп жазып коюшкан.
“Азаттык”: Экотехинспекциядан тышкары Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги да Кумтөр боюнча доосун коюп, жергиликтүү сотко кайрылган. Демек, эгер келтирилген зыян үчүн төлөнүш керек деген чечим чыкса, “Кумтөр голд” милдеттүү болот экен да?
Ибраев: Ооба, милдеттүү.