Кыргызстандын өкмөтү ага жооп кылып, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, туруктуу кызматташууга кызыкдар экенин, талаштуу маселелерди кеңешүүгө даярдыгын билдирди.
Юристтер кыргыз тараптын эл аралык арбитраждан утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү аз экенин белгилешти. Талдоочулар Кыргызстан эң чоң үлүшкө ээ болуп туруп, компаниянын ишмердигин көзөмөлдөй албай жатканын сынга алышты.
“Центерра” эл аралык арбитраждан үмүттөнөт
“Центерра голддун” атынан анын юридикалык компаниясы аркылуу кыргыз өкмөтүнүн дарегине 31-майда атайын кат келип түшкөн. Анда канадалык компания Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыян боюнча доону эл аралык арбитраж аркылуу чечүүнү көздөп жатканы кабарланган.
Ошондой эле кенди иштетүүдөгү пикир келишпестиктерге чекит коюлбай жатканы белгиленген. Буга чейин өкмөттүн тапшырмасы менен мамлекеттик экотехинспекция “Кумтөр голд” компаниясын сотко берип, экологиялык зыяндын ордун толтуруу үчүн 7 миллиард сом талап кылган болчу. Сот анын төрт доо арызын карап, толугу менен канааттандырды. Андан улам “Центерра” талаштар эл аралык арбитражда чечилет деген келишим шартын жүйө кармап, өкмөткө эскертүү жөнөтүп отурат.
Юрист Курманбек Осмонов тараптардын талаштуу жагдайы тууралуу мындай дейт:
- Алар кыргыз тарап экологияны бузду деп 7 миллиард сомго айыпка жыккан маселени эл аралык арбитраждын кароосуна койгонго кызыкдар. “Центерра” бул боюнча доону негизсиз деп эсептеди. Анан калса алар 2009-жылдагы келишимде көрсөтүлгөн талаш-тартыштын бардыгы эл аралык арбитражда чечилет деген шартты бетке кармашууда. Анткени канадалык тарап кыргыз өкмөтүнүн эл аралык арбитраждан утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү аз экенин билет. Анын бардыгы ачык эле көрүнүп турбайбы. Ошол үчүн кыргыз тараптын доосун алар жөн эле кычаштык катары баалашты.
Өкмөт өз турумун тактоодо
Кыргыз тараптын эл аралык арбитражга даярданары же “Центерра” менен сүйлөшүүгө отурары азырынча белгисиз. Кыргыз өкмөтү айлана-чөйрөнү коргоо дүйнөдөгү ар бир мамлекет үчүн маанилүү экенин айтып, “Центерранын” эскертүү катына жооп кылды.
Бул компания негизинен азыр бизде өкмөттү деле алмаштырганга кудурети жетип калды. Бирок Кыргызстан “Центерра” компаниясында эң көп пайыздык үлүшкө ээ болуп, анын негиздөөчүсү катары буга окшогон маселелерде чечүүчү ролду ойношу керек эле.Азамат Акелеев
Өкмөт Кумтөр кенин иштетүүдө экологияга олуттуу зыян келтирилгенин сот аныктаганын жана бул багытта иликтөө уланып жатканын эске салды.
Кыргызстандын өкмөт башчысынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов өкмөттүн бул багыттагы туруму туурасында буларга токтолду:
- Өкмөт “Центерра” компаниясынын жалпы акционерлеринин кызыкчылыгы үчүн талаштуу маселелерди чечүү боюнча кеңешме өткөрүү мүмкүндүгүн жана аларга катышууга даяр экенин жокко чыгарбайт. Өз кезегинде кыргыз тарап “Центерранын” башка акционерлери сыяктуу эле компаниядагы каржылык айкындуулукту, учурдагы жана келечектеги экологиялык көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнүн негизинде “Кумтөр” долбоорунун туруктуу иштешине кызыкдар. Бардык өкмөттүк чечимдер жана аракеттер мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына карата жүргүзүлөт деп айтылат өкмөттүн “Центерранын” катына расмий жообунда.
“Центерра” сот чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаар сотуна, анан Жогорку Сотко арыз жолдой турганын жарыялаган. Эгер Кыргызстанда сот адилет чечим кабыл албаса, эл аралык сотко чейин кайрыларын буга чейин маалымдаган.
Көз карандысыз экономист Азамат Акелеев “Центерра” чынында эле сот менен опузалай турган абалга жетип калганын белгиледи:
- Бул компания негизинен азыр бизде өкмөттү деле алмаштырганга кудурети жетип калды. Бирок Кыргызстан “Центерра” компаниясында эң көп пайыздык үлүшкө ээ болуп, анын негиздөөчүсү катары буга окшогон маселелерде чечүүчү ролду ойношу керек эле. Анткени кыргыз тараптын колунда көзөмөлдөөчү пакет болбосо дагы эң көп акцияга ээлик кылган жак катары активдүү инвесторлуктун алкагында иш алып барса болмок. Мына ошондо ал компаниянын чечимдерине таасир эте алмак. Анан эки ортодон азыркыдай маселе чыкмак эмес. Бирок кыргыз тарап өзүнүн бул укугун жетишерлик пайдалана албай жатат.
Өкмөт өз жообунда “Кумтөр Голд” компаниясы Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын сактабай жатканы боюнча эскертүүлөрдү тоготпой келгенин, «Центерра Голд» болсо бул маселени теңата шартта чечүүгө кызыкдарлыгын көрсөтпөгөнүн эске салган. Мындан тышкары өкмөт Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары мыйзам чегинде, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо максатында иштеп жатканын белгиледи.
«Центерра Голддун» арбитражга кайрылчу арызынын маңызына талдоо башталганы кабарланды. Быйыл жыл башында өкмөт “Кумтөр” долбоору боюнча келишимден бир тараптуу чыкканын жарыялаган.
Сейдалиев: Өкмөттүн талабы туура
“Грата-Кыргызстан” юридикалык ишканасынын жетекчиси, арбитраждык маселелерде тажрыйбасы бар юрист Канат Сейдалиевге "Азаттык" Кумтөр кени боюнча суроо узатты.
"Азаттык": Кыргызстандын жүйөсү, экологияга зыян келтирди деген дооматы эл аралык арбитраж сотун канчалык ишендире алат?
Сейдалиев: Биз бул материалдарды иликтеп чыкканда билдик. Эл аралык арбитраж соттору бул маселени Кыргызстандын адистери жок толук түшүнө албайт. Ал жерде чынында мыйзам бузуу болгон. Аны толук аңдаш үчүн Мамлекеттик экотехинспекциянын адистери катышуусу керек. Менимче, анын баары мыйзамга төп келет. Райондор аралык соттун айыппул төлөп, чыгымды кайтарууга милдеттендирген чечими акыйкат болду.
Экология маселеси азыр чынында курч. Эгер эл аралык арбитраж акыйкат чечим кабыл алууну кааласа, экология маселесин көңүлгө алышы шарт. Экологияга келтирилген чыгымдарды эске алышса, анда өкмөт тарапка, акыйкат чечим чыгарышы керек болот.
"Азаттык": Бирок 2009-жылкы келишимде талаштар каралганда Нью-Йорктун мыйзамдарына артыкчылык берилет делген экен. Кыргызстан экология боюнча өзү эле соттоп жатат. Бул таанылабы?
Сейдалиев: Бул жерде экологиялык чыгымдын ордун толтуруу маселеси биздин сот тараптан туура тандалган. Анткени эл аралык арбитраж аркылуу талаштарды чечүү корпоративдик башкаруу, дивиденддерди бөлүштүрүү жана башкаларга байланыштуу. Ал эми экологияга зыян келтирүү маселеси - биздин сот карай турган иш.
"Азаттык": Кыргызстандын юристтери эл аралык арбитражда укук талашканга мүмкүнчүлүк-шарттары, лицензиясы барбы?
Сейдалиев: Эл аралык арбитражга катышуу үчүн арбитраждык талаштар боюнча тажрыйбасы бар эл аралык юридикалык фирмалар тартылышы ыктымал. Алар жергиликтүү мыйзамдарды жакшы билген юристтерди жалдашы мүмкүн. Менин түшүнүгүмдө, кандайдыр бир консорциум иштейт. Аты эсиме келбей жатат, бирок, менин билишимче, Кыргызстандын атынан чыга турган эл аралык фирма деле бар. Кыргызстандын атынан чыккан эл аралык юридикалык компаниялар уткан учурлар да болгон.
"Азаттык": Экология маселеси дүйнөдө абдан орчундуу, курч тема. Эл аралык арбитраж ортодогу талаштуу маселенин салмагына карап чечим чыгарабы?
Сейдалиев: Биздин эксперттер менен кеңешип-кептешкенден кийинки түшүнүгүбүзгө караганда, өкмөттүн "Кумтөргө" койгон талабы жөндүү. Бул талашта кыргыз өкмөтүнүкү туура. Экология маселеси азыр чынында курч. Эгер эл аралык арбитраж акыйкат чечим кабыл алууну кааласа, экология маселесин көңүлгө алышы шарт. Экологияга келтирилген чыгымдарды эске алышса, анда өкмөт тарапка, акыйкат чечим чыгарышы керек болот.