"Кумтөрдө" өчкөн өмүр

Маркум Керимбек Корголдоев. Сүрөт анын үй-бүлөсүнөн алынды.

"Кумтөр" кенинде эки жыл мурун каза тапкан жумушчу Керимбек Корголдоевдин жакындары "анын өлүмүнө күнөөлүүлөр жоопко тартылбай жатат" деп нааразы.

Кендеги кырсык боюнча сот ишине эки жылдан бери чекит коюла элек. Экинчи ирет карала баштаган жараянды Жети-Өгүз райондук соту 28-мартта бир айга жылдырды.

Буга айыпталуучулардын бири, "Кумтөр" компаниясынын мурдагы вице-президенти Родни Ступариктин чет өлкөдө жүргөнү себеп болду. "Кумтөр" компаниясы бул иш боюнча комментарий берген жок.

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын тургуну Керимбек Корголдоев 2016-жылдын 25-январында "Кумтөр" алтын кенинде иштеп жүрүп каза тапкан. Анын артында калган сегиз баласы жана жубайы Урийпа Качкынова маркум компания жетекчилеринин "кайдыгерлигинен улам өлдү" деп эсептейт.

Урийпа Качкынова жана маркум Керимбек Корголдоев.

- Жолдошум "Кумтөрдө" сегиз жыл иштеди. Беш жыл айдоочу, үч жыл майдалоочу бөлүмүндө иштеп жүрдү. Анын өлүмүн 2016-жылдын 25-январына караган түнү саат 3.30да мага чалып угузушту.

"Кумтөрдүн" кадрлар бөлүмүнөн чалып жатканын айтышты. Мен өзүмдү жоготуп, балдарды ойготуп, чын же калп экенин биле албай эсим ооду. Же "Кумтөргө" жете албайбыз же тоодо телефон албайт. Ошону менен кеч киргенге чейин "Кумтөрдөн" эч кандай дайын болбоду. Кечки саат 7лерде тоого эптеп байланышсам, "бүгүн сөөгүн экспертизага алып барышат, үй-бүлөсү тосуп алсын" деген жооп уктум. Анан "Кумтөрдүн" машинеси менен экспертизага алып келишти. Кызыл-жаян кан болгон сөөктү клеёнкага ороп, алып келишиптир.

Ошону менен сөөктү жашыргыча "Кумтөр" менен ишибиз болгон жок. Арадан 25 күн өткөндө гана он киши келип, куран окуп, жолдошум өзү күнөөлүү экенин, "кирбе" деген жакка кирип кеткенин айтышты. Ал конвейер тасмасын тазалап атканда, колу кыпчылып калган экен, бирок бир жарым саат эч ким көрбөптүр. Ошондой да болобу? Жок дегенде бирөө көрүп калса, майып болсо да маңдайыбызда отурмак. Абышкамдын өлгөнүнө эки жылдан ашты. "Кумтөрдө" бир да күнөөлүү кишини тапкан жокпуз. Соттон сотко өтүп жатат, сүйлөшүп коебу, айтор соттор деле ошолорду жактайт.

Киши өмүрүн алган кырсыктан кийин Жети-Өгүз райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 142-143-беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Анда кырсыкка "Кумтөрдө" ошол кезде вице-президент болуп иштеген Канаданын жараны Родни Ступарик жана Кыргызстандын жараны, компаниянын коопсуздук боюнча бөлүмүнүн инженери Марат Шабиев жооптуу деген корутунду берилип, иш сотко өткөн.

Урийпа Качкынованын ишенимдүү өкүлү Адилет Алмазбеков окуяга бир эле аты аталган кишилер эмес, "Кумтөр голд" компаниясынын президенти Дэниел Дежарден баштаган жетекчилик толук жооп берүүгө тийиш деп эсептейт:

- Тергөөнүн маалыматында кырсыкка ушул кишилердин жоопкерчилиги бар экени жазылган. Бирок бир гана ушулар күнөөлүү дегенге болбойт. Маркум алтынды кайра иштеткен цехтин кенди талкалаган конвейер бөлүмүндө иштеген да. Техникалык коопсуздук эрежеси боюнча бул цехте бири-бирине жардам берип, эки киши иштеши керек. 2016-жылдын 25-январында болсо түнкү нөөмөттө Корголдоевди жалгыз иштетип коюшкан. Мындан тышкары ал ошол күнү ишке чыгарда компания жетекчилиги конвейер тасмасын тазалоо тууралуу буйрук берип жатат. Ошол эле маалда "тасманын астында иштеген кооптуу" деген инструктаж да берилген экен. ​Жумушчу катары ал айтканды аткарат да. Конвейер тасмасынын астына кирбеши керек болсо да кирип, тазалап жатканда кырсыкка кабылат. Анан тасмага илинип калып каза тапты.

Маркум Керимбек Корголдоев "Кумтөрдөгү" иш учурунда.

Адилет Алмазбеков кошумчалагандай, кырсык болордон үч ай мурун өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кен майдалаган конвейердин айланасын тосмо менен тосуу тууралуу эскертүү бергени менен "Кумтөр голд компани" аны аткарган эмес.

Компания президенти кайра Экотехинспекцияга "тосмо орнотууга макул эмеспиз" деген кат жибериптир. Ошондой эле өкмөткө "бизди иштетпей жатат" деген таризде арыз жазган. Адилет Алмазбеков соттун жүрүшүндө тосмолорду орнотуу боюнча жумуш башталып, бирок аны президент Дэниел Дежарден "кымбат" деген негизде токтотуп койгону ачыкка чыканын белгиледи.​

Экотехинспекциянын Тоо-кен көзөмөл бөлүмүнүн инспектору Азат Райымбердиев "Азаттыкка" бул айтылгандарды ырастады. Анын айтымында, кандуу окуянын чоо-жайын иликтеген атайын комиссия да кырсык үчүн айыптын көбү "Кумтөрдө" деген тыянакка келген:

- Жумушчунун өзүнө 20 пайыз, жумуш берүүчү - "Кумтөр голд компаниге" 80 пайыз күнөө коюлган. Бул адам кен өткөргөн тасманын алдына кыпчылып, ошондон каза болуп калган. Экотехинспекция 2015-жылдын 26-октябрында пландуу текшерүү жүргүзгөндө ошол тасманын алдына тосмо орнотуу керек экенин эскерткен. Бирок ал аткарылган эмес. Үч айдан кийин ушундай кырсык болгон.

Керимбек Корголдоевдин өмүрүн алган кырсык боюнча кылмыш ишин алгач Жети-Өгүз райондук соту караган. Экотехинспекциянын чечими менен жооптуу делген эки киши айыппулга жыгылган. Он жети айга созулуп, акырына чыкпаган соттук ишти 2017-жылдын июнунда райондук сот "мөөнөтү өтүп кетти" деген жүйө менен кыскартып койгон.

Жабырлануучулар соттун мындай чечимине нааразы болуп, күнөөлүүлөрдү таап, жоопко тартуу өтүнүчү менен облустук жана Жогорку сотко кайрылган. Эки инстанция тең алардын арызын канааттандырып, иш кайра райондук сотко кайтарылган, азыр каралууда. Айта кетүүчү жагдай, өндүрүштүк кырсыкта жакынын жоготкон үй-бүлөгө "Кумтөр" компаниясы компенсация төлөп берген. Алар акча Корголдоевди кайтарып бере албай турганын, кийин мындай кырсыкка жол бербөө үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керектигин айтышууда.

Акыркы жараян 28-мартта болуп, айыпталуучулардын бири Родни Ступарик Кыргызстандан тышкары болгондуктан, сот 25-апрелге жылды. Маркумдун жакындары "Ступарик сотко "эч жакка чыкпоо" тууралуу тил кат жазып бергенине карабай кантип өлкөдөн чыгып кетти?" деп суроо салып жатышат.

"Кумтөр" компаниясы бул иш боюнча "Азаттыкка" комментарий берген жок. Ишкананын басма сөз катчысы Мирлан Кимсанов Родни Ступариктин кырсыкка тиешеси жоктугун, ал мурда компаниянын өндүрүш эмес, өнүктүрүү боюнча вице-президенти болгонун айтуу менен чектелди.

Кыргызстандын кендеринде адам өмүрүн алган бул өңдүү окуялар байма-бай катталып турат. Өндүрүштүк кырсыктар көбүнчө көмүр кендеринде, андан кийин алтын казган жерлерде болот. Экотехинспекция берген маалыматка караганда, былтыр өндүрүш маалында 26 кырсык катталып, 40 киши жабыркаган. Алардын 24ү каза болуп, он алтысы оор жараат алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.