Кой-Таш окуясындагы урунттуу учурлар

Кой-Таш, 8-август, 2019-жыл.

Парламент Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын колдоду. 

Кой-Таш окуясы боюнча экс-депутат Равшан Жээнбеков барымтага алууга жана башаламандыкты уюштурууга айыпталып, камакка алынды.

Анын адвокаты саясатчы камакка бир эле кысымдын натыйжасында алынган көрсөтмөгө негизделип камакка алынганын мыйзамсыз деп билдирди.

Ал арада парламент Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын колдоду.

Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишининин алкагында 12-декабрь күнү кечинде экс-депутат Равшан Жээнбеков тергөөгө чакыртылып, андан соң камакка алынганы белгилүү болду.

Ага Жазык кодексиндеги жапырт башаламандык уюштуруу жана барымтага алуу боюнча айып тагылып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганы айтылды.

Дагы караңыз Кой-Таш: комиссиянын корутундусу чыкты

Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев козголгон иш тууралуу мына буларга токтолду:

- Мурдагы депутат Равшан Жээнбековго карата Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. Учурда Равшан Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Равшан Жээнбековдун далили

Анткен менен Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев экс-депутат Кой-Таш окуясы боюнча мындан төрт ай мурда камалган Кыяс Исмаилов аттуу жарандын тергөөгө берген көрсөтмөсүнүн жана аны менен көздөштүрүүнүн негизинде кармалганын билдирди.

Адвокат Замир Жоошев Равшан Жээнбековдун Кой-Таштагы башаламандыкка жана барымтага алууга тиешеси жоктугун далилдеген видео материалдар бар экенин мисал келтирди:

Замир Жоошев.

- Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков быйыл 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да милицияга бир нече курдай суракка чакырылып, көрсөтмө берип чыккан. Анда аны камоого эч кандай негиз табышпай коё беришкен. Сурактан төрт ай өткөн соң, аны кечээ кайра суракка чакырып, тергөө абагында ошол окуя боюнча кылмышка шек саналып отурган Кыяс Ысмаилов деген адам менен беттештирүү болуптур. Ал беттештирүүдө деле Равшан Жээнбеков башаламандык уюштурган жана барымтага алууга катышкан деген көрсөтмө болбоптур. Бирок мына ошол кишинин көрсөтмөсүнүн негизинде деп эле аны кармап, камап коюшту. Равшан Жээнбеков Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө чабуул болуп, кийин эл топтолуп келип, спецназ таяк жегенден кийин барган экен. Бул боюнча тиешелүү видео далилдер да бар. Анда Равшан Жээнбеков күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жаалданган топтун каршылыгынан коргоо аракетин көргөн учурлары тартылып калыптыр.

Дагы караңыз Кой-Таш окуясы: комиссиянын корутундусу

Жогорку Кеңеште быйыл 7-8-августта Кой-Ташта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы жыйынтыкталып, келип түшкөн кээ бир сунуштарды эске алуу менен анын тыянагын колдогон токтом кабыл алынды.

Анда мамлекеттик комиссия "мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын тарапташтары аймак аралык кастыкты козутуп, кырдаалды курчутууга жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген тыянак чыккан. Ал башаламандык мамлекетке жана жеке жактарга миллиондогон сом зыян алып келип, адам өмүрүнө коркунуч жараткан учурлар корутундуда баяндалган.

"Альфанын" аракети

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, мурдагы коргоо министри, армиянын генерал-лейтенанты Исмаил Исаков Атамбаевди коргогон жарандар каршылык көрсөткөндө "Альфа" атайын даярдыктагы тобу аларга каршы ок чыгарбаганы өлкөдөгү саясий кырдаалдын андан ары курчуп кетишин алдын-алууга өбөлгө түзгөнүн белгиледи:

Исмаил Исаков.

- Бул жагдай Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын курчуп кетпей, туруктуулугун сактап калды. Эгерде спецназ мыйзам боюнча чара көрүп, курал колдонуп, ошол жерде бирөө-жарымын жарадар кылып алса же башка дагы бир кокустук болуп кетсе, бүгүнкү абал мынчалыкка жетпейт эле. Биз мына ошого баа беришибиз абзел. "Альфа" өзүнүн милдетин так аткарып, ашыкча күч колдонууга барбай мыйзамдуу чараларды көрүүгө аракеттенгени аныкталды. Мына ошондуктан ал жактагы топ алардын ок атпай турган курал-жарагын дагы тартып алган. Жагдайга баа берип, анын негизинде бизде туруктуулук сакталып калганын баса белгилеп коюшубуз зарыл.

Жону катуу жоопкерчилик

Ал эми Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын башка бир мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова корутундуга өзгөчө пикир менен кол койгон. Анын айтымында, комиссия башында окуяга саясий гана баа берүү боюнча макулдашып, бирок айрым жагдайлар боюнча укуктук багыт берген учурларга дагы жол берип жиберген.

Клара Сооронкулова укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбай калганын айтууда:

Клара Сооронкулова.

- "Атамбаев төңкөрүш даярдап жаткан экен" деген сөз улам эле кайталанып келди. Андай болсо, окуянын алдын-алууда УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратура эмне жумуш кылды деген суроо жоопсуз калды. Анткени буга чейин атайын кызматтын жетекчиси маалымат жыйынында мына ошол кезде жумуш ордунда жок болгонун айткан. Кечээ парламентте болсо, жалган сүйлөп, кызмат ордунда эле болгонун айтты. Бул жерде укук коргоо органдарынын жетекчилеринин кесиптик деңгээли жана жана алардын жоопкерчилик маселеси каралышы керек эле. Бирок андай болбоду.

Көкүткөн күчтөр

Депутат Талантбек Мамытов тергөө органдарын Алмазбек Атамбаевдин Орусияга чыгып, бирок аяктан кайтып келгенден кийин радикалдашып кеткен аракеттерин кылдат иликтөөгө чакырды. Анын айтымында, мунун артында аны бийликти күч менен басып алууга көкүткөн күчтөр турушу мүмкүн:

- Алмазбек Атамбаев мына ошол окуянын астында Орусияга барып келбедиби? Ошондо ал эмненин негизинде барганы аныкталдыбы? Анын сапарын кимдер уюштурган? Кандай учак менен учкан? Ким каржылаган? Ал жакта кандай сөздөр болгон? Себеби Атамбаев келгенден кийин эле күчөп, Кой-Таш айылынын тегерегинде өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин баштаган. Бул тууралуу кандайдыр бир маалымат барбы? Себеби ошол учурда Атамбаев "кайра кайтып келбейм" деп айтканын, бирок кимдир-бирөөлөр аны "кайра кайтып келишиң керек" деп көндүрүп, шыкактаган адамдар болгон деген маалыматтар чыгып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев Кой-Таш окуясынын астында Атамбаевдин Орусияга сапарын уюштургандар жана алардын ал жакта сүйлөшкөн планы боюнча ыкчам маалыматтар бар экенин, бирок анда "жашыруундуулук" грифи болгондуктан аны коомчулукка ачык жарыялай албасын билдирди:

Орозбек Опумбаев.

- Атайын учак келип, Кантка конгон. Анан ал өзү атайын Москвага барып, дагы кимдер менен жолукканы тууралуу ачык айта албайбыз. Анткени маалыматтын жашыруундуулук белгиси бар. Жалпы жонунан учакты анын досу Бельянинов деген уюштуруп, каржылаган. Биз бул багытта иш алып барып жатабыз.

Атамбаевди колдогон КСДП комиссиянын бүтүмү тууралуу «Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган жана чындыкка дал келбейт» деген билдирүү таратты.

Быйыл 7-8-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция үзгүлтүккө учурап, спецназ барымтага алынып, башаламандык орун алган. Анын кесепетинен 225 адам жабыркап, анын 91 милиция кызматкери, 40 УКМК өкүлү жана 94ү карапайым тургундар экени көрсөтүлгөн.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жараат алып, милициянын адистештирилген күзөт кызматынын өкүлү Райымбаев көзүнөн жараат алган. УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков жарааттын айынан каза болгон.

Комиссиянын тыянагында Атамбаев жана анын тарапташтары Кой-Таштагы үйүнүн 3-кабатынан «Альфанын» кызматкерлерине ок чыгарып, андан үч кызматкерге ок тийип, анын арасынан Үсөнбек Ниязбеков каза тапканы көрсөтүлгөн. Операциянын экинчи этабында Алмазбек Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​