Батирден батирге көчкөн ардагердин арманы

Федор Емельянов

Каракол шаарында согуш ардагери, 92 жаштагы Федор Емельянов акыркы бир жарым жылдан бери ижарага алган батирде жалгыз жашап келет.

Жергиликтүү бийлик буга чейин ага үй алып берүүнү убада кылып, бирок жетиштүү каражат жок деп кайра баш тарткан. Согуш ардагери азыркы жашоо-шарты, оор тагдыры жана майдандагы эрдиктери жөнүндө айтып берди.

"Азаттык": Федор Андреевич, сиздин ижарага батир алып жашап калышыңызга эмне себеп болду, жашоо-шартыңыз мурда кандай эле?​

Федор Емельянов: Жубайым каза болуп калды. Мындан эки жарым жыл мурун. Өзүбүздүн үйүбүз бар эле, ошондо жашачубуз. Жыйырма жылдан ашык абдан жакшы жашадык, бирок расмий түрдө каттоого турган эмеспиз. Кереги жок кагаздар менен башымды оорутуп эмне кылам дечүмүн. Үй болсо анын атына катталуу болчу. Мен мурда үйлөнгөндүктөн өзүмдүн эки балам бар, кийинки аялымдын да эки баласы - бир кыз, бир уулу бар болчу. Баласы биз менен, кызы өзүнчө Москвада турчу. Жубайым каза болгондон жарым жылдан кийин чоочун бирөөлөр келип үйдү бошот, биз муну сатып алганбыз деди. Көрсө убагында жарандык никедеги аялым үйгө өзүнүн кызын мураскор кылып каттатып койгон экен, кызы мага билгизбей сатып жиберип кетип калыптыр. 5 миң долларга сатыптыр. Кемпиримди жерге бергенден жарым жылдан кийин ал үйдөн чыгууга туура келди, ошондон бери ижарадагы батирлерде жашап келе жатам. Бул мына үчүнчү батир.

"Азаттык": Жашыңыз жүзгө таяп калыптыр, батирден батирге көчүп жүрүү сиз үчүн кандай кыйын экенин түшүнүп турабыз...

Федор Емельянов: Шыпыргыдай кылып эле ары-бери сүйрөп жүрүшөт. Мында келип кийим-кече, жүктөрүмдү жайгаштыра баштаганда башка батирге алып кетишет. Азыр оокаттарымдын жарымы кайда экенин да билбейм. Мен согуштун ардагери эмесминби, ушинтип таштап койгондору менин көңүлүмдү калтырды. Азыр төртүнчү кабатта турам. Сыртка чыга албайм. Муну эске алып биринчи-экинчи кабаттан батир алып беребиз деп мэриядан бир нече жолу келип убада кылып кетишкен. Бирок мурдагы күнү кайра келип, акча жок, алып бербей калдык деп Раяга (ардагерге каралашып келе жаткан мурдагы кошунасы) айтып кетишиптир.

"Азаттык": Согуш талаасында болгон күндөрүңүздөн да айтып берсеңиз, качан, кайсы жерден кеттиңиз фронтко?

Федор Емельянов: 1941-жылы мен 19 жашта элем. Көлдүн Ананьево айылында туулуп өскөм. Жети жылдык мектепте билим алып, андан кийин Токмоктогу механизаторлор мектебинде бир жыл окуп келип айылда иштеп жүрдүм. Согуш башталганда мени алгач Ферганага алып кетишти, ал жерде бир жыл кызмат өтөп, 1942-жылы Саратовго жиберди. Ошол жерден биздин аскер бөлүк куралды. Биздин Сталинградга барарыбыз белгилүү болду. Сталинградга жакын жерде Большая Владимировка деген айыл бар болчу, анда жалаң немистер жашап турган. Ошентип бизге курал берди да Сталинградга жөнөттү. Сталинграддагы кагылышта көкүрөгүмдүн оң тарабына ок тийип, жараат алдым. Үйгө кетүүгө туура келди.

"Азаттык": Ошону менен тылда калдыңызбы?

Федор Емельянов: Алты айдан кийин 1-Белорусиялык фронтко келип түштүм. Ал жерде 28-армия түзүлдү. Ал жерде мен Барановичи, Брест шаарларын бошотууга катыштым. Жеңишти болсо Тажикстанда тостум. Анткени Белорусияда согушуп жүрүп, экинчи ирет жараат алган соң, Тажикстанга келип түшкөн элем. Запастагы офицер болгондуктан ал жерде аскер инструктору болуп иштеп калдым. Бул убакта мен кыйла чоңоюп калган элем, Кыргызстанга 1946-жылы кайттым. Келип аскер мугалими болуп иштей баштадым. Үйлөндүм, эки балалуу болдук. Ошол учурдан тартып Караколдо жашап калдык.

"Азаттык": Пенсиядан сырткары мамлекеттен кандай жардамдарды алып жатасыз? Жашооңузга жетеби?

Ардагерден кабар алганы келген социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери

Федор Емельянов: Алты миң сомдой пенсия алам. Ардагерге социалдык жардам деп, мэрия жашап жаткан батирлеримдин ижара акысын төлөп жатат. Бардыгы болуп жыйырма миң сомдой алып турам. Мага бул жерде Рая менен Жаркынай каралашып турушат. Рая илгертен берки кошунам, Жаркынай болсо социалдык кызматкер. Күнүгө бир маал келип тамак-ашымды берип, дарыгерге көрсөтүп, деги эмне керек болсо жардамдарын беришет. Өзүмдүн уул-кыздарым болсо борбордо турушат. Балам алып кетем деп бир нече жолу келди, бирок мен өзүм барбай койдум. Өмүрүм Караколдо өттү, сиңип калдым бул жерге. Бул мекенимден эч жакка кете албайм.

Ошентип, жүзгө таяган согуш ардагери Федор Емельянов ижарага алган батирде жалгыз күн өткөрүп жатат. Ага дайым кол кабыш кылган кошунасы Рая эже «Азаттыкка» буларды айтты:

- Былтыр 9-майга чейин үй берилет деп айтылган. Издеп атабыз, таап атабыз дешкен. Андан кийин берилбей калды деп айтышты, акча жок бюджетте, өкмөт бөлүп бербей жатат деп. Мен болсо дайыма жанындамын, тамак-ашын жасап берем, кийимдерин жууйм. Эшикке алып чыгам, пенсиясын алат, аны алганы алып барып келем. Ушинтип бир жарым жылдан бери жашап келатат.