Караколдогу ат майдандын аянычтуу абалы

Каракол

Каракол шаарындагы Мамлекеттик спорт агенттигине таандык оңдоп-түзөөгө өзгөчө муктаж ат майданы каражаттын жоктугунан оңдолбой турат.

Ат оюндарын сүйүүчүлөр эми ара жолдо турган алтымыш жылдык тарыхы бар ат майдан аймакты өнүктүрүү жылынын шылтоосу менен оңолуп калаар деген үмүттө.

Каракол шаарындагы ат майдандын эскилиги жетип, каралбай калганы шаар тургундарынын кабыргасын кайыштырып турат. Жергиликтүү тургундардын бири Туратбек Айтбаев ат майдандын бүгүнкү абалын мындайча сүрөттөдү:

- Ушул ат майдандын абалына жаның кейийт. Мына бул көрүп турган ат кармоочу жайлар чынында оор абалда. Ушул жерди гүлдөткөн, чарбалык жактан аракет кылган киши керек. Биз бала кезде ушул жакка келип, бул жерден ат оюндарын көрчүбүз. Эми такыр каралбай калды, эч кимдин иши жок.

Курманбек Убайдылдаев

Ат майданды оңдоого ат оюндарынын күйөрманы Түп районундагы “Байтур” асыл тукум чарбасынын жетекчиси Курманбек Убайдылдаевдин кызыкчылыгы бар.

Ал ат майданын оңдоого инвестор таап, мамлекеттен 20 жылга ижарага сураганын айтты:

- Ижарага 20 жылга деп мамлекеттен сурап жатабыз. Мамлекеттен чечим чыкса, 20 жылда ушул жердин баарын кармоого өзүбүз милдеттенме алабыз. Германиядан инвесторлор келип, жеринен көрүп, таанышып, "жакшы жерде жайгашкан экен, жардам беребиз" деп кетишти. Андан тышкары келаткан жумада Польшадан дагы бир компания келет, алар да жеринен көрүп, анан кандай иштерди алып барабыз, ошолор жөнүндө сүйлөшүү болгону турат.

Убайдылдаевдин айтымында, долбоордо ишти толук бүтүрүүгө 300 миллион сом керек деп эсептелген.

Эгер долбоор ишке ашса, ат майдандын трибунасы үч кабаттуу болуп, алдына унаа токтоочу жай курулат. Андан сырткары 40 ат батуучу үч аткана курулат деп ишендирүүдө.

Анткен менен ат майданын жеке адамдарга узак убакытка берүүгө мыйзам жол бербейт. Спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестиция тартуу секторунун башчысы Самат Токтоналиев төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Мамлекеттик агенттиктин объектини, мамлекеттик мүлктү бирөөгө бергенге укугу жок. Биз Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу гана бере алабыз. Бул демөөрчүлөр бизге 20-25 жылга бергиле деп жатат. Мыйзам ага жол бербейт. Мыйзамда мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жобосуна ылайык 10 эле жылга берилет. 20 жылдан өйдө жогору алам десе анда "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзам бар да, ошол аркылуу документтерди даярдашыбыз керек. Ал үчүн мен аларга "бизнес план алып келгиле" деп айткам. Анан ошого ылайыктап берели дегем. Биз өкмөткө караштуу инвестиция тартуу агенттигине беребиз. Алар карап чыгып, бекитип берсе, конкурс жарыяланат. Себеби бул жерде коррупциялык жол түзүлүп кетпеши үчүн бирөөгө түзмө түз бергенге укугубуз жок.

Каракол ат майданы 2015-жылга чейин Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болгон. 2015-жылдын 2-апрелиндеги өкмөттүн токтому менен Спорт агенттигине берилген. Агенттиктин өкүлү Токтоналиевдин айтымында, агенттик деле ат майданды оңдоого кызыкдар жана мамлекеттен каражат сурап, бирок алалбай келет.

Ал эми Каракол шаарынын жетекчилиги болсо быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын шылтоосу менен ат майданына каражат бөлүүүнүн жолдорун издештирип жатышканын билдирди.

Каракол ат майданы 1958-жылы курулган. Шаардын түштүк тарабында жайгашкан ат майдан 45 гектар жерди ээлейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.