Өз учурунда "кыргыздарды үйүндө жашырып багыптыр", "өзбектерди кошуналарынан коргоп калыптыр" деген окуялар көп айтылып жүргөн. Беш жылдан кийин кайгылуу коогалаңда бири-бирин сактап калгандарды сыйлоо демилгеси көтөрүлүп жатат.
Ош шаарынын тургуну Жыргал Жээнбеков мындан беш жыл мурдагы Ош коогалаңы учурунда өзбек тектүү кошуналарын үйүндө жашырып, мүлктөрүн сактап калгандардын бири. Ал азыр коогалаңды эскерип отуруп, коогалаң басыларына, андан кийин да мурункудай тынч жашоо уланарына ишенип, кошуналарын аман сактап калганын айтууда.
- Ошол тополоң күндөрү ондогон өзбек туугандар бир үйгө камалып ачка калышкан. Мен ошондо Батыш кичи районундагы базарчадан тамак-аш ташып берип тургам. Андан сырткары өзүбүздүн короодогу он чакты өзбек кошуналарды топтоп, эки сутка калкалап отурганбыз. Үчүнчү күнү өздөрүнүн каалоосу менен Достук чек ара бекетине кошуна милиция аркылуу жеткирип койгонбуз. Негизи биздин мамилени согуштан кийин, согушка чейин деп бөлгөнгө болбойт. Ошол коогалаңга чейин деле, коогалаңдан кийин деле жакшы мамиледе калдык.
Оштун Черемушка кичи районунда жашаган Жыргал сыяктуу каармандар өзбек тектүүлөр арасында да көп болгон. Алардын бири - Сулайман-Тоосунун этегинде жашаган Калыс эже. Ал союз тарагандан тарта үйүнүн бөлмөлөрүн кыргыз студенттерге ижарага берип жан бакчу.
Июнь коогалаңы башталган учурда да анын үйүндө кыргыз студенттер бар эле. Ал коогалаңдын алгачкы күндөрү үйүндөгү ижарачыларды коргогонун, кийин опурталдуу кабарлар күчөгөндө үйүн студенттерге таштап, өзү өзбек чек арасына кеткенин эскерет.
- Ошол күндөрү да менин үйүмдөгү бөлмөлөрдү ижарага алып турган студенттер бар болчу. Алабукалыктар, чоңалайлыктар, кадамжайлыктар бар болчу. Газ токтоп, свет өчүп калган болчу. "Казанга тамак кылып отура бергиле" дедим. Кийин "бул жакта ушунча адам өлүптүр" деген кабарлар күчөй берди. Кошуналар да Өзбекстан тарапка качышты. Мен да аларга кошулуп, үйдү студенттерге таштап кеттим. "Эгер өлбөй аман келсем үйүмдү кайтарып бересиңер, келбей калсам Калыс эженин үйү эле деп айта жүрөсүңөр" деп чыгып кеттим. Ал жакта 16 күн жүрүп, анан үйгө кайттык. Ага чейин дарбазаны жаап алып, кыргыз-өзбек болбой эле отура бердик. Ошондо бир да кыргыз, бир да өзбек дарбазаны такылдатып, бул үйдө өзбек бар экен, же кыргыз бар экен деп келген жок.
Ош шаарында Жыргал жана Калыс эже сыяктуу коогалаңга карабай, кошуналарын сактаганга жан үрөгөн мисалдар көп эле болгон. Укук коргоочу Изатилла Рахматуллаев эски жараны козгогондон көрө ошол коогалаңда бири-бирин сактагандарга рахмат айтууну уюштуруу демилгесин көтөрүп келет.
- Ошол коогалуу күндөрү мен өзүм деле күбө болгом. Көп кыргыздар өзбектерди үйүндө бекитип сактап калышты. Көп өзбектер кыргыздарды сактап калышты. Ошолорду элге көрсөтүп, "эй, достук мындай болот. Ушулардан өрнөк алгыла" дегендей иш-чаралар өткөрүлбөй жатат. Ушундай кайгылуу коогалаңда өз өмүрүн, үй-бүлөсүнүн коопсуздугун тобокелге салып, ошол кезде касташып жаткан улуттар бири-бирин сактап калганына эч ким рахмат айткан жок. Муну мамлекет эске алыш керек. Мисалы, бирөөнү өрттөн куткарсаң өкмөт сыйлык берет эмеспи/
Июнь коогалаңынан кийин эки улут ортосундагы араздашууга карабай бири-бирин сактап калган, бири-бирине аманчылык каалап, байланыш үзбөй отурган кыргыз, өзбек жарандар тууралуу кептер көп эле айтылып жүргөн.
Кыргыз менен өзбектин касташып каларына ишенбеген, ал чатакка өз күчү менен каршы турган адамдарды сыйлоо демилгеси быйыл президент тарабынан колдоо тапты.
Учурда президенттин маалымат кызматы Ош, Жалал-Абадда элди куралын таштоого чакырып жүргөндөргө, гумжардам тараткандарга жана бири-бирин сактап калгандарга президенттик сыйлык ыйгарыларын жарыялады.