Улуттар арасына кастык жаккандар жооп бере башташты

Ош шаары, 1-июнь, 2011-жыл

Жыл башынан бери Кыргызстанда улуттар аралык чатакты козуткан 32 учур боюнча кылмыш иши козголгон.

Муну айрымдары өткөн жылкы июнь коогалаңынын кесепети катары баалашса, башкалары мындай көрсөткүчтү кадимки көрүнүш деп мүнөздөшөт.

Кыргызстанда 2011-жылдын биринчи үч айлыгында эле улуттар аралык чатакты тутантууга багытталган иштердин жыйырма төртү Ички иштер министрлиги, жетөө коопсуздук жана бири прокуратура органдары тарабынан козголгон.

Негизинен аталган кылмыш иштеринин көпчүлүгү түздөн-түз же кыйыр түрдө улуттар аралык касташууга түрткү берген жагдайларды ичине камтый тургандыгы айтылды.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун кызматкери Рахматтулло Ахмедов анын ичинде быйыл бети ачылган өткөн жылкы июнь окуясына байланышкан кылмыш иштери да бар экендигине токтолду:

Рахматулло Ахмедов

- Былтыркы июнь окуясынан кийин бир катар тартип коргоо органдары биргелешип, тергеп-иликтөө топтору түзүлгөн болчу. Мына ошол топтор бүгүнкү күнө чейин иштеп жатат. Учурунда ачылбай калган кылмыш иштеринин айрымдарынын бетин ачууга мүмкүн болду. Мына ошол биздин министрлик козгогон 24 иштин ичинде улуттар аралык араздашуунун негизинде автоунаасын карактаган сыяктуу бир катар иштер бар.

Жаңыдан жасалган иштердин эң эле орчундуусу катары жылдын башында чет өлкөлөрдүн биринде басылып чыгып, Кыргызстанда жашыруун таркатылган “Чөөнүн мөртү” китеби боюнча козголгон кылмыш иши эсептелет. Бул боюнча Улуттук коопсуздук кызматы кылмыш ишин козгоп, аны жашыруун таркатып жүргөн жеринен Ошто төрт адам кармалган.

Аталган китепти Башкы прокуратура улуттар аралык араздашууга чакырган басылма катары анын өлкөдө жайылтылышына тыйуу салган болчу. Мындан сырткары былтыркы июнь окуясынын негизинде туунду болуп келип чыккан кылмыш иштери улуттар аралык чатакты козутууга байланышкан аракеттердин катарын толуктап турат.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев мындай майда масштабдагы аталган кылмыш иштерин улуттар аралык араздашууга багыт берген аракет катары кароого болбойт деп эсептейт:

- Эми мунун көпчүлүгү албетте былтыркы июнь окуясы учурунда жасалган кылмыштар болушу мүмкүн. Ошондой эле мына ошол окуянын таасири астында орун алган кылмыштар болушу да мүмкүн. Буга жанагы бизде көп улут жашагандыктан кошуна-кошуна менен урушкан учурлар деле кирип калышы мүмкүн. Аялдар базардан жөнөкөй эле себептен улам улутка жаатташып кетиши мүмкүн. Мына, мисалы, Араванда уруша кеткен эки таксисттин чатагын улуттар аралык араздашуу деп атоого болбойт.

Улуттар аралык араздашууга от жагуу беренеси менен козголгон кылмыш иштери буга чейин Кыргызстанда жылына эң аз катталган иштерден болуп келген. Жыл башынан бери отуз эки кылмыш иши катталганын айрым серепчилер өлкөдө саясий улутчулдук күчөгөндүгү менен байланыштырышса, башкалары аны кадимки буга чейин боло келген көрсөткүч катары баалашат:


- Бир жылдын ичинде Кыргызстанда 30-35 миң кылмыш иши катталат. Анын ичинен эми үч айда катталган улуттар аралык чатакташууга байланышкан 32 кылмыш иши - деңиздеги бир тамчы суу да. Мына ошондуктан мунун көрсөткүч катары кароо деле туура эмес. Мындай кылмыштар мурда деле болчу.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, козголгон кылмыш иштеринин он жетиси боюнча тергөө амалдары аяктап, сотко өткөрүлгөн. Эки кылмыш иши айыпкер катары жоопко тарта тургандар аныкталбай калгандыктан тергөөдөн кыскартылса, он үч кылмыш иши иликтенип жаткандыгы айтылды.