Күүнөкөрү табылбаган жардыруулар кооптонууну күчөтүүдө

Бишкектеги Спорт ордосунун жанындагы жардыруу болгон жер, 2010-жылдын 30-ноябры.

Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитети өкмөт өлкөдөгү коопсуздукту бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруш керек деген чечимге келди.
Мындай чечимге парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитети депутат Марат Султановдун үйүнүн короосундагы жардыруунун жана баш калаадагы 20-мектептин алдынан табылган жардыруучу зат боюнча жагдайды талкуулоодон кийин келди.

Удаалашкан “ууру” жүрүштөр

Жогорку Кеңештин аталган комитети депутаттын үйүнүн короосундагы жардыруу окуясынын бети ачылбай жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди.

Ошондой эле комитет мүчөлөрү Бишкек шаарынын 20-мектебинин короосунан жардыруучу заттын табылгандыгына кабатырланышты. Бул эки окуя боюнча кылмыш иштери козголгондугу менен жыйынтык чыкпай жаткандыгы белгиленди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Көлбай Мусаев экспертизанын жыйынтыктары кечеңдеп жаткандыгын айтып, бирок кылмыш иштеринин бетин ачууга мүмкүнчүлүк бар экендигине токтолду:

- Анын ичинде эмне бар экендигин айта албайбыз. Экспертиза чыгыш керек. Мүмкүн ал жөн эле колго жасалган жардыруучу зат болушу мүмкүн. Бирок анда канча өлчөмдө амиак селитрасы, алюминий упасы жана тротилла заты бар экендигин жана алардын кайсы өндүрүшкө таандык болушу мүмкүн экендигин айтыш кыйын. Бул эки окуя боюнча тең азырынча экспертиза чыга элек. Бирок шектүүлөр бар. Биз ушул бир-эки жуманын ичинде бул иштердин бетин ачабыз деп турабыз.

Алдын-ала текшерүүнүн жүрүшүндө 20-мектептин короосунан табылган жардыруучу заттын колго жасалгандыгы белгилүү болгон. Аны ким алып барып мектептин айланасына жашыргандыгы жана ал белгисиз адамдардын кандай максатты көздөгөндүгү боюнча такталган маалыматтар жок экендиги айтылды.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев бул окуя боюнча шектүү делген адам учурда көрсөтмө берип жаткандыгын белгиледи:

- Биздин балдар ошол 20-мектептин кароолчусун кармаган болчу. Анын чөнтөгүнөн ТОЗ-8 мылтыгынын бир жабдыгы жана мылтыктын үнүн басаңдаткыч (глущитель) табылган. Аны биз каттоого алып, ишти коопсуздук органдарына өткөрүп бергенбиз.

Кооптуу коңгуроо

Террордук аракеттерге байланышкан көрүнүштөрдүн кийинки учурларда катары менен катталышы жана мындай мүнөздөгү кылмыштардын түпкү себептеринин ачыкталбай жаткандыгы эл өкүлдөрүн бушайман кылды.

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков муну Кыргызстандын бийлигин сестентүүнү каалаган күчтөрдүн эскертүүсү катары баалады:

- Мектепке жардыруучу зат таштап жатышкандыгы өтө кооптуу. Бул албетте аны барып жардырып жиберейин дешкен эместир. Бирок бул алардын биринчи коңгуроосу. Мындай кылсаңар андай болот дегендей белги экендигин туура түшүнүп, ошого жараша чараларды көрүшүбүз керек. Биздин буга кайдыгер мамиле жасоого акыбыз жок. Бул маселеде өтө кыраакылык талап кылынат. Эң башкысы бул белги кайсыл тараптан түшүп жаткандыгы так аныкталышы керек.

Жазасыз калуунун өнөкөтү

Адис-чекисттер да Кыргызстанга карата террордук коркунуч бар экендигин жокко чыгарышпайт. Муну алар өлкөдө бир жыл аралыгында орун алган бир катар шарт жагдайлар менен байланыштырышат. Коопсуздук органдарынын генерал-майору Артур Медетбеков Кыргызстанга тынчтыкты каалабаган күчтөр жетишээрлик деп эсептейт:

- Биринчиден, Кыргызстандагы абалдан пайдалангысы келишкен ар кандай эсктремисттик күчтөр мына ушундай жолдор менен коркутуп, үркүтүп, Кыргызстандын бийлигин сынап көргүсү келип жатышы мүмкүн. Ошондой эле бул баягы уюмдашкан кылмыштуу топтордун өлкөдөн качып чыгып кетишкен жетекчилери өздөрүнүн бул жакта калган адамдары аркылуу өздөрүнүн күчүн көргөзүп койгулары келиши мүмкүн. Эң башкысы бул – учурда жетиштүү деңгээлде ушундай аракеттер жоопсуз жана жазасыз калып жаткандыгынын себеби.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети аба майдандарында, автобекеттерде, билим берүү жана маданият мекемелери сыяктуу коомдук жайларда коопсуздукту күчөтүүнү өкмөткө табыштады.