Жогорку Сотко жаңы төрайым шайланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Соттун төрайымы болуп судья Гүлбара Калиева шайланды. Аны менен кошо үч орун басар да алмашты. Соттор өздөрү жаңы жетекчилик кесипкөйлүгүнө карап тандалганын айтышууда. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы соттук кызматына келген Калиеванын калыстыгынан шек санагандар да чыкты. Сын-пикирлерге мурдагы төрайым Айнаш Токбаеванын кайра орун басар болуп дайындалышы да себеп болууда.