Саиповдун өлүмү боюнча иш жанданды

Маркум Алишер Саипов тууралуу чыккан китеп.

Кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу 2013-жылы токтотулган кылмыш иши кайра жанданды.

Бирок мындан туура 12 жыл мурда киши колдуу болгон журналисттин жакындары иштин бети толук ачыларына анча ишенбей турушат.

Иштин кайра жанданганы тууралуу Башкы прокуратура Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциацияга (IFEX) берген жооптон кийин маалым болду.

Башкы көзөмөл органынын уюмга жазган катында Ош облустук прокуратурасы ушул жылдын 29-августунда тергөөчүнүн буга чейинки ишти токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарганы жана тергөө жүрүп жатканы белгиленген.

Маркумдун иниси Шохрух Саипов иштин кайра жанданышын кыргыз бийлигинин эл аралык коомчулукка жообу катары баалады. Ал агасынын өлүмүнүн бети ачыларына ишенбесе да, ага ок атууга себеп болгон айрым жагдайлар айтылат деген үмүттө.

Шохрух Саипов.

- Башкы прокуратуранын эл аралык уюмга 30-августта берген расмий жообунда иш 29-августта кайра жанданганы жазылып турат. Бул жакта эмне үчүн мурда же кийин карашкан эмес деген суроо туулат. 2012-жылы апрелде иш жанданып, 2013-жылы декабрь айында кайра токтоп калган. Бул тууралуу бизге эч кандай маалымат берилген эмес. Алты жыл бою бул иштен кабарсыз болдук. Эки жыл мурда, Алишер байкем атылгандан он жыл өткөндөн кийин эскерүү иш-чарасын уюштурганбыз. Ошондо сурасак, эч кандай маалымат бербей коюшкан. Азыр бизге агамды аткан киллерди табуу маанилүү деле эмес. Алар балким тирүү деле болбосо керек. Бирок бизге агамды өлтүрүүгө кимдер буйрук бергени, ага кандай себептер түрткү болгону кызык.

Саипов агасы атылган кезде анын жанында Икбол Мирсаитов аттуу адам болгонун белгиледи. Ал тергөөгө Мирсаидов да чакырылып, билген маалыматын айтып берсе деген ниетин билдирди.

Алишер байкем атылганда жанында турган күбө Икбол Мирсаидов эч кандай маалымат бербей жатат.

- Алишер байкем атылганда жанында турган күбө Икбол Мирсаидов эч кандай маалымат бербей жатат. Арадан 12 жыл өтсө да ата-энеме, бизге окуя тууралуу айтып берген жок. Өткөн жылдары ал адамга жолугууга аракет кылдым. Бирок Мирсаидов «ана-мына» деп келбей койду. Биз Мирсаитовдун да сурак беришин талап кылабыз. Жок дегенде тергөөнүн алкагында биз менен беттешсе деген ойдобуз. Биз аны айыптагандан алыспыз. Болгону келип, билген маалыматын айтып берсе жетиштүү болмок. Болбосо качкан сайын күмөн санай баштайт экенсиң. Буга чейин тергөөдө агамды өлтүрүүгө себеп болгон бир нече версиялар айтылган. Жаңы тергөөдө ошол эле маалыматтар айтылабы же башка себептер да ачыкка чыгабы - ошол негизги суроо болуп турат.

«Азаттыктын» кабарчысы Шохрух Саипов «көп маалыматтарды билет» деп айткан күбө Икбол Мирсаитов менен да байланышты. Бирок ал 12 жыл мурда болгон окуя тууралуу айтып берүүдөн баш тартты.

- Чынын айтканда, бул жөнүндө айтып берүү мен үчүн абдан кыйын. Мен эч кимди күнөөлөбөйм жана айыптабайм. Ошондуктан кечирим сурайм, башка комментарий бере албайм, - деди Мирсаитов.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кыргыз бийлигинин кылмышты ачууга кылган аракетин колдогону менен Саиповдун өлүмүнүн сыры ачыларына ишенбесин айтты:

Азиза Абдирасулова.

- Мен бул иш боюнча Алишер Саиповдун атасы ыраматылык Аваз Саипов менен көп иштештим. «Журналистти өлтүрдү» деп Лейлектин эң четки айылында жашаган, дене тарбиядан сабак берген Абдуфарид Расулов аттуу тажик жигит кармалган. Биз анын күнөөсүз экенине ишенгенбиз. Тергөө абагында отурганда барып, жолугуп турдук. Аваз Саипов ооруп жатканына карабай Бишкекке чейин келип, тиги жигиттин Жогорку соттон акталышына жардам берди. «Күнөөсүз адамдын камалышын каалабайм, чыныгы кылмышкерлер эркиндикте жүрөт» деп айтып калчу. Чынында тиги жигитти «кылмыштын бети ачылды» деп айтыш үчүн гана кармашкан. Албетте, мен Кыргызстандын органдары бул ишти ачканга аракет кылып жатканын колдойм. Бирок бул эл аралык деңгээлдеги кылмыш болгон. Ошон үчүн күнөөкөрлөр табылбайт.

Алишер Саипов көзү тирүүсүндө Кыргызстандагы жана коңшу Өзбекстандагы курч маселелерди тайманбай жазып келген. 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстанда болгон революцияны, ошол эле жылы май айында Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон кандуу окуяны жеринен чагылдырып, эл аралык басылмаларга жарыялап турган.

Буга чейин Алишер Саиповдун өлүмүнүн артында Өзбекстандын жашыруун кызматы турат деген ишенимин журналисттин кесиптештери, бир топ серепчилер айтып чыгышкан.

- Алишер менен Кыргызстанда 2005-жылы төңкөрүш болгондо бирге иштегенбиз. Ал улуттардын кыйынчылыктары, адам укуктарынын бузулушу жөнүндө көп жазчу. Ал 2007-жылы октябрда өлтүрүлдү. Бирок кылмыштын бети азыркыга чейин ачылбай келет. Биз Алишер Өзбекстандын бийлигинин курмандыгы болгон, ошолор атайын киши жалдап өлтүрткөн деп эсептейбиз. Анткени Алишердин Өзбекстандын саясий оппозициясы менен байланышы болгон. Биз үчүн Алишерге Сахаровдун ордени берилгени сыймык, ошол эле маалда бул күйүттүү. Мен маалымат каражаттарына, редакциялык жамааттарга журналисттерин жоготуп, алардын ордуна орден алууну эч качан каалайбайм, - деген 2018-жылы февраль айында Алишер Саиповго тапшырылган Сахаров атындагы сыйлыкты туугандарынын атынан алган «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү Даниил Кислов.

Дагы караңыз Журналист Саиповго Сахаров ордени берилди

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы азырынча иштин кандай негизде жанданганы боюнча расмий маалымат бере элек. ​

Ал эми медиа эксперт Марат Токоевдин айтымында, Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциация (IFEX) июнь айында кыргыз бийлигине кайрылуу жөнөткөн. Анда Алишер Саиповдун өлүмүнүн бети ушул күнгө чейин ачылбай жатканы тууралуу сөз болгон. Абройлуу бул уюмдун Кыргызстанда эки мүчөсү бар. ​

Марат Токоев Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иштин жанданышын кыргыз бийлигинин сөз эркиндигин урматтоого жасаган кадамы катары баалады.

Марат Токоев.

- Негизи журналисттерге кандай гана кол салуу болбосун, кылмыштын бети ачылышы керек. Антпесе, бул ошол өлкөдөгү сөз эркиндигине таасир этет. Өмүрүнө коркунуч туулса, ким журналист болуп иштейт? Ким курч темаларды жазат? Алишер Саиповдун ишинин кайра жанданышы - IFEXтин кайрылуусуна жооп. Биздин өлкө дүйнөлүк коомчулук алдында сөз эркиндигин урматтап, журналисттерди коргой турганын көргөзгүсү келип жатат да. Бийликтин эл аралык уюмдарын талаптарын угуп, көңүл бурганы жакшы жышаан. Мурдагы президент «эл аралык уюмдардын айтканы - бизге талап эмес» деп койбоду беле.

Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз адамдар Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Окуя эл көп жерде, кечки саат жетиде болгон.

Дагы караңыз Караан үзгөн калемдештер

Журналистти аткан эки адамдын сүрөтүн жергиликтүү адамдар чөнтөк телефонго тартып алууга үлгүрүп, аларды күбөлөр да тастыкташкан.

Расмий билдирүүдө сүрөттөгү шектүү деген адамдар Кыргызстандын жараны эмес экени да айтылган.

Ошол кездеги бийлик Саиповдун өлүмүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

2009-жылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев журналистке атылган тапанчанын ээсинин аты-жөнү такталганын, ал террордук топтун мүчөсү экенин билдирген.

Бирок 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Алишердин өлүмү үчүн шектүү катары 20 жылга соттолгон жаран күнөөсүз экени далилденген.

2012-жылы журналисттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, бир жылдан кийин иликтөө токтотулган.

Журналист Алишер Саипов «Америка добушу» радиосунда, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматында, «Фергана.ру» маалымат агенттигинде, «Демос-таймс» жана өзү негиздеген «Сиёсат» гезитинде иштеген.

26 жашында каза болгон Саиповдун артында бир кызы калган.

«Азаттыктын» архиви: Алишер Саиповдун сыры ачылбаган өлүмү. 24-октябрь, 2017-жыл.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алишер Саиповдун сыры ачылбаган өлүмү

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.