Жээнбековдун бийликтеги бир жылы

Сооронбай Жээнбеков ал кездеги командасы менен.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо жеңгенине бир жыл болду.

Саясат таануучулардын баамында, Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык президенттик мөөнөтүндө ички саясатта бир топ өзгөрүүлөр болду​.


Алгач Алмазбек Атамбаевдин колдоосу алдында өлкө башчылыкка шайланып, "анын жолунан чыкпайт" деп болжолдонгон Жээнбеков мындай сценарий менен эки айга жетпеген убакыт иштеди.

Жээнбековдун Атамбаевдин командасына алгачкы каяшасы быйыл 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында байкалса, 31-марттагы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Алмазбек Атамбаевди партия лидерлигине алып келген курултайынан соң бир командадагы эки лидердин ортосундагы ажырым ачыкка чыкты.

Мен айтпасам, ким айтат?

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жээнбеков мурдагы бийликтин учурундагы коррупцияга каршы күрөшкө ичи чыкпай турганын ачык айткан. Ал эми Атамбаев КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында Жээнбековдун акыркы билдирүүсүн сынга алган:

- Президенттин аппараты мурда талкууланган, биринчи окууда жактырылган стратегияны эмес, таптакыр башка документти киргизгенге аракет кылыптыр. Ал жерде акырындап парламенттик өлкөгө өтүү өңдүү стратегиялык жагдайлар, "Таза коомдун" негизи алынып калыптыр. Мен Сооронбай Шариповичтен "бул кандайча болуп кетти" десем, ал "аппаратыма өтө ишенип алыпмын" деди. Ушундай нерселер чындап ачуумду келтирет.


Мындан соң эки президенттин арасындагы пикир келишпестик ырбап отуруп, бир ай өтпөй Сооронбай Жээнбековдун айланасындагы дээрлик бардык "атамбаевчил" кадрлар алмашты. Алгач президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, андан соң УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан кетишти.

19-апрелде болсо Алмазбек Атамбаевдин көздөй кадры Сапар Исаков жетектеген өкмөт парламент ишеним көрсөтпөй кызматынан кетти.

Президент менен премьер-министр

​Эксперттер дал ушул кадрдык жүрүштөрдөн соң президент Сооронбай Жээнбеков өз бийлигин толук жүргүзүүгө жана программасын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алганын белгилешет.

Профессор Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, экс-президенттин кадрларынан арылууну Жээнбеков чеберчилик менен ишке ашырды:

- Чынын айтканда акыркы бир жыл мурдагы президент "мураска" калтырып кеткен көйгөйлөрдү чечүүгө, кырдаалды жөнгө салууга кетти. Алгач жооптуу кызматтагы бардык кадрлар экс-президенттин жакындары болчу. Алардын көпчүлүгү бул президентке команда катары так иштеп берүүнү анча каалаган жок. Ошолорду кызуу кандуулукка алып барбай акырындап чечип, бардык позицияны колуна алганга аракет кылды.

Бирок, эксперт айткандай, бардык кадрдык алмашуулар жаңжалсыз, тынч өткөн жок.

Маселен, Кыргызстандын эгемен тарыхында алгачкы жолу Сапар Исаковду жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны парламент ишеним көрсөтпөө аркылуу кызматтан кетирди.

Жээнбековдун кадрлары...

Атамбаевдин кадрларынан арылган Жээнбековдун кадрдык жүрүштөрүнө баам салып көрөлү. Сооронбай Жээнбеков президенттик бир жылында кызматтан кеткендердин ордуна учурдагы өлкө башчыга жакын, мурда коомчулукка анча белгисиз адамдар дайындала баштады.

Сооронбай Жээнбеков кадр саясатын туура жүргүзүү негизги максаты экенин байма-бай айтып келет. Ал тааныш-билиштигине же жакындыгына карабай, кесипкөйлүгүнө гана маани берерин бир нече жолу билдирген:

- Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кызматкерлер таза конкурс, атаандаштык аркылуу келиши абзел. Тааныш-билиштик аркылуу ишке орношууну жоюу — бул реформанын негизги максаты. Кадрларды тандоонун эң таасирдүү рычагы — мына ушул залда отургандардын колунда. Демек мамлекеттик органдарга таза, кесипкөй кадрлардын келиши да силерден көз каранды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Жээнбековдун кадрлары

Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бир жыл ичиндеги кадрларды коюуда башкы принцип Атамбаевдикинен айырмаланган жок деп эсептейт. Анын пикиринде, бүгүн негизги критерий жөндөм же билим деңгээли эмес, башкы маселе президентке жакындыгы болууда:

- Менин пикиримде, маанилүү каталардын бири - бир жыл ичинде кадрдык саясаттагы алешемдиктер болду. Президент жана анын командасы кадр тандоодогу критерийлери, саясаты, көрөгөчтүгү жоктой сезилип жатат. Мурдагыдай эле тааныштарга, жакындарга, шайлоодо кызмат кылгандарга азыркы учурда кызматтар берилип жатат.

Ошол эле кезде Сооронбай Жээнбековдун саясатындагы дагы бир өзгөчөлүк - мурда президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси бузулган топторду өзүнө имерүү аракети болду. Муну экс-президент Роза Отунбаева баш болгон мурдагы мамлекеттик жетекчилер, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, ар кандай таасирдүү жыйындарга алардын чакырылып жатышынан байкаса болот.

Эки президент

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев акыркы бир жылда Кыргызстандагы ар кыл күчтөрдүн башын кошууга шарт түзүлдү деген пикирде:

- "Бардык күчтөрдү кошуу" деп айтуу азырынча эрте. Бирок элдин башын бириктирүү, коомдогу ар кандай күчтөр, катмарлардын башын бириктирүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бирок ошол мүмкүнчүлүктүн кандай пайдаланылып жатканы көптөгөн суроолорду жаратат. Себеби көптөгөн иштер жасала элек.

Тышкы саясаттагы жүрүштөр

Сооронбай Жээнбековдун президенттик алгачкы жылындагы ишмердиги тышкы саясаттагы иш сапарлары менен эсте калды көрүнөт. Бул убакыт аралыгында президент Кытайга, Түркмөнстанга мамлекеттик сапар менен барды. Ал эми коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга жана буга чейинки бийлик учурунда ортодогу мамиле солгундап кеткен Түркияга расмий сапар, ал эми Орусияга үч ирет, Белгияга, АКШга жана Беларуска иш сапар менен барды.

Алардын ичинен эң эле кызыгуу туудуруп, көңүл бурулганы Казакстан жана Түркия менен алака-катыш болду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кескин сынынан кийин бир жарым айга созулган "соода согушу", чек аранын жабылышы жана үстөккө-босток кайым айтышуу менен коштолгон кыргыз-казак мамилеси Сооронбай Жээнбековдун казак президенти Нурсултан Назарбаев менен алгачкы жолугушуусунан соң жөнгө салынды.

Үч президент

Ал эми апрел айында өткөн Түркиядагы сапары жана август айындагы түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Бишкекке келиши менен 2016-жылдан бери мамиле солгундаган кыргыз-түрк жетекчилери ортосундагы диалог жанданды.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороев дал ушул эки өлкө менен мамиленин жанданышын президент Жээнбековдун тышкы саясаттагы негизги жетишкендиги катары баалоодо:

- 2017-жылдын аягындагы биздин турумду эске ала турган болсок, азыр бир топ жылыш байкалууда. Мисалы, Казакстан, Түркия менен мамиледе токтоп калган алакаларда жылыш байкалды. Бирок башка революциялык жетишкендикке жеттик же Кыргызстанга пайдалуу келишимдерге кол коюлду деп айта албайбыз.

Мындан сырткары, Евробиримдикке барганы, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясына катышуу президент үчүн тышкы саясаттагы маанилүү окуялардан болуп калды.

Убадалар жана убаралар...

Шайлоо маалында Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайланса коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө убада берген эле. Жада калса анда 35 коррупционердин тизмеси бар экенин айтып, аларды жазага тартарын эскерткен.

Абактагы саясатчылар

Акыркы бир жылда коррупция менен күрөш алкагында камакка алынгандар негизинен Бишкек ЖЭБинин айланасындагы чырга катышы бар адамдар болду.

Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Осмонбек Артыкбаев сыяктуу КСДПнын белдүү өкүлдөрү камакка алынды. Аларга карата Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланыштуу айып коюлду.

Дегеле Сооронбай Жээнбековдун президенттик бир жылындагы негизги чуулгандуу окуя Бишкек ЖЭБиндеги авария, андагы жемкордук фактыларынын ашкерелениши болду. Эксперттер бул окуя Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу чакырыгына үндөш келип, кечээки өнөгү, бүгүнкү саясий атаандашына айланган Атамбаевдин командасынын үстүнөн упай топтоого жол ачканын белгилешет.


Профессор Алмазбек Акматалиев президент коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүдө колунан келишинче аракет кылып жатканын айтат:

- Кыргызстанда негизи эле күрөшүү оңой эмес. Бирок бул багытта президент мырза өзүнүн чечкиндүү ниети бар экенин көрсөттү. Бул жалпы ички саясаттагы башка кадамдарга да өз таасирин тийгизип жатат.

Бирок ошол эле учурда бажы тармагындагы жемкордукка байланыштуу чара көрүлбөгөнү, бир нече оор айып тагылган мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткени коомчулукта "коррупция менен күрөш тандалма мүнөздө жүрүп жатат" деген өңдүү көп талкууларды жаратты.

Ишкер, экономист Эмил Үмөталиев президенттин саясий чөйрө жана коомчулук алдындагы кадыр-баркы жана иши коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгынан көз каранды экенин белгилейт:

- Саясий коррупция, контрабандалык коррупция, административдик ресурс коррупциясына каршы күрөш жүрөбү деген күтүү бар. Бирок бул ишке ашабы, ашпайбы, жетиштүүбү же жетиштүү эмеспи - азырынча белгисиз. Күтүү нааразылыкка айлана элек. Убакыттын өтүшү менен үмүттөр акталбай калса, эл арасында нааразылыкка, көңүл калууга айланышы мүмкүн.

Президент коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражатты бирдиктүү эсепке топтоону уюштурду. Бул жаңычылдык катары көрүнгөнү менен азырынча кандай майнап чыгары белгисиз.

Буга кошумча президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап, элетти өнүктүрүү негизги ураанга айланды. Бирок бир катар адистердин баамында, бул ураандын артында конкреттүү иш же жыйынтык көрүнө элек.

Президенттин шайлоо алдындагы убадаларынын бири аймактарды таза суу менен камсыздоону жапырт жүргүзүү болгон. Калкты таза суу менен камсыз кылуучу “Ала-Тоо булагы” долбоорунун алкагында быйыл жыл башынан бери бир гана айыл ичүүчү суу менен камсыз болгон. Программа боюнча январь-декабрь айларында 18 айылга суу киргизүү пландалган. Азыр калган айылдарда иш толук аягына чыкпай токтоп турат. Буга Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде (АРИС) түзүлгөн абал жана ошого байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк банк каржылоосун токтотуп турганы себеп болгону айтылды.

Жээнбековго коюлган "дооматтар"

Сооронбай Жээнбеков башкарган биринчи жылда анын дарегине айтылган дооматтардын бири - сот реформасы ишке ашпай, экономикадагы абалдын чеке жылытпаганы, "Коопсуз шаар" сыяктуу долбоорлордун токтоп турганы болуп калды.

Эрк бар, каражат табылат.

Мыйзам боюнча президент экономикага жана сот бийлигине киришүүгө акысы жок. Бирок өлкөдөгү эл тарабынан шайланып, өкмөттү бекитүүгө укугу бар болгондуктан мындай кемчиликтер үчүн өлкө башчысына да суроо коюлушу мүмкүн.

Сооронбай Жээнбеков өзү сот реформасын ишке ашыруу үчүн эрки жетерин билдирип келет.

- Айрым судьялар "сот реформасы үчүн эрк керек, каражат керек" деп жатышат. Бизде эрк бар, каражат да табылат. Андан соң кандай болорун көрөбүз, - деген эле ал жыйындардын биринде.


Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, коомчулукта азыркы президентке карата батыл реформаларды ишке ашырбаганы үчүн бир катар дооматтар айтылып жатат:

- Фундаменталдуу же көрүнүктүү өзгөрүүгө алып келчү, мамлекетти башка нукка бурчу, эл каалаган, коом каалаган бир да реформа баштала элек. Сот мурда кандай болсо, ошондой. Мурда Атамбаевге кызмат кылса, учурда Жээнбековго кызмат кылууда. Укук коргоо органдарынын абалы деле ушундай. Өкмөт менен парламент мурда Атамбаевге кызмат кылып, кошомат кылса, азыр эч өзгөргөн жок.

Мен тааныбаган "туугандар" көбөйдү.

Ошону менен бирге эле учурдагы президентке карата экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери тарабынан "үй-бүлөлүк башкарууга жол ачышы мүмкүн" деген дооматтар айтыла калып жүрөт. КСДПнын саясий кеңеши бул туурасында бир нече жолу билдирүү таратты. Буга себеп катары президенттин бир нече жакын тууганы жогорку мамлекеттик бийликти ээлеп турганы айтылууда.

Президент Жээнбеков өзүнө карата дооматтарды четке кагып, эч качан үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын айтты:

- Атайылап "Жээнбеков Бакиев болуп калды, бир туугандары бийлеп, тейлеп жатат" деп айтып жатышат. Мен эч кимди кийлигиштирбейм, билип калсам ага катуу чара көрөм. Аны баары билет. Бирок менде азыр мен тааныбаган "тууган", "дос" көбөйдү, ар жерден чыгып жатышат. Ооруканага, ал жак, бул жакка барып, "тууганы болом" деп кызматка тургандар көбөйүптүр. "Мен айтпайм дагы, ошентип айтса андай шылуундарды камагыла" деп жатам. Мурдагы президенттердин тажрыйбасы мага чоң сабак. Менин бир уул, бир кызым бар. Уулум 4-класста окуйт. Ал Максим Бакиевдей болгончо мен кызматтан кетем. Менин максатын - президенттикти жакшы тапшырып, эл менен аралашып жүрүү.


"Сереп" изилдөө борборунун директору Искендер Ормон уулу мындай сөздөрдүн алдын-алып, көзөмөлдү күчөтпөсө кесепети оор болорун эскертет:

- Азырынча "бир туугандарымды ишиме аралаштырбайм, мурдагы президенттердин тагдыры мага сабак" деп айтып жатат. Эми аны убакыт көрсөтөт. Бирок мурдагы президенттин айланасындагылар, "экономикадагы абал эмне болуп кетет, батыл реформалар качан башталат" деп күмөн санап тургандар бар. Эгер кайсы бир шектүү жагдай жаралса, президент үчүн кыйын болот.

Ошол эле маалда президентке байланыштуу дагы бир жагдай - анын мечиттер менен мектептердин санын салыштырган билдирүүсү болду.

Бишкектеги "Имам Сарахси" мечитинин ачылышында президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө көптөн бери айтылып келген мектептер менен мечиттердин саны боюнча салыштырууга өз пикирин билдирди. Президент муну жакшы көрүнүш катары баалап, бирок бул багытта көзөмөл керек экенин айткан.

Бул билдирүү социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында талкууларга жол ачты.

"Жөнөкөй жетекчи"...

Жээнбековдун командасы аны эл арасынан чыккан жөнөкөй жетекчи катары көрсөтүүгө умтулууда. Бул жагынан ал өзү да бир жыл бою дал ушундай позицияны карманууга аракет кылды. Эксперттердин пикиринде, Жээнбековдүн иштөө стили, кулк-мүнөзү ошого төп келет.

Аскер тамагы

Саясат таануучу Искендер Ормон уулу бул образды конкреттүү жыйынтыктар менен бекемдей турчу учур келгенин белгиледи:

- Президент элден чыккан, элге жакын экенин көрсөткүсү келип жатат. Ага далил катары айрым учурда эл менен кошо учакка отуруп, саякат кылышы, өзүнүн жеке иштери менен мамлекеттик иштерди аралаштырбаганга аракет кылышы жөнөкөй жарандардын жүрөгүн кайсы бир деңгээлде жылытат. Бирок биз буга чейин да көрүп келгендей, мунун баары өтө уюшулуп, атайын даярдыктын негизинде жүрүп жатат. Муну бир-эки жолу көрсөтпөй, негизги системага айлантмайынча андан майнап чыгышы кыйын.

Чынында эле айрым адистер Жээнбековго бир жыл ичинде берилген ишеним акырындап азайып баратканын белгилешет. Эксперт Сейтек Качкынбай президент үчүн кийинки жыл анын дараметин аныктоочу жыл болот деп эсептейт:

- Стратегиялык, өлкөнүн келечегин өстүрчү, өнүктүрчү демилге көтөрүп, "ушуга түшсөк биз өнүгөбүз" деп айта элек. Туура, бир нече кишини камап койду. Бирок бул картасы түгөнүп баратат. Экономикалык көрсөткүчтөр начарлап баратат. Акыркы учурда өндүрүш 4,7 пайызга төмөндөптүр. Мунун баары Жээнбековдун жоопкерчилигиндеги иштер болот.

Ал эми коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев негизгиси - президент элдин ишенимин жоготпошу керек деген пикирде:

- Жээнбековдун алдында турган эң чоң кооптонуу - дем, энергетика, демилге жетишпей калышы болот. Андыктан азыр башталган өзгөрүүгө үмүт чабал болуп, элдин ишеними жоголушу мүмкүн. Буга жол бербеш керек.

Учурда Сооронбай Жээнбековдун бийлиги негизги атаандашы катары мурдагы өнөгү Алмазбек Атамбаевди кабыл алууда. Бир катар саясий күчтөр ачык позициясын билдирбей, дымып турушат. Алардын арасында учурда абакта отурган Өмүрбек Текебаев, президенттик шайлоодо атаандаш болгон бир нече саясатчылар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.