Жээнбеков: Бийлик алгач кризисти чечсин

Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси жакын арада парламентке сунушталат. Өткөн апта соңунда эки жума мурун узартылган коомдук талкуунун мөөнөтү аяктады.

Бирок Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан оппозиция жана жарандык активисттер бул маселе коомдо кеңири талкууланган жок деп сындап жатышат. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бул маселенин тегерегинде "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Баш мыйзамды өзгөртүү маселесин көтөрүп чыккан парламенттеги фракциялар жакын арада Жогорку Кеңешке ага киргизилген оңдоп-түзөөлөрдүн акыркы вариантын сунуштайт. Эки жумага узартылган талкуу кандай өттү?

Бийлик мамлекеттеги социалдык, экономикалык кризисти чечсин. Биз акыркы жылдары бир эле дүйнөлүк саясатта эмес регионалдык саясатта дагы изоляцияга түштүк.

Равшан Жээнбеков: Карапайым жарандар тургай, Бишкекте жашаган саясатчылар интернеттен Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин сайтынан издегенге аракет кылдык. Тилекке каршы ал жерден таба албадык. Анткени, толуктоолор бул сайтта илинген жок.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов интернетте илинип турат, дүйнөлүк желе аркылуу талкуулабайсыңарбы деп айтып жатат. Мындан улам изилдөөлөргө токтоло кетейин. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 25 пайызы гана интернет менен камсыз болгон. Бир катар мектептерде да интернет бар. Андыктан 80 пайыз эл катышпаган талкууну талкуу деп айтууга болбойт. Бирок азыркы бийликтин негизги саясаты ушундай болуп калды. Эмне кылсаңар ошону кылгыла, биз каалаганыбызды жасай беребиз деген саясат менен баратат.

"Азаттык": Бийликтеги партиялар Баш мыйзам боюнча долбоордун биринчи вариантынан баш тартып, бир катар беренелерди өзгөрткөнүн белгилешүүдө. Маселен, Баш мыйзамдын биринчи беренесинде сунушталган өзгөртүүлөрдөн толук баш тарттык дешти. Бул багытта сиздер кандай позицияны карманып жатасыздар?

Равшан Жээнбеков: Биз башынан эле бир позицияны карманып келгенбиз, бийлик сунуштаган өзгөртүүлөр менен макул эмеспиз. Биздин негизги урааныбыз башынан эле референдумга каршы. Баш мыйзам өзгөрбөшү керек. Андан көрө бийлик мамлекеттеги социалдык, экономикалык кризисти чечсин. Биз акыркы жылдары бир эле дүйнөлүк саясатта эмес регионалдык саясатта дагы изоляцияга түштүк.

Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан өңдүү жакынкы кошуналарыбыз бизди тааныбай калды. Мамлекеттик бюджетте аябагандай чоң кризис пайда болууда. Кыргызстандын товарлары сыртка чыкпай, экономика болуп көрбөгөндөй каатчылыкка кабылды. Бийлик Баш мыйзамды өзгөрткөндөн көрө элдин кыйынчылыктарын чечкенге умтулсун.

"Азаттык": Премер-министрдин бийлигин бекемдөө жана анын кызматтан бошотуу маселесине келгенде сунушталган өзгөртүүлөр ошол бойдон калып жатканы сынга кабылды. Муну себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Ушул өзгөрүүлөр аркылуу президент жана анын жанындагылар бийликти кармап калууга аракеттенип жатат.

Равшан Жээнбеков: Биз үчүн премьер-министрди көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан алабы же жокпу деген арзыбаган нерсе. 25 жыл ичинде президенттер өз бийлигин сактап калуу гана максатында Баш мыйзамды сегиз жолу өзгөртүп, сегиз жолу референдум өткөргөн.

"Азаттык": Президент премер-министр кызматына келүү максатын көздөп жатат деген пикирлер эл арасында көп айтыла баштады. Суроо ушул өңүттө болчу.

Равшан Жээнбеков: Бул аракет эч кандай өзгөрүүгө алып келбейт. Мамлекет ийгиликке жетпейт. Ошондуктан бийликке кайра президент келеби же болбосо жакындарын алып келеби дегенди боолгоп айтуу азырынча эрте. Бирок ушул өзгөрүүлөр аркылуу президент жана анын жанындагылар бийликти кармап калууга аракеттенип жатат.

"Азаттык": Бийлик каршылыктарга карабай референдум өткөрөт деген ойдосузбу?

Равшан Жээнбеков: Жалпы элдик референдумдун качан болорун так айтуу кыйын. Менимче, булар күчкө салып туруп октябрдын аягында же ноябрдын орто ченинде, кышка таяп өткөрөт. Анткени, суук түшүп калганда эл нааразылык чыгара албайт деген саясатка басым жасашы мүмкүн.