Ошол эле учурда коомдук талкуу жетиштүү деңгээлде өтпөгөнү, жайында түрдүү себептен улам эл бул маселеге көңүл бурбай калганы айтылып келет. Буга байланыштуу “Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиеваны кепке тарттык.
"Азаттык": Гүлгаакы айым, мына референдум аркылуу өзгөртүлөрү күтүлүп жаткан Баш мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү бүттү. Ушул учурда долбоор менен эл канчалык тааныша алды? Маалымат алып, талкуулай алыштыбы?
Мамасалиева: Элде маалымат жок. Талкуу калың катмар арасында жүргүзүлгөн жок деп айтсак болот. Дегеле, талкуунун өзү жайкы убакытка коюлду. Ал мезгилде баары: аткаминерлер, парламент депутаттары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жайкы каникулда жүрүштү. Эл арасында түшүндүрмө бергендер ошолор да. Экинчиден, август ичинде эл балдарын окууга даярдап, чөп-чабык, жыйым-терим менен алек болот. Баш мыйзам маселеси менен иши да болгон жок. Сентябрга жылдырганы менен бийликтегилердин баары Көчмөндөр оюндарын көргөнү кетишти да. Мисалы, шаар мэриясынын аппараты же башка администрация өкүлдөрү ошол жакта болушту.
август ичинде эл балдарын окууга даярдоо, чөп-чабык, жыйым-терим менен алек болот. Баш мыйзам маселеси менен иши да болгон жок. Сентябрга жылдырганы менен бийликтегилердин баары Көчмөндөр оюндарын көргөнү кетишти да.
"Азаттык": Ошол өзгөртүүнү демилгелеп чыккандарды аймактардан көрүп аттыңарбы? Алар эл менен жолугушуп атыштыбы? КСДП лидери Иса Өмүркулов аймактарды кыдырдык деди, калган демилгечилер кайда жүргөнүн уккан да, көргөн да жокпуз.
Мамасалиева: Аймактарды кыдырганын көргөнүм жок. КСДПдан Жанар Акаев Ошко келип, жаштардын өнүгүү программасын талкуулап кетти. Конституция жөнүндө бир ооз да сөз болгон жок. Бизге окшогон активдүү жарандар кулак түрүп эле отурат. Качан келет деп суроолорубузду да камдап койгонбуз.
Депутаттардын кыдырып атабыз дегени жалган. Алар коомдук угуу дегенди жакшы билишет. Парламенттик комитеттердин көчмө жыйындарын өткөрүп эле жүрүшөт го. Андайларда ар бир депутаттын пиар кылчу адистери бар. Эгер чындап эл менен жолугушканда ошол адистери жарыялап чыкпайт беле. Коомдук угуунун форматын, регламентин жакшы билишет. Сайтка илип коюп эле коомчулукка айттык дегени бир тараптуу гана коммуникация. Ал эки тараптуу болушу үчүн чечмелеп бериши керек, анан элден сураш керек. Коомдук талкуунун маңызы ошол. Маселен он өзгөрүү сунушталып жаткан болсо эл мунусуна макулбуз, мунусуна каршыбыз деп, оюн айтмак да?..
"Азаттык": Коомдук уюмдар менен талкууландыбы? Мисалы, Оштогу коомдук уюмдар катыштыбы?
Университеттердин мугалимдерин, политологдорду, юрфактардагы чыгаан юристтерди чакырдык. Алар бийликтен коркуп келишкен жок.
Мамасалиева: Жок. Оштогу коомдук уюмдар менен талкуулашкан жок. Бишкектегилер катышты. Аны көрдүңүз. Бишкекте коомдук уюмдардын оозун жабышты го. Сүйлөтпөй, дискриминация кылып атпайбы.
"Азаттык": Ошол эле учурда элдин кызыгуусу кандай болду? Балким эл өзү кызыкпай жаткандыр?
Мамасалиева: Албетте, биринчиден, саясатка кызыккандар же кызыкпагандар бар. Экинчиден, университеттердин мугалимдерин, политологдорду, юрфактардагы чыгаан юристтерди чакырдык. Алар бийликтен коркуп келишкен жок. Алар туура өзгөртүүлөр кереги жок, бирок бизди аралаштырбай эле койгулачы, оюбузду ачык айтпай эле коелу дешти. Иштен айдайт деп коркуп, врачтар да келген жок мисалы. Түшүнгөндөр ушинтип айта албай жатышат. Карапайым адамдар түшүнүшү үчүн алардын арасына барыш керек да.
"Азаттык": Ошол эле учурда өзгөртүүгө каршы болгон күчтөр эл менен жолугушуп, өз аргументтерин элге жеткириштиби?
Мамасалиева: Каршы тараптар деле жолугушкан жок. Алар деле өз оюн интернет аркылуу айтып, элдер топтолгон жерге барып коюп атышат. Мисалы, Бишкектеги жыйындарга барышты. Алардын аймактарга чыкканга мүмкүнчүлүк, убактысы болбой жатабы билбейм. Биз ошол бейөкмөт уюмдар элдер суранган учурда түшүндүрмө берип атабыз.
"Азаттык": Бийлик буга чейин болуп көрбөгөндөй маалымат жетип атат, эл таанышып атат деп атпайбы. Сиз он жылдан ашуун убакыттан бери укук коргоо жаатында, коомчулук менен иштешип келе жатасыз. Мурункуларга салыштырганда кандай болду?
Мамасалиева: Бир да маалымат жеткен жок. Мисалы, биз Көчмөндөр оюндары боюнча чынында көп маалымат алдык. Ага даярдык, анын жарнамасы боюнча. 2010-жылдагы референдум менен салыштыра келгенде деле анда талкуу бир ай жүргөн. Аймактарда, Кыргызстандын булуң-бурчунда болгон. Азыркыларда убакыт болгон жок деп айтуу кыйын да. Июлдун аягынан баштап, эки айга жакын убакытта булар былк эткен жок.