Жалал-Абаддагы кыйноонун карааны

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы облустук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлеринин үстүнөн Жазык кодексинин «Кыйноо» беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, реестрге каттап, УКМКга тергөөгө өткөргөн.

Баңгизат сатууга шектүү катары кармалган Токтогул районунун мурда соттолгон тургуну тергөө учурунда кыйноого кабылган деп табылып, тиешелүү органдын кызматкерлерине аны жашырууга аракет кылган деген айып коюлуп жатат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну Абжал Нурбековду «100 миң сомго баңгизат сатып жаткан» деген шек менен 1-апрелде камакка алышкан. Сузактагы убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган кылмышка шектүү 3-апрелде апасына телефон аркылуу видео кайрылуу жиберип, анда милиция кызматкерлери кылмышты кыйнап мойнуна алдырганын айткан:

«Апа, мен бул ишти жасаган эмесмин. Мени кыйнап, токмоктоп, тергөөдө башыма целлофан кийгизип, «өлтүрөбүз» дешкени үчүн мойнума алдым. Мына, денемдеги бул көгала тактар темир буюмдар менен урулган. Денемдин ооруганынан үч күндөн бери заара кыла элекмин, апа. Мени кечирип коюңуз, апа, баарын тергөөчүлөр өздөрү уюштурушкан».

Алишер Эргешов кылмышка шектүүнү карап жатат.

Шектүүнүн апасы Гүлмира Шакирова «WatsApp» аркылуу келген билдирүүнүн негизинде прокуратурага, укук коргоочуларга кайрылган:

«Абжал ошол түнү үйдө досу менен калган болчу. Эртең менен баламды бөлмөсүнөн таппай калдым. Таңында эки милиционер келип, каршы болгонубузга карабай үйдү тинтип, балам кармалганын билдиришти. Анан телефон аркылуу Абжал менен сүйлөштүрүштү. Ошондо ал мага 100 миң сом кайда турганын айтып, «орган кызматкерлерине берип коюңуз» деди. Кийин сураштырсак ал акча ошол түнү баламды сыртка чакырып кеткен, ИИМдин академиясында бирге окуган курсанттын акчасы экен. Ал досу «машине сатып алганга чейин сактап турчу» деп балама бериптир. Токтогулдан кармаган баламды жолдо Замир, Акыл, Максат аттуу оперлер темир буюмдар менен катуу уруп, жолду катар токмоктоп барышыптыр».

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун облустагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алишер Эргешов да кылмышка шектүүнү кармоодо мыйзам бузулганын айтты:

Алишер Эргешов.

«Биз ал жигитти текшерип, денесиндеги токмоктон улам пайда болгон издерди көрдүк. Ал кыйноого кабылганын айтып берди. Бизге дагы бир жагдай кызык болуп турат. Нурбеков Абжал Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен бөгөт чарасы катары камакка алуу тандалып, «шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалсын» деп өкүм чыгарылган. Бирок ал эч кандай соттун чечими жок эле Сузактагы убактылуу кармоочу жайда кармалып турган. Баш мыйзамда даана көрсөтүлгөн - ар бир адам өз алдынча кармалбай, соттун гана чечими негиздүү боло алат. Бул мыйзам бузуу боюнча да биздин борбор Сузак райондук прокуратурасына кайрылган, азырынча жооп келе элек».

Кылмышка шектүүнүн апасы Шакированын кайрылуусунун жана Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун корутундуларынын негизинде облустук прокуратура 4-апрелде бул факт боюнча иш козгоп, ал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Факт Жазык кодексинин «Кыйноо» беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ишти тергөө УКМКга өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу облустук прокуратура кабарлады.

Нурбеков учурда шаардык убактылуу кармоочу абакка кайтарылып, медициналык жардам алып жатат. Ага юридикалык жактан жардам берип жаткан «Справедливость» укук коргоо уюму анын ден соолугуна байланыштуу медициналык кароону жүргүзгөн дарыгерлер фактыларды жашырып койгон деген пикирде. Уюмдун юристи Нурислам Раимжанов буларга токтолду:

Нурислам Раимжанов.

«Биз Нурбековду облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кыйнаган деп эсептейбиз. Тергөөдөн соң аны убактылуу кармоочу жайга алып кирерде облустук оорукананын дарыгерлери «Денесинде эч кандай жаракаты жок» деген тактама беришкен. Бирок биз териштирип көргөндө ал тактама чындыкка дал келбегени аныкталды. Анткени Саламаттык сактоо министрлиги 2017-жылы чыгарган №584 буйругуна ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилип жаткан адамга атайын кароонун бланкы бекитилген. Бирок дарыгерлер Нурбековду текшерүүдөн толук өткөрбөй туруп бир барак эле тактама берип коюшкан. Медициналык кароодон өтүүгө ыкчам кызматкерлер катышпайт, бирок алар кылмышка шектүүнүн жанында турушкан. Ошондуктан биз материалдарды чогултуп, дарыгерге чара көрүүүнү өтүнүп, тийиштүү органдарга кайрылдык. Эки күндөн кийин Нурбековду Сузактагы убактылуу кармоочу жайга которгондо ал жактагы дарыгерлер денесинде жаракат бар экенин аныкташкан. «Анда ал жигит кайсы жерде токмоктолгон?» деген суроо ачык бойдон калууда. ИИМ «Нурбеков кылмыштан качуу максатында ушул кадамга барууда» деп жатат. Кандай кылмыш кылса, ошого жараша жазасын ала берсин, бирок милицияда кыйноого кабылбашы керек болчу».

26 жаштагы Абжал Нурбеков ИИМдин академиясында билим алып, 3-курстан кийин окуусун толук аяктай албай калган. Ал Бишкек шаарында куруучу болуп иштечү. Облустук милициянын маалыматына караганда ал 2017-жылы уурулук жана документтерди жок кылуу үчүн айыпталып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Жаза мөөнөтүн Бишкектеги №32 жатак абакта өтөп жаткан.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору Нурдин Жээнтаев кыйноо фактысы болбогонун билдирди:

Нурдин Жээнтаев.

«Нурбеков Абжал тууралуу ушул жылдын 28-февралында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлерине ыкчам маалымат келип түшкөн. Анда «Нусу деген адам нашаа чегип, сатып жүрөт» деген маалымат берилген. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, 100 миң сомдун баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалды. Буга чейин да бул адам 10 миң сом баңгизат сатканы айтылган. Биологиялык экспертизанын натыйжасында алынган зат 1,7 кг нашаа экендиги аныкталган. Кармоо жана тергөө учурунда кылмышка шектүүгө карата күч колдонулган эмес. Тергөөгө жактоочусу да катышкан. Убактылуу кармоочу жайга киргизерде дарыгерлердин кароосунан өткөн. Учурда ИВСтин ичинен тартылган видео материалды жана «кыйноо болду» деген версияларды ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирип жатат».

Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борборго былтыр 123 арыз түшкөн. Анын ичинен 113ү милиция кызматкерлерине, жетөө УКМК кызматкерлерине, калган үчөө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК), прокуратурага жана дарыгерлерге байланыштуу болгон. Укук коргоочулар кыйноонун көбү кылмышка шектүү катары кармалгандардын мойнуна күнөө коюш үчүн жасалып жатканын белгилешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.