Элеттиктердин эң алды айылдан коопсуз жайга конуш которо баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жер көчкү коркунучу башка аймактарда да сезиле баштаганын айтып, тийиштүү тараптарга адам өмүрүн сактоо боюнча эскертүүлөрдү берип жатат.
Акырындык менен жылган жер көчкү Рашид Бышаковдун үйүнө жакындап калды. Ал арада үй-бүлө мүчөлөрү турак жайындагы акыркы буюмдарын жыйнап, көчүүгө камынып жатышат.
60 сотых жерди байырлаган ата конушун таштап кетүү Рашид үчүн кыйын болсо да, үй-бүлөсүнүн өмүрү үчүн көчүүгө аргасыз.
- Көчкү жүрө баштаганына үч күндөй болуп калды. Акыркы күндөн бери анын жылуусу тездеп жатат. Биздин үйгө 15 метр жакындап калды. Буга чейин башка жактан жер тилкесин алып, там салып койгонбуз. Бул жерге мал үчүн келип кыштачу элек. Чоң атам ушул жерде жашаган. Бак-шактуу, жайыты кенен жер болчу. Көчпөскө аргабыз жок.
Тоо боорунан бери жылып келе жаткан жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 40 млн куб метр экендиги айтылууда. Мындан улам айылдагы 16 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүүгө муктаж. 6-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери көчө турган үй-бүлөлөрдү тактап чыгышты. Министрликтин облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов буларга токтолду.
- Айылда жер көчкү коркунучу 1990-жылдары пайда болгон. 1994-жылы биздин мониторинг кызматынын атайын тизмесине алынып, элди көчүрүү талабы коюлган. Быйыл кыш жаан-чачындуу болуп, жер титирегенге байланыштуу бул жерде көчкүнүн активдешкени байкалат. Учурда 16 үй-бүлөнү кооптуу аймактан көчүрүү керек. Булардын көпчүлүгүнө кезегинде көчкү тууралуу айтылган, башка жактан жер тилкелери берилген. Азыр жергиликтүү бийлик менен бул багытта сүйлөшүп жатабыз.
Көчкү коркунучунда калган айылга 6-январда өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Ал тургундарды коопсуз жайга көчүрүүгө аракеттенерин, мамлекет жардам берерин айтты. Ал эми жардам алган үй-бүлөлөрдөн коопсуз жакка көчүп кетүүсүн суранды.
- Убагында жардам алгандар туура түшүнүп, мыйзамды сыйлап, бул жерден көчүп кетсеңиздер. Ал эми калган жарандарды мамлекет көчөдө калтырбайт. Кыштын күнүндө бирөөнүн үйүнө батуу кыйын, аны да туура түшүнөбүз. Мен өзүм баш болуп жеринен көрүп кетейин деп келдим. Ушул жердеги бардык тийиштүү адистер үч-төрт күн ичинде кандай чара көрүү керектигин айтсаңар. Мен ошого жараша өкмөткө маселе коем. Силерге сөзсүз түрдө тийиштүү жардам берилет.
Бирок айыл тургундары жергиликтүү бийликтин сөзүнө канааттанган жок. Айыл аксакалы Нурхалик Нарбаев айылга жер тилкесин бөлүү маселесин көтөрдү.
- Жолдун бул тарабындагы турак жайлар эмне болот? Анда согуштун жана эмгектин ардагерлери, чал-кемпирлер жашайт. Ушул маселени мурда эле чечүү керек болчу, жер жылып баштаганда келбей. Жыл сайын айыл өкмөт көчкүлө деп айтат, кээ бирлери көчүп кеткени менен кайра келип жатышат. Ушул маселени тезирээк чечүү керек. Мына көчкүнүн келе жатканын өзүнөр көрдүңөр.
Адистердин айтымында, жаан-чачындын көп жаашы жана жер титирөөлөрдүн арбын орун алышы жер көчкүнүн пайда болуусун шартоодо. Мындан улам Сузактын Кызыл-Кыя жана Алмалуу-Булак айылдарында да жер көчкүнүн активдешкени байкалат. Буга байланыштуу тез арада калктын өмүрүн сактоо максатында жергиликтүү бийликке тапшырма берилди.
Жалал-Абад облусунун аймагында 1700дөн ашык үй-бүлө учурда кооптуу деп саналган аймакта жашайт. Былтыр жазында Алмалуу-Булак айылында жер көчкү жүрүп, мектеп окуучусун басып калган. Өкмөт тарабынан өз убагында коопсуз жайдан жер тилкеси бөлүнүп берилбеген соң ал жердеги 150 үй-бүлө ушул жылдын апрелине чейин кайрадан кооптуу аймакта кала беришти. Адистер болсо алдын ала быйыл жазында жаратылыш кырсыктары жылдагыдан арбын орун алышы мүмкүндүгүн эскертишет.